Каарманым Айсалкын Осмонова актриса, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 47 жылдан бери Кыргыз драма театрында эмгектенип келет. Белгилүү актёр, режиссёр Эгемберди Бекболиевдин жубайы. Айсалкын айым театрдагы кызыктуу күндөрү, “Чиркин өмүр” тасмасынан кийинки элдин реакциясы, айтор, чыгармачылык жашоосу тууралуу айтып кызыктуу маек куруп берди.
– Саламатсызбы, Айсалкын айым? “Бернарда Альбанын үйү” спектаклинде Понсиянын ролун ойнодуңуз, образды жакшы ачып бериптирсиз.
– Саламатчылык, рахмат. Режиссёр Шамиль Дыйканбаев “Понсиянын ролун кимге берем деп аябай издеп, сизди араң таптым” деди. Ал талапты туура койгон, туура тапшырма берген, фантазиясы күчтүү режиссёр. Роль оор болгону менен мага иштөө жеңил болду. Спектакль жакшы чыкты. Бардык жагынан, декорациясы, актёрлору, ойнолушу, коюлушу жагынан академиялык театрга татыктуу спектакль болду. Эл жакшы кабыл алды. 2 айлык эмгегибиздин үзүрү кайтып, “өх” деп отуруп калдык.
– Театрда иштегениңизге канча жыл болду?
– 1976-жылы ушул театрдын алдындагы 2 жылдык студияга тапшыргам. Ошондо босогосун аттагандан бери театрдан чыккан жокмун. Окудум. Алгач кийим илүүчү жайда иштедим, анан контролёр болдум, музыка берүүчү болдум, режиссёрдун жардамчысы болдум, анан актрисалыкка өтүп кеттим. Ушул жерден турмушка чыкканга да жетиштим. Театр менин үйүм, өз үйүбүзгө уктаганы эле барып келебиз.
– Тажаган учур болдубу?
– Үйүңдөн тажабагандай эле, тажабайсың, көнүп каласың. Театрга 1 жума келбей калсак үйүбүзгө барбай жаткандай таасир болот. Иштейбизби, иштебейбизби баары бир келип, аралап, сахна менен саламдашып, жытын жыттап коюп кетебиз. Быйылкы жыл актёрлор үчүн жемиштүү болуп жатат. Дагы бир спектакль, “Делбирим” даяр турат, 13-июндан баштап коюлат. Москвадан келген Улан деген режиссёр коюп жатат.
– Актрисалык өзүңүз каалап тандаган кесиппи же кокустуктан улам тандалган жолбу?
– Кичинемде опереттаны жакшы көрчүмүн. Дүйшө чоң атам карап туруп “кой, балам, эркектериң көтөрүп алып чуркап жүрөт экен, анын эмнесин жакшы көрөсүң? Кыйкырып-өкүрүп ырдайт экен” деп жактырбай койду. “Анда тракторист болом” дедим. “Кой, тракторист болгону эмнеси? Бар, андан көрө артист боло берчи” деп жиберген. Мектепте окуп жүргөндө эле бир нерсе жаза калып, аткара калып жүрчүмүн. Англис тилинен берген Гүлсия деген эжебиз бар эле, чакан спектаклдер менен бизди колхоздорго алып чыкчу. Ушинтип искусствого үндөчү. Ошол эже шыктандырды. Кичинекейимден эле Айша чоң апам жомокторду айтып, ырдап берип, ырдатып жатып ал да кызыгуумду ойготуп койгон окшойт.
– Бардык ролдоруңуздан өзгөчө көргөн ролуңуз барбы?
– Биз мурда "Театр" деген журналды алып окучубуз. Ошол журналдан “Дубал” деген пьесаны окуп калдым. Аябай жакшы көрдүм. 5-6 жыл аны катып жүрдүм. Улам окуп коём. Ушул пьесадагы кыздын ролун ойносом дейм. Кыз, апасы жана почточу жөнүндө чыгарма болчу. Бир күнү жолдошум Эгемберди Бекболиевге “ушул пьесаны окуп көрсөң, мага аябай жагат” десем окуп, жактырды. Мен “кыздын ролун ойногум келет” десем, “пьесаны мен койсом, сен кызы эмес, апасысың, сен картайып калбадыңбы” дейт. Анда 50дөн өтүп калган кезим болчу. Картайып калганымды билбептирмин. Өзүмдү кыз сезип жүрө бериптирмин да, ошол жерден тырс сындым. Эгемберди спектаклди койду, мен апасынын ролун ойнодум. Ошол ролумду ушунча жыл багып жүргөн үчүн мага кымбат болду. Бизде Польшанын элчилиги жок экен, Алматыдан элчиликтен келип көрүштү. Баары жакшы кабыл алышты. Бул спектакль менен Түркияга фестивалга бардык. Фестивалдын уюштуруучуларынын бири мага чоң букет гүл алып келип берип, “эне” деп колумдан өптү. Литвалыктар, латвиялыктар куттуктап, жакшы сөздөрүн айтышты. Бизге, артисттерге ошол эле керек да, кол чабуу, жакшы сөз. Ошондо аябай бактылуу болдум.
– “Чиркин өмүр” сериалына да тартылгансыз, ээ?
– Ооба, сериалда өзүмдүн күйөөмдүн аялы болуп ойногом. Кызык окуя айтып берейин. Бир күнү театрга 2 аял келиптир. “Күйөөм ойноп кетти. Кинодо сиздин күйөөңүз да ушинтпеди беле. Сизден кеңеш сурап келдим” дейт. Бирөөнүн турмушуна эмне деп кеңеш бересиң? “Үйдө кир жуучу машинаң барбы? Күйөөңдү салып, айнадан салып, жууп, жакшылап чайкап туруп күйөө кылып ал. Эмне дейин, алтыным. Турмушта баары болот. Болбой калды деп ыргыта берсең, күйөө түтөбү. Күйөө деген бирөө эле болушу керек. Жакшылап айнага чылап жууп алсаң тазарып калат, эч нерсе болбойт. Башка эмне кыласың” деп узаттым. Бир жолу Эгембердини күтүп чай ичип отургам. Бир бала келип “сизге ыраазычылык билдирип коёюн дедим эле. Искусство чоң курал дегенди түшүнчү эмес экенмин. Мен да күйөөңүздөй болуп жүргөм. Тасмада сиз күйөөңүздүн ойношуна барып ыйлап, ага ичиңиздегинин баарын айтып, күйөөңүз кирип келгенде “жүр, эми кеттик” деп басып кетесиз го. Ошол жерин көргөндө аялдар ушинтип кыйналышат турбайбы деп түшүнүп, ошондон кийин аялымдан башканы карабай калдым. Ушундай таасир бергенсиз, рахмат” деп жатпайбы. Кино дагы театрдагыдай эле таасир берет экен. Көп кишилер “театр - бул турмуш турбайбы” деп айтышат. Бир студентибиздин апасы театрды жактырбай жүрүптүр. 1-2 жыл болгон театрга келбей калган. “Үйгө жардам бер” деп иштетпей коюшкан. Бир күнү апасы театрга барып көрүп, спектакль көрүп чыккандан кийин “балам, бар театрыңа, иште. Театрда жашоону көрсөтөт турбайбы” деп кайра жибериптир. Ошентип кайра келип иштеп калды.
– “Чиркин өмүрдөн” кийин тасмаларга тартылдыңызбы?
– Эпизоддук ролдорго тартылдым. Чоң ролго сунуш түшө элек, күтүп жатам.
– Былтыр Эмгек сиңирген артист наамын алдыңыз...
– Көп күттүргөн наам болду. Кудай буюрган күнү алдым, жанталашып чуркагым келген жок. Өз эмгегиң менен алган наам татыктуу болот деп ойлойм.
– Үй-бүлөдө 2 артист болгону жакшы эмес дегенди көп угам, 2 артист бир үйдө жашаса кандай болот экен?
– Тескерисинче, ыңгайлуу. Бири-бириңди түшүнөсүң, жумушка чогуу келесиң, чогуу кетесиң. Ичиңдегини айтсаң түшүнөт, “оорубуз” да, арманыбыз да, ырыбыз да, чырыбыз да бир. Мисалы, театрда жүргөндө жолдошум режиссёр, үйгө барганда мен режиссёр дегендей. 1 кыз, 1 уулубуз, 6 неберебиз бар. Уул-келинибиз менен чогуу турабыз.
– Маегиңизге рахмат! Ишиңизге ийгилик каалайбыз.
Перизат Музуратбекова