(Башы өткөн сандарда)
Айдай эрдин кесе тиштеп отуруп калды. Чындыгында далилдин баары ага каршы иштеп жатканын сезип турду. Жүрөгү дүкүлдөп кетти, чын эле калган өмүрүн темир тордун артында өткөрүп калабы? Тергөө абагында эле аябай оор, чыныгы түрмөдө кандай тозок күтүп турганын бир Кудайдын өзү билет. Таң атканча уктай албай чыкты, дем жетпей жаткандай аптыгып кетип жатты. Ал, балким, мындан аркы өмүрү кургакка ыргытылган балыктай дайыма ушундай абалда болсо эмне кылат? Мындан аркы жашоосу караңгылыкта калабы? Эмирди көрбөй калабы? Аны ойлогондо бир онтоп алды. Илим анын колун кармай калды.
– Эмне болду? Бир жериң ооруп жатабы? Камерада баары тынчпы?
– Камера... кандай оор сөз, ээ? Мен азыр камерада экениме, киши өлтүрүүгө шектелип жатканыма ишенгим келбей жатат. Түш сыяктуу болуп жатат баары.
– Өзүңдү карма, Айдай, сен күчтүүсүң. Баарын жеңип чыгабыз. Бирге жеңебиз. Мен колумдан келгендин баарын кылам сен үчүн. Болгону сен дайымкыдай күчтүү болушуң керек.
– Эмирди көрө алдыңбы?
– Жок, кайдан көрмөк элем.
Айдай эки колу менен башын мыкчып отуруп калды. Уулу “атамды өлтүрдү” деп ойлоп жатса керек, ээ? Кандай оор...
– Сен Эмирге жолук, Илим. Сен ага сөзсүз жолугуп менин күнөөсүз экенимди айтышың керек.
– Айдай, жаным, азыр маанилүү нерсе ал эмес. Сени кантип бул жерден алып чыгабыз деп жан талашып жатабыз.
– Эмир дайым маанилүү! Мен үчүн ал кантип ойлонот, кандай ойлонот, бардык нерседен да маанилүү экенин билесиң. Сен бир жолун таап ага жолук, суранам. Менин ак экенимди айт. Уулум мени жек көргөнүн көтөрө албайм. Ал мага бул жерде отургандан да, өлгөндөн да оор болот. Мен ага апасы экенимди да айта албадым, жетишпей калдым. Дайыма бир нерсени күтө бердим. Көрсө, мени кабыл албай коёт деп коркуптурмун. Өкүнүп жатам.
Айдай ыйлап жиберди. Илим айласыз башын чайкады.
– Макул, ыйлаба. Мен Эмирге кезиккенге аракет кылам. Экспертизада Эмил болжол менен саат 19:00дө өлтүрүлгөн деп жатат. Эми жакшылап ойлон, сен ошол убакта кайсы жерде элең? Ким менен элең? Балким, студияда болчусуң? Эшиктен кирип келе жатканыңды көрсөтө турган видео камералардын баары ошол күнү талкаланып калыптыр. Андыктан сен ошол күндү жакшылап эстешиң керек.
Айдай көзүн жумду. Эстегенге аракет кылып жатты. Эмил аны зордоп бирге болгондон кийинки күн болчу. Өзүн аябай жаман сезип жатты. Суу ичсе деле кусат, кофе кайнатып ичсе да кусат. Ашказаны аңтарылып калчудай... Душка түшүп жатканда мээсине бир нерсе “кылт” дей туштү. Дароо кийинип алып өзүнүн гинекологуна жөнөгөн. Ал жерден... Айдай кубарып кетти да башын чайкап алды.
– Эмне болду?- деди Илим.
– Башым айланып кетти.
Илим аң-таң. Буга чейин билген Айдайга эч окшобой турду. Өзүн куткарыш үчүн ал баарын кылмак. Мынчалык өзүн жоготпойт болчу. Бул болсо ошол күндү эстегиси келбей жатат.
Айдай андан ары ошол күнкү окуялар менен алышып жатты. Текшерүүдөн өткөнүн эстеди.
– Иманова, куттуктайм. Сен кош бойлуусуң! – деди гинеколог курбусу.
– Ия? Койчу...
– Мен да күтпөгөм, экөөбүздүн канчадан берки аракетибиз бошко кетпептир. Илимге айт, ал да сүйүнсө керек.
Айдай Эмирди тапкандан кийин дагы бир жолу балалуу болгусу келип, дарыланып аракет кылып жүргөн. Бирок бул тууралуу Илимге айткан эмес. Ал кандай кабыл алса да балалуу болом деп жүргөн. Бирок кечээги окуя аны ушунчалык иренжитти да... Айдай ыйлап жиберди.
– Кой эми, ыйлаба. Сүйгөнүңө кабар бер андан көрө. Сүйүнсө керек. Ушунча жылдан бери аркаңдан ээрчип жүрсө, албетте, сүйүнөт.
– Кайра УЗИден карап көрөлүчү,- деди Айдай.
Курбусу жылмайып алды. Мониторду тиктеп өзүнчө сүйлөнүп жатты.
– Болжол менен эки айлык. Бирок жынысы белгисиз азырынча. Менимче, кыз!
– Кыз?
– Ооба, сага окшогон, кара көздүү сулуу кыз болуш керек. Эркек болсо деле эмне болмок эле, сага экөө тең эле керек го.
Айдай кубанычтан ыйлап жатты. Демек, анын эми кызы болот. Эмирдин карындашы болот. Кандай гана сонун... Бирок бул жаңылыкты Илимге айтпай турушу керек. Эмил акмактан кутулуп “өх” дегенден кийин айтат. Ошентип чечкен Айдай. Ошол боюнча шаардын сыртына чыгып кеткен, кечке чейин өзү менен өзү жүргөн. Аны менен байланышкан, же сүйлөшкөн эч ким болгон эмес. Демек, күбө дагы жок!
Айдай мунун баарын Илимге айткысы келбеди. Азыркы окуядан кийин анын төрөгөнгө акысы барбы? Ичиндеги бул кыз да энесиз калып, көрүнгөндүн колунда кыйналабы? Азыр өз тагдыры белгисиз болуп жатканда дагы бир жандын жоопкерчилигин ала алабы? Ушунун баарын анализдей элек. Андыктан Илимге кайда болгонун эмне кылганын айта албай жатты.
– Айдай, үйгө саат канчада келдиң?
– Саатты карабаптырмын, бирок күүгүм кирип калган.
– Кошуналардан эч ким көргөн жокпу сени?
– Жок.
– Сен кайда жүрдүң кечке чейин?
Айдай көзүн ала качты. Эмне кыларын билбей ийинин куушурду.
– Айдай?
Жооп да бербеди. Ордунан шалдырай турду да, эшикти көздөй басты. Илим дубалды муштап жибере жаздады. Айдай күнөөсүз экенин сезип жатат, бирок ага айта албай турган эмне болушу мүмкүн.
– Эмирге жолук, Илим, менин күнөөсүз экенимди айт. Сенден суранам.
ххх
Ажар Эмирдин төрөгөн апасы Айдай экенин билгенден кийин жинди болуп кете турган абалга жетти. Эмирге телефон чалып, кайда экенин сурап, көзөмөлдөп, жанынан карыш жылдыргысы келбей жатты. Кимдир бирөө колунан жулуп кетчүдөй сезиле берди. Ден соолугу да эстен чыкты. Анын абалын билген менен, Эмил ого бетер жарасын чукуй берди. Күн сайын айтат.
– Айдай сени айыксын деп гана күтүп жатат. Адамгерчилиги бар да. Өз уулун ушунча жыл издеп күткөн эне сенин жаныңа калтырып коймок беле?
– Эмир билсе дароо чуркайт өз апасына. Кан деген кан да билесиңби? Сени унутуп коёт дароо.
– Сен жалгыздыкка даярдана бер. Жакында ушул үйдө жапжалгыз каласың!
Ушул сыяктуу сөздөрдү күндө айтат. Психикасын ушунчалык талкалады. Ажар ичинен план кыла баштады. Ал уулун баккан атасынан да, төрөгөн апасынан да коргомок болду. “Менден башка эч кимдин кереги жок уулума. Алардан уулума зыян гана келет. Өмүрүмдү кор кылган бул адамдан кутулушум керек. Айдайдан да кутулушум керек”. Ажар бул идеяга ушунчалык берилип алгандыктан ошол күндөрү Айдай алдынан чыкса чын эле өлтүрүп коймок. Бул Эмирдин көз жаздымында калган жок. Апасы эмнеге мынчалык өзгөрүп кеткенин тушүнбөй жатты.
– Апа, сизге эмне болду?
– Эмне болуптур?
– Башкачасыз, менин мээримдүү, токтоо апам бир жакка кетип, ордуна башка бирөө келип калгандай. Атам үчүнбү?
– Жок, уулум, болгону мен сени режим менен иш кылсын деп жатам.
– Сиз мени такыр эле камап койгуңуз келип жатат, апа. Жарым саат сыртка чыксам, отуз жолу телефон чалып жатасыз. Эмнеге?
(Уландысы кийинки санда)