ТИРИЧИЛИК ТЕХНИКАЛАРЫНЫН ЖАҢЫ МУУНУ

Жыл сайын ойлоп табуучулар адам баласынын жашоосун жеңилдеткен же болбосо кызыгуусун арттырган жаңы буюмдарды чыгарып келишет. Лас-Вегаста өткөн CES-2023 тиричилик техникаларынын кезектеги көргөзмөсүндө техникалардын жаңы мууну коюлду.

Зымсыз сыналгы

Америкалык өндүрүүчүлөргө таандык Displace TV сыналгысынын салмагы 9 килограмм. 140 сантиметрлик OLED-экран. Дисплей зымсыз корпус менен капталган. Сыналгы ичине орнотулган 4 аккумулятордун эсебинен иштейт. Аккумулятордун баары 100 пайыз кубатталып турган сыналгы үзгүлтүксүз 8 күн иштейт. Ал эми күнүнө 6 сааттан иштейт деп эсептесек, анда бир айга чейин кубаттабай эле көрө берсе болот. Баш-аягы аккумуляторлордун 100 пайыз кубаты 180 саатка жетет. Жакшы жагы, аккумуляторлорду баарын бир учурда эмес, кезеги менен алып кубаттап турса болот. Иштеп жаткан сыналгыдан деле бир аккумуляторду чыгарып кетсе иштей берет. Көтөргөнгө жеңил, ар кайсы бөлмөгө алып барыш үчүн атайын кармагычтары бар. Сыналгынын аркасында тамга чаптап коё тургандай атайын вакуумдук жабыштыргыч (присоска) орнотулган. Бирок бул жабыштыргыч да аккумулятордун эсебинен иштейт, эгер кубат түгөнсө сыналгы чапталып турган жеринен кулап кетиши мүмкүн. Displace TV’нын баасы 3 миң доллар, сатыкка ушул жылдын декабрь айында чыгат дешет өндүрүүчүлөр.

3D-ноутбук

Буга чейин деле 3D-экран жөнүндө түшүнүгүбүз бар. ASUS компаниясы 3D-экрандарды кино көрүү же оюн ойноодо эле эмес, чоң долбоорлорду кароодо, архитектуралык дизайндарды жаратууда да колдонууну сунуштап жатат. Мисалы, ASUS Vivobook Pro 16X 3D OLED ноутбугу менен атайын көз айнектин жардамы жок эле 3D-эффект менен иштесе болот. 3D-эффект ноутбукка орнотулган атайын камеранын жардамы менен ишке ашат. Камера көздүн абалын аныктап, ага сүрөттү жалпак, үч өлчөмдүү кылып көрсөтөт. Башкача айтканда, камера мээни алдайт дешет. Ноутбуктун канчалык ыңгайлуу жана суроо-талапка ээ болору белгисиз. Анткени алдыда аны иллюстратор, дизайнер, оператор-монтажчы, архитекторлордун сынынан өткөрүү тапшырмасы турат. Аппараттын баасы да азырынча белгисиз, бирок эксперттер 1,5 миң доллардан кем эмес дешүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1070, 9-15-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан