Кан басымыңыз бийикпи? МАЛИНА МЕНЕН КАРАГАТТЫН ЖАЛБЫРАГЫНАН ЧАЙ ИЧИҢИЗ

Бакчаңыздагы эле малина менен карагаттын жалбырагынан ден соолукка пайдалуу чай жасап алыңыз. Жалбыракты качан, кантип кургатуу керектигин биз айтып беребиз.

КАЧАН ҮЗҮШ КЕРЕК?

Малина менен карагат гүлдөгөн маалда жалбырагын чогултуп алсаңыз, витаминге бай кези болот. Карагаттыкын июндун аягы, июлдун башы теребиз. Малина эс алып, кайра мөмө байлагандыктан анын жалбырагын эки ирет чогултканга жетишесиз. Эгер гүлдөгөн маалында жетишпей калсаңыз эч нерсе эмес, витаминдери азыраак болуп калышы ыктымал. Бирок пайдалуу заттар жетиштүү эле болот. Андыктан жайы бою жалбырагын чогултуп алып кургата бериңиз.

КАНДАЙ ЖАЛБЫРАКТЫ ҮЗҮҮ ЗАРЫЛ?

Жалбыракты таң эрте эмес, күн чыккан маалда, кургак кезинде терүү керек. Жамгыр жааганда жалбырактар толук кургамайынча 1-2 күн күтө туруңуз. Суу жалбырактарды кургатканда көгөрүп кетиши ыктымал. Ачык жашыл же кызыл эмес, бир өңчөй кочкул жашыл өңдөгүлөрүн тандоо зарыл. Жалбырактын бүтүндүгүнө да көңүл буруңуз, так түшкөн, тешилген, курт жеген, жарымы башка өң болгондору жарабайт.

КУРГАТУУ

Эскертүү! Жалбырактарды жууганга болбойт, жыпар жыты жана спецификалык керектүү заттары жуулуп калат. Күндүн нуру түз тийген жерге жайып салбаңыз. Топчан же башка дайыма көлөкө болуп турган жайга кургатуу зарыл, сөзсүз желдеген жер болсун (бөлмөнүн ичи жарабайт). Жалбырактарды гезит же башка сыя түшкөн кагазга кургатууга болбойт. Ак ватман кагазына, ашканада колдонулчу пергамент кагазына, таза тактайдын үстүнө жайсаңыз болот. Бир уучту бир жерге үйүп салбай, жалбырактарды жука кылып жайыңыз. Баары тегиз кургап жана көгөрүп кетпеши үчүн күнүнө 2-3 маал аралаштырып туруу кажет.

КАНТИП САКТОО КЕРЕК?

Туура кургаган жалбырактар лавр жалбырагы сыяктуу жашыл өңдө болот. Колго ушалап майдалап алгандан кийин капкагы бекем жабылган айнек идишке же чүпүрөк, кагаз баштыкчага салып коёсуз. Сактоо мөөнөтүн 1 жылдан ашырбаган оң. Малина менен карагаттын жалбырагынан чайларды өз-өзүнчө демдеп ичип көрүңүз, анан экөөнү аралаштырып демдеп көрүңүз. Дүкөндөн алган чайга аралаштырып да көрсөңүз болот.

КАРАГАТ ЖАЛБЫРАГЫНЫН ПАЙДАСЫ

Карагат жалбырагы С витаминине, антиоксиданттарга, минералдык заттарга (кальций, магний, калий жана башка) бай.

1. Карагаттын жалбырагынан чай түрдүү сезгенүүлөргө, вирустук ооруларга каршы күрөшүүгө жардам берет.

2. Кандагы холестериндин деңгээлин жөнгө салып, кан тамырларды тазалайт. Бул жүрөк-кан тамырларынын саламаттыгына оң таасирин берет.

3. Чай организмдеги ашыкча сууларды чыгаруучу касиетке ээ.

4. Кан басымды түшүрөт.

5. Артрит, подагра, ревматизм ооруларында колдонулат.

6. Боор, бөйрөк ооруларында да мыкты жардамчы.

7. Кант диабети менен ооругандарга сунушталат.

8. Көздүн көрүүсү начарларга да пайдалуу.

9. Иммунитетти көтөрөт.

КИМДЕРГЕ БОЛБОЙТ?

1. Гастрит, ашказанында жарасы барлар, он эки эли ичегиси ооругандар ичкенге болбойт.

2. Гепатит ооруларында;

3. Тромбофлебит;

4. Инфаркт, инсульттан кийинки абалдагы адамдарга да сунушталбайт.

МАЛИНА ЖАЛБЫРАГЫНЫН ПАЙДАСЫ

Малина жалбырагынан чай байыртан адамдардын жаштыгына жана сулуулугуна кам көрүүчү мыкты суусундук болуп келген. Анткени анын курамында омега-3, кальций, магний, темир жана башка көптөгөн витаминдер бар.

1. Иммунитетти көтөрөт.

2. Организмдеги зат алмашууну жакшыртат.

3. Жүрөк ооруларынын алдын алат.

4. Гормондордун деңгээлин жөнгө салат.

5. Ашказан-ичегилердин калыптагыдай иштешине көмөк көрсөтөт.

6. Бул чайды сасык тумоо, грипп, псориаз, экзема, ич катуу, жогорку кан басым, муун оорулары менен жабыркагандар ичиши керек.

7. Ашыкча салмактан арыла албай жатсаңыз да, малина жалбырагынан жасалган чайга өтүңүз.

8. Башыңыз ооруп, дене табыңыз көтөрүлүп жатабы, малина жалбырагынан чай демдеп ичиңиз.

9. Карагаттын да, малинанын да жалбырагынан жасалган чай рак ооруларынын алдын алат делет.

КИМДЕРГЕ БОЛБОЙТ?

1. Малина өзү аллерген. Андыктан малинага аллергиясы барлар анын жалбырагынан жасалган чайды абайлап ичүүсү керек.

2. Астма жана башка дем алуу органында маселеси барларга да бул чай сунушталбайт.

3. Боор, бөйрөк ооруларында да мындай чайдан баш тартуу кажет.

КОШ БОЙЛУУЛАР ИЧСЕ БОЛОБУ?

Карагаттын жалбырагынан чайды кош бойлуулар ичпей эле койгону оң. Анткени ал кан басымды түшүрүп жиберет. Бул энеге да, курсактагы наристеге да зыян.

Малинанын жалбырагынан чай талгак болуп жаткан аялдарга жардамчы делет. Анткени анын курамындагы В витамини көңүл айланууну басат. Бирок кош бойлуулуктун алгачкы 3 айында бул чайды ичпеш керек. Анткени чайдын курамында фрагрин заты жатындын жыйрылышына алып келет да, бойдон түшүү коркунучу жаралышы ыктымал. Кош бойлуулуктун акыркы айларында малина жалбырагынан чай ичүү төрөттү жеңилдетип, көп кан кетүүнүн алдын алат дешет. Ошентсе да чайды ченеми менен ичкен туура.

Эскертүү! Кош бойлуу айымдар чайларды ичүүдө алдын ала дарыгерден кеңеш алышы керек.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1071, 16-22-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан