КАЙРЫМДУУЛУК ҮЧҮН БАЙЛЫГЫНАН БАШ ТАРТКАН МИЛЛИОНЕРЛЕР

Бардык эле адам миллионер болгусу келет, ошол эле учурда бардык эле миллионер байлыгынан ажырагысы келбейт. Бирок жашоодо байлыгынан тажагандар да бар экен же болбосо “бакыт байлыкта эмес” деп миллиондорун кайрымдуулукка жумшаган адамдар тууралуу баян.

6,5 миллиард долларынан баш тарткан Чарльз Фини

Дүйнөгө Duty Free дүкөндөр тармагынын негиздөөчүсү катары таанылган америкалык ишкер, филантроп (муктаждарга кайрымдуулук кылган адам) Чарльз Фрэнсис Фини 92 жашта. Ишкер жашоосунда 6,5 миллиард доллар байлыгын кайрымдуулукка жумшаган. Анонимдүү түрдө кайрымдуулук кылып келген, коомчулук аны билүүсүн каалабаган Чарльз Фининин ысымы 15 жылдан кийин гана массалык маалымат каражаттарында пайда болгон. “Forbes” журналы Фининин байлыгын эсептеп, АКШдагы эң бай адамдардын ТОП-30дугуна кирет деп жазган. Бирок басылма ишкердин керекпи өз үйү жок экенин билген эмес. Ижарага алынган батирде жашап, көпчүлүккө кошулуп эле коомдук транспортто жүрөт. Ал эми тапкан акчасы өзү түзгөн фонддун эсебине түшүп турат. Фонд болсо ал каражатты илим-билим, саламаттыкты сактоо, карылар үйү, балдар үйү, адам укуктарын коргоо жана башка түрдүү долбоорлорго бөлүштүрүп турган. Фининин акчасы Австралия, АКШ, Түштүк Африка, Ирландия жана башка өлкөлөрдө жашаган муктаждарга чейин жеткен. Чарльз Фининин өмүр баянына таасирленген жазуучу Конор О’Клири “Миллиарды жок миллиардер” автобиографиялык чыгармасын жазган. Чарльз мурас калтыруу үчүн өлүмдү күтүп отуруунун кереги жок деп эсептейт.

Байлыкка кызыгуусу жоголгон Николас Берггруэн

«Berggruen Holdings» инвестициялык компаниясынын жана “Berggruen” аналитикалык институтунун президенти Николас Берггруэн белгилүү коллекционер жана актрисанын үй-бүлөсүндө туулган. Бардар ата-эненин баласы кичинесинен люкс класстагы автоунааларда, жеке учактарда жүрдү. Анын хан сарайында дүйнөгө белгилүү сүрөтчүлөрдүн баасы миллиондорду чапчыган сүрөттөрү илинип турат эле. 39 жашынан баштап “байлыкка кызыгуум жоголду” деген Николас кайрымдуулук иштерине басым жасай баштаган. Үйлөрүн, автоунааларын, компаниясын, сүрөттөрүнүн баарын сатып жиберген. Ал каражат салган долбоорлорго көз салсак: Түркияда шамал энергиясын иштеп чыгарган компанияны каржылайт, Австралияда айыл чарба ишканаларын колдоп турат, дүйнөдөгү эң жакыр делген мегаполистерге да көңүл бурат. 61 жаштагы Берггруэндин үйү жок, чакан чемоданына кийимдерин салып алып ар кайсы өлкөдө мейманканаларда көчүп-конуп жашайт. “Кимге жардам берсем, кандай долбоорлорду колдосом деп жашагандан бери өзүмдү таптым” деген Николас кайрымдуулукка 2,2 миллиард долларын сарптаган.

Байлык эмес, кечил болууну тандаган Бханварлал Доши

Индияда пластмассадан жасалган буюмдарды чыгарган “DR International” компаниясын негиздеген Бханварлал Доши 600 миллион доллар каражат тапкан. “Пластик падышасы” атыккан Бханварлал элдин көз алдындагы жашоону эмес, жан дүйнөсү тынч, жөнөкөй жашоону баалай турган. Алгачкы жолу Индиядагы байыркы диндердин катарына кирген жайнисттердин орденине кошулам дегенде үй-бүлөсү каршы чыгат. Бирок жылдар өтүп, жакындарын көндүргөн Бханварлал эңсегенине жетти. Орденге кошулгусу келген адам үй-бүлөсүнөн, бар байлыгынан, керекпи кийген кийиминен да баш тартышы керек (жайнист кечилдери ак шейшеп гана оронуп жүрүшөт). Баарынан баш тарткан Бханварлалдын кечил болуу аземине 1,5 миңдей адам келип, кадимкидей эле чоң майрам болгон. Ал эми ишкердин байлыгы кайрымдуулукка жумшалган.

"Байлык адамды бузат" деген Ю Пеннянь

Кытайлык филантроп Ю Пенняндын өмүр баяны бир чети кызыгуу, бир чети үлгү алуу сезимин жаратса керек. Шанхайдагы кедей үй-бүлөдөн чыккан Ю эс тартканы рикша (адам, жүк салган араба) сүйрөп иштеди. Анан бактысын издеп Гонконгго барган, бирок бул жерден деле көчө шыпыргыч, таштанды тазалагыч кызматынан башка жумуш тапкан жок. Анан тааныштары менен Тайванга барып, курулуш тармагында аздыр-көптүр каражат топтогон. Бирок багы жокко дагы жок болуп акчасын алдатып жиберет. Кайрадан каражат топтоп чоң үй сатып алып, аны саатына, күнүнө берилүүчү мейманканага айлантат. Чакан иши өнүгүп отуруп, 2010-жылы Гонконгдо “Shenzhen Panglin” аталышындагы мейманкана ачкан. Миллиондорду дал ушул мейманкана жана курулуш бизнесинен тапты. “Yu Pengnian Foundation” кайрымдуулук фондун негиздеп, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагына жана жаратылыш кубулуштарынан жабыркагандарга жардам берип турган. Өзү көп жылдар бою көздүн катаракта дарты менен жабыркагандыктан,
150 миңден ашык катарактаны алуу боюнча операцияны каржылап берген. 1,2 миллиард долларын кайрымдуулукка жумшап, мындан башка акчасы жок экенин айткан Ю Пенняндан “эмнеге байлыгыңызды балдарыңызга берген жоксуз?” деп сурашканда 88 жаштагы ишкер “байлык адамды бузат. Адам өзү нөлдөн баштап көтөрүлгөндө гана акчанын баркын билет. Балдарым бай болгусу келсе иштесин” деп жооп берген.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1070, 9-15-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан