Альбина Имашова, актриса: “АПАМ БИЗДИ БОШ ОТУРГУЗЧУ ЭМЕС, АЗЫР ОШОНУН ПАЙДАСЫ ТИЙИП ЖАТАТ”

“Жайдыр, кыштыр жайлоо жыттуу илеби,

Баласында бардык ою-тилеги.

Билбей жүрөм кандай заттан бүттү экен

Бизди тууган энелердин жүрөгү?..”

Байдылда Сарногоевдин ыр саптарында айтылгандай, эне ыйык жана бийик. Бул жолу белгилүү актриса Альбина Имашова апасы тууралуу баяндайт.

“Апамдын китепканачы болгону бизге китепти сүйгөнгө үйрөттү”

– Апам 1957-жылкы, кесиби боюнча китепканачы, өмүр бою китепканада иштеди. Биз китепканада эле чоңойдук. “Балдарымды кимге таштаарымды билбей калганда өзүм отурган столдун астына отургузуп койчумун. Анан директордон тил угат элем” деп калат. Чоңоюп, мектепте окуп калганда да китепканадан чыкчу эмеспиз. Жаңы китеп, жаңы гезит келери менен алып окучубуз. Апамдын китепканачы болгону бизге китепти сүйгөнгө, баалаганга, барктаганга үйрөттү. Үйдө да китептер көп эле, атам да көп окучу.

Апам аябай шайыр киши, чукугандай сөз таап сүйлөгөн сөзмөр, жакшы ырдайт. Анысын билгендер азыр деле той-топурларда “Шайгүл ырдасын” деп калышат. Атам да отуруш-кечелерде “Шайгүл ырдайт” дей берчү, апам “койчу айланайын, кишини уялтып бүттүң” десе деле болбой “сен ырдашың керек” дей берер эле. Апам негизи дээринен чыгармачыл адам окшойт, ошол өнөрү мага өтсө керек.

Кичинемде бала бакчага барчумун да. “Бала бакчага жакшынакай кылып алып барам, кечинде эле шалактатып соолуган кызды көтөрүп келчүмүн. Анан үйдөн өзүм аластап, киренелеп койсом жакшынакай болуп ойноп калчусуң” деп калат. Мага көп кирене кирчү экен.

Таятам чабан киши болгон, апам кичинесинде эркектей болгон кыз экен, мал карап чоңоюптур. Апамдын ичеги-карын артканын айтпай эле коёюн, малды кээ бир эркектерден жакшы соёт, бат эле устукандайт.

“Айлык албаса деле жумушка бара берчү”

– Апам тартипке бекем, атам андан өткөн бекем эле. Балабыз да, көчөгө ойноп кетип калабыз, анан үй иштери жасалбай калат. Жумуштан келатканын тээ алыстан көрүп тим эле шыпылдап иш кылып калчубуз. Өзү да аябай таза, тыкан киши. Чаң болгон жерлерге уят сөз жазып туруп, “мына ушуну үйгө келген кишилер окусун, уят болгула силер” деп койчу. Ошентип жазып салбасын деп чаң сүрүп эле отурчубуз (күлүп). Полду да сөзсүз түрдө бир чака сууну төктүрүп, анан жуудурчу. Эгер жинине тийип койсок, эринбей барып чыбык кыят эле дагы, сыртын сыйрып туруп “бери келгилечи” деп кубалап калчу. Жаман сөз менен урушпайт эле, “силердиби, силерди” деп калчу. Азыркыга чейин эле ошентет.

Жумушка өтө жоопкерчиликтүү карайт, мурда айлык албаса деле ишине бара берчү. “Айлык албасаңыз эмнеге иштейсиз?” десем, “биз Союз убагында план аткарып көнүп калганбыз, бул кесиптин ээси болдукпу, айлык алабызбы, жокпу, иштешибиз керек” дечү.

Союз урагандан кийин айыл өкмөттө иштеди. Азыр пенсияга чыгып Бишкекте, инимдин колунда. Айылда азыр эч ким жок, кичүү иним үйлөнсө анан айылга кетем деп жүрөт. Иштеп жүргөн адам үйдө отура албайт экен да, бул жактан да жумушка кирип алган. Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, өзү айтмакчы, хоккейистка болуп иштейт (күлүп). Пол жууйт, андан арданбайт, ар бир кесип ардактуу, негизгиси ак эмгегиң менен нан тапсаң болду да. Мен деле аны айткандан арданбайм. Анткени балдар ооруканасында жок дегенде соопчулук иш кылып, ден соолугу үчүн кыймылдап жатат. Иштеп жүргөн киши үйдө отуруп калса ооруп калат эмеспи.

“Эч качан атам менен кайым айтышканын көргөн жокмун”

– Атам менен апам 5 баланы тарбиялап өстүрүштү, эжем, байкем, анан эки иним бар. Эң кичүүбүз эле үйлөнө элек, калганыбыз үй-бүлө куруп, бала-чакалуу болгонбуз. Апам кичүү инимди “последний патронум” деп коёт. Ошо “последний патрону”, Кудай буюрса, жайында үйлөнгөнү турат (күлүп). Кичүү инимди мен 10-класс кезимде төрөдү. Ал кезде апам мага бир топ эле улуу көрүнчү экен, боюнда бар экенин деле билбептирмин. Сабактан келсем эле эки чоң апам апамды одеалого салып алып “оңбу, оңбу?” деп жатышыптыр. Курсагын кармап “оң-оң” деп коюшат, анан “жакындап калыптыр” деп төрөт үйүнө кетишти. Ошентип кенжебиз төрөлдү, аябай сүйүндүк. Ошондо апам 42 жашында төрөгөн экен. Ал инимди аябай жакшы көрдүм, өзүм чоңойттум, апам тыңыгандан кийин эле жумушка чыгып кетти.

Атабыз бизди үнүн катуу чыгарып урушкан эмес, бир карап койчу, болду, ошол бизге жете турган. Ар дайым чөп чаап, картошка айдап, иш кылып жүрүп эле тентектик кылганга убактыбыз болчу эмес. Дайыма жумуш менен камсыз болчубуз (күлүп). Кичүү иним эле бир аз тентек болду, бирок ал эмне кылса да жагат.

Апам тамашакөй болгону менен, атамдын сөзүн эки кылчу эмес, эч качан атам менен кайым айтышканын көргөн жокмун. Апамды көрүп күйөөгө кандай мамиле кылыш керектигин үйрөндүм. Атамдын аты Турдугул, бирок дайым Туке дейт, атынан айтпайт. Бала кезде биз тамак жеп жатканда чымындын үнү угулуп турат эле. Дасторконго отурганда атам келип ооз тиймейин нанга да, тамакка дагы кол тийгизчү эмеспиз. Мен дагы азыр үйдө ошентем, кыздарыма “атаңар келсин” деп турам. Бизге атанын ордун бийик көрсөтүп тарбиялаган.

“Бизди табиятка жакын кылып тарбиялаптыр”

– Апам менен атам бизди табиятка да жакын болууга тарбиялаптыр, көлгө, токойго, талаага алып барып ойнотушчу, гүл тердирчү. Ал гүлдөрдү алып келип чоң мискейлерге салып койчубуз. Азыр ойлоп көрсөм, ошонун баарын жөн кылчу эмес экен. Кичинекей болсо да тарбия тура.

Мен бардык нерсени апамдан үйрөнгөм, апам өзү уз, түймө түйгөндү, кийиз жасаганды, шырдак оюп, аны жөрмөгөндү, шырыганды, баарын үйрөттү бизге. Жайында каникулга чыкканда балдар жыргап эс алып жүрсө, бизде иштин баары башталчу. Жүн сабатат, кийиз бастырат, жууркан жасайбыз, көктөйбүз, түймө түйөбүз, сайма саябыз, толтура жумуш кылдырчу. Каникул келбей эле койсо экен дечүбүз. Кышында да жөн отурбай жүн тытчубуз. Иши кылып бекер отургузбайт эле. Апамдын ушундай бош калтырбай эмгекке үйрөткөнү пайдалуу болуптур. Азыр кыздарыма шым, жемпер, байпак токуп берем. Жолдошумдун кышкы жемперлерин өзүм токуп коём. “Жасаганың мен үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн” десе түшүнбөй эле, “эмне эле ушу сөздү айта берет?” дечүмүн да, азыр мынакей, мага көп пайдасын тийгизип жатат.

Эки келини бар, үчөө курбулардай эле. Эки келини тең апалап, сыйлап турушат. Жакшы чоң эне, таене, 8-9дай небереси бар, буюрса, жакында чөбүрөлүү болот. Жакшы карылык каалайм, ар дайым биздин маңдайыбызда жаркырап жүрө берсин.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1070, 9-15-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан