АТАКТУУЛАР ЖАЙКЫ ЭС АЛУУСУН КАЙДА, КАНТИП ӨТКӨРҮШӨТ?

Көптөн-көп күттүргөн жумуштан бошоп, эс алуу мезгили келип калды. Бул убакта айрымдар салкын төр жайлоого качышса, кээ бирөөлөр көгүлтүр көлдү көздөй сапар алышат. Ал эми кээ бирлери жумуштан бошогондо үй иштерин бүтүрүп алууга аракет кылышат экен. А биздин элге белгилүү инсандарыбыз кантип эс алышаарына кызыгып, өздөрүнөн сурап көргөн элек.

ТУРСУНБАЙ БАКИР УУЛУ:
– Менин иштерим чачтан көп болгондуктан, эс алууга убакыт болоорун так айта албаймын. Эгерде жумуштан, үйдөгү иштерден 1 жумага бошоп калсам жакшы болмок. Анда балдарымды алып, түз эле Ысыккөлдү көздөй жөнөйт элем. Ар бир ата үчүн балдары менен эс алуу чоң бакыт болуш керек.

СУЛТАН РАЕВ:
– Азырынча эс алуу жөнүндө пландай элекмин. Быйыл жумуштун көптүгүнө байланыштуу эс албаймын го. Балким, убакыт таап же мүмкүнчүлүк болуп калса ойлонуп көрөбүз. Өзүм жумушту сүйгөн адам болгондуктан, эс алууга деле көп ашыга бербеймин. Албетте, адам болгондон кийин чарчайсың, ал чарчоону иш менен жазса болот.

КЕРИМ ТУРАПОВ:
– Ушунчалык чарчап турганыма карабай 25-августка чейин мага отпуск жок. Филармониянын ремонт жумуштарынын жоопкерчилиги мага жүктөлгөндүктөн, күн-түн дебей, алтургай дем алыш күндөрү да иштеп жаткан кезибиз. Августтун аягында 10 күнгө Германияга же Францияга барып эс алып келем. Ал жактан келгенден кийин сөзсүз өзүм­дүн туулуп-өскөн айылым Кызылсууга барып, айылга чай берип, аксакалдар менен баарлашып кайтам. Андан кийинки эс алуум Көл тараптан аяктамакчы.

КЫЯЗ МОЛДОКАСЫМОВ:
– Жумуштун көптүгүнөн улам 2 жылдан бери такыр отпускага чыга элекмин. “Декабрь айында эс аласыңар” деди эле, анда да эс албай калганбыз. Эми Кудай буюруп, отпуск берилип калса, анда түптүз эле үйбүлөм менен Кочкордогу Сөөк деген жайлоого барып, 1 жума эс алып келебиз. Андан кийин кереметтүү Ысыккөлдүн жээгинде 10 күндөй болобуз го. Көлдүн кайсы пансионаты экенин так айта албаймын. Менимче, Чолпоната тарабындагы пансионаттардын бирине же болбосо досторубуздун жеке үйлөрүндө эс алаарбыз. Ошону менен бир жылга жете тургандай энергия топтоп келгенге аракет кылам. Ал эми андан сырткары, ар бир жекшемби күндөрү Бишкектин тегерегиндеги тоолорго чыгып, азайып бара жаткан энергияларды толуктап турам десем болот.

САЛАМАТ САДЫКОВА:
Азыр Оштомун. Шаарга баргандан кийин мен деле эл катары сөзсүз Ысыккөлгө барып, 10 күн эс алып келем. Ал эми августта кызым 20 күнгө Анталияга жолдомо алып коюптур. Анталияга барып эс алганча ал жактын маданиятын көрүп, бир аз болсо да жандүйнөмдү байытып келем. Бул эс алууларымдан кийин жазып баштаган китебимди улантам.

ЖЕҢИШГҮЛ ӨЗҮБЕКОВА:
– Азыр мен кино тартып жаткандыгыма байланыштуу жайында эс алууга чыкпаймын. Ал эми мен жайында эмес, тескерисинче, кышында көлгө барып түшүп, эс алып келем. Ошол кышкы эс алуу мага бир жылдык күч-кубат болуп берет.

СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ:
– Жакында эле Токтогулдун Көктескей жайлоосунда бир жума болуп кайттым. Ал жактан келгенден кийин Ысыккөлгө барып, жетишээрлик эс алып келдик. Менин жеке пикиримде, эс алуу жайлоого же болбосо көлдүн жээгине барып жатып алуу эмес. Ар бир кылган нерсеңден эс алсаң болот. Мисалы, машина айдоонун, комуз чертүүнүн да өзүнчө рахаты бар. Мына ушундай нерселер аркылуу да адам эс алса болот.

ГҮЛШАЙЫР САДЫБАКАСОВА:
Кызым Сайкал, уулум Эркин менен Ысыккөлдүн жээгиндеги “Көгүлтүр Ысыккөл” деген пансионатта 15-июлдан баштап 12 күн эс алабыз. Ал жактан келгенден кийин Ноокат районунун Абшырсай деген эң кооз жайлоосунда кымыз ичип бир жума жатабыз. Ушундай эс алуудан соң жаңы дем менен дүңкүлдөп кайра ишке киришем.

АСЫЛБЕК ӨЗҮБЕКОВ:
– Өзүм көлдүк болгондуктан, каалашымча көл жээгинде эс алам. Балык уулаймын, суудан тажасам жайлоого чыгып кетем. Айрыкча Сарыжаз жайлоосунда эс алганды жактырам. Андан сырткары, Нарын тарапка концерт коюп барам. Негизи, чыгармачыл адамдар жумуш менен кошо эс ала да беришет эмеспи.

ИБРАГИМ ЖУНУСОВ:
Мына, акырындап экзамендер да бүтүп калды. Жакында 10 күнгө эс алууга чыгам. Досторум, үйбүлөм менен 1 жумага Ысыккөлгө жөнөп жатабыз. Анан кайра эле жумуш, абитуриенттерди кабыл алуу, окуу жайдын ремонттору, күн тартибин түзүү деген сыяктуу майда-чүйдө жумуштар көп. Мына ушулар бир жаңсыл болгондон кийин Германияга барып, жөн келбей ырларыма клип тарттырып келем деген пландарым бар.

АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА:
Жылдагыдай эле Ысыккөлгө барабыз. Андан сырткары, Астанага барып бир жума эс алып келем. Ал жакка популярдуу “Тамаша” деген көрсө­түүгө чакыруу болуп жатат. 2 жылдан бери чет жакка чыкпай жаман буулугуп кеттим. Буюрса, Астанага барып бир чер жазып келем го.

АСЕЛ ТУРДАЛИЕВА:
Бир жумага Алматыга барып эс алып келем. Ал жактан келгенден кийин кызымды алып, өзүбүздүн Ысыккөл­дүн жээгинде 12 күн болом. Бул эс алуу мага бир жылга жетет.

АЙЖАН АКЫЛБЕКОВА:
- Учурда мен үйбүлөм менен көл жээгинде эс алып жаткан кезим. Жаш бала менен алыска да бара албайсың да. Ошондуктан, азырынча мага көлдө эс алуу эле ылайыктуу деп ойлоймун. Албетте, өзгөчө эс алууга не жетсин?! Учурда кош бойлуу болгондугума байланыштуу жайында үйдө эле болом.

Даярдаган Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 245, 13-19-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан