Абидин Темиров, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВДУН АКЫРКЫ ШАКИРТТЕРИНИН БИРИМИН”

Өмүрү узун обон жана ыр жаратуу бардык эле чыгармачыл адамга буюрган эмес. Ал үчүн күчтүү көрөңгө, сергек табит, анан тер төгө изденүү керек окшобойбу. Белгилүү ырчы, обончу Абидин Темировдун кайрыктары да башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Муну жөнөкөй угармандан тарта мен кыйын деген музыканттар да ырасташат.

“Жолдуу экем, жалаң мыкты музыканттарга туш болдум”

– Музыкага болгон шык, кызыгуу бала бакчадан эле башталды. 3 жашымдан баштап ырдап баштаган экенмин. Бала бакчада музыкалык факультетти бүткөн, фортепианону мыкты ойногон профессионал музыкант Жайнак Темиралиев мугалим эле, ошол киши абдан таасир этти. Ритмди сезе билген таланттуу балдарды өзүнчө бөлүп алып сабак берет эле. Кийин музыкалык мектепке да ошол агайым окутту. Өсөр Темиралиев деген бир тууган агасы бар эле, ал мага өзүнчө сабак берип жүрдү.

Бала күндөн эле гастроль эмне экенин билип калдым. Каникул убагында Кудайберген Темировдун шарапаты менен аймактарды кыдырып, Ысык-Көлдү биринчи жолу көрүп келгем. Ошондо Фрунзеден Жолдубай Кайыпов, Роза Рыскельдинова сыяктуу теледен көрүп кумир тутуп жүргөн адамдарды жанынан көрдүм. Ал кезде 5-класста элем. Кийинки жылы да Ноокат райондук “Алтын-Булак” ыр-бий ансамбли менен келип кеттим. Ыр дүйнөгө болгон кызыгуум ошентип өөрчүдү. Музыкалык мектепте абдан жакшы такшалдым десем болот. Мектепти аяктап, 1983-жылы Оштогу музыкалык окуу жайга тапшырдым. Музыкалык мектептен кийин музыкалык окуу жай чыгармачылыктын улуу жолуна аттанган трамплин болуп калды. Дегеле мугалимдерден жолдуу экем, мыкты музыканттарга туш болдум.

Кийин Асанкалый Керимбаев, Жолдошбек Мамажанов, Токон Эшбаев, Түгөлбай Казаков, Ибрагим Жунусов сыяктуу бир топ залкар таланттар менен да көп жүрдүм. Чындыгында, устаттарга абдан баймын.

“Рыспай Абдыкадыров жакшы баасын берген”

– Рыспай Абдыкадыровду мен бала кезде Кудайберген Темиров агайыбыз айылга алып барганда көргөм. Ошол боюнча музыкалык окуу жайга барганда тааныштым. Үйүнө барып, кийин гастролдордо бирге көп жүрүп, ата-баладай болуп калдык. Улуу устаттарымдын бири Рыспай Абдыкадыров. Ал мага убагында жакшы баасын берген, колун артына алып училищеге келет эле да, отургузуп алып чоң формадагы соната, полифония, чет элдик композиторлордун чыгармаларын ойнотуп, укчу. Дегеле Рыспай Абдыкадыров көбүнүн устаты, мен анын акыркы шакирттеринин бири болуп калдым. Бирок анын шакирттери аны менен эле токтобойт, көзү өткөндөн кийин да рыспайчылар көбөйдү. Баары анын шакирттери десем болот. Көзү өтсө дагы ырчыларга пайдасы тийип, бүгүнкү күнгө чейин устат болуп келатат. Дагы далайынын устаты болот ал киши.

“Ал жылдардын ар бир күнү, сааты, мүнөтү бактылуулук эле”

– Ошто окуп жүргөндө Жибек комбинатынын алдында маданият үйү бар экен, ошол жерде Гүлшайыр эже (ред.: Садыбакасова) “Кыз-Буракты” жетектейт экен, биринчи жолу ошол кыздарды ырдатып, аккомпаниатор болуп жарым "ставкада" ишке киргем.Чыгармачылык жолум ошол жактан башталган. Музыкалык мектепте да сабак берип жүрдүм.

1987-жылы Ош филармониясына ишке кирдим. Ал жерде бир топ обонум жаралды. 1990-жылдары Бишкекке келдим. Бул жактан Жаныбек Алыкулов менен биргеликте республикалык сатира жана юмор театрын ачтык. Ошол мезгилде Чүй облусуна Апас Жумагулов губернатор болуп калды. Анан “Чүй облусуна бир театр керек экен, силердин театрыңарды Чүйгө өткөрсөк жакшы болот эле” деп калышты. Ошентип Чүй облустук Шаршен Термечиков атындагы куудулдар театры түзүлдү. Болгону Жаныбек Алыкулов экөөбүз элебиз, директору да, көркөм жетекчиси да, шоопуру да өзүбуз. Анан кызматкерлерди ала баштадык, “Аралаш” тобун, Атайбек Бөдөшов, Каныкей Эралиева, Күмөндөр Абыловду, Гүлнур Сатылганованы, Медербек Кадыршаевди чакырдык. Кыргыз Эл артисти Гүлайым Каниметова, Асыл Набиеваны алдык. Анан Оштон Марат Алышпаев менен Бектен Абдылдаев келип калды. Жаныбек менен акылдашып Марат Алышпаевди директор, Бектен Абдылдаевди режиссёр кылып алдык. Көп ырчы-чоорчу, актёр-актрисалар иштеп калышты. Ошентип Чүй облустук театры чоң театрга айланды. Ошол жерден көбүнүн бактысы, таланты ачылды.

1985-жылы чыгармачылык чоң дүйнөгө аттанып, кызыгына батып, ысыгына күйүп, суугуна тоңуп дегендей, эмне деген улуу инсандар менен тааныштым, батасын алдым. Абдан сыймыктанам. Көп учурда өткөн күндөрдүн баарын чогултуп карасаң эсептелүү эле бактылуу мүнөттөр эсиңде калат го, а меники ошол жылдардын ар бир күнү, сааты, мүнөтү бактылуулук эле.

Атактуулук боюнча, чынын айтыш керек, тим эле бой көтөрүп асманга учпасам да, андан ылдыйраак жактарда болдум (күлүп). Ата-энебиздин тарбиясы бекем эле, “Өтө кызыл бат оңот, адам болом десең жолдун чекеси менен жүр” дешчү. Атам “элдин уулу болуш кыйын, чоң жоопкерчилик, этият болуп жүрүшүң керек” дечү.

“Эң алгачкы кайрыктар 5 жашымда чыккан”

– Алгачкы обонум 1978-79-жылдары жазылды, бала бакчадагы, мектептеги эжекелериме арнап Айгүл Узакованын сөзүнө жазылган “Эжекеме” деген ырга обон жараттым. Негизи бул ырдын кайрыктары бала бакчада эле келген эле, аны 1-2-класстарда кыңылдап жүрдүм, анан 3-4-класстарда жазылды. Демек, эң алгачкы кайрыктар 5 жашымда чыгыптыр. Бул ырды “Ак шоола” балдар хору ырдап, балдардын сүйүктүү ырына айланды.

“Табият жана музыка” деген Алыкул Осмоновдун сөзүнө жазылган обонумду Каныкей Эралиева эң биринчи ырдап чыккан. “Кереметтүү аппак Ала-Тоо” деген ырым бала кезде жазылган, бирок сөзүн өзүм жазгандыктан, жакчу эмес. Кийин акын Эркин Тазабеков агайга сөзүн жаздырып, аны 90-жылдары Динара Акулова ырдап чыкты. Ошол жылдары аябай хит болду. “Кайыр кош” деген ырымды Токтобүбү Черикчиева ырдап чыкты. Бир күндө ырды популярдуулукка жеткирди, өзүнүн да атагы чыкты. Анын сөзүн да өзүм жазган элем, кайра Эркин Тазабековго оңдоп бериңиз деп кайрылсам, ал ырга өзүнүн башынан өткөн окуяны жазып коюптур. Ошентип обон да башкача болуп калды. Анан өзүм да ырдап чыгайын деп “Ата Журтум” деген ырымды ырдап чыктым. Негизи эле обондорумду бир топ ырчылар аткарышты, Гүлнур Сатылганова, Каныкей Эралиева, Клара Алибекова, Самара Каримова, Мирбек Атабеков жана башка. Жаныбек Алыкулов экөөбүз чогуу көп жүрүп, ортодон көптөгөн тамашалуу ырларды жараттык. Азыр да бир топ обондорум бар, дагы деле бүтө элек. Анын үстүнө ишкерлик көп убакытты алып коёт экен.

“Жаныбек Алыкулов сен куудул болушуң керек деп калчу”

– “Шорпо” ыры жөнүндө көп сурашат. Ал эми обон деле эмес, мындай эле кайрыктар. Жаныбек экөөбүз Нарында гастролдо жүрүп концерттен кийин мейманкананын ресторанына кирип тамак сурасак, биринчиге деле, экинчиге деле шорпо дейт. Наны жок, шоколад, печеньени шорпого кошуп ичтик. Ошентип шорпо, шорпо деп жатып кайрык чыгып калды, анан Жакем сөзүн жазды, обонун мен чыгара койдум, ошентип тамашалуу ыр жаралып калды. Аны Кочкордо сахнага чыгып аткарганда эле эл жакшы кабыл алды. Кийин Ысык-Көлгө барганда бир куплетин, Таласка барып бир куплетин, анан Чүйдү кыдырып жүрүп дагы бир куплет жазды. Жакем экөөбүздүн “Алтын балык” деген да ырыбыз бар.

Интермедиялардан үзүндүлөрдү Жакеме ойноп берип калчумун, анда “ой, сенден өткөн куудул жок, сен куудул эле болушуң керек” деп калчу. Мен эми куудул эмесмин да, сыныктан башканын баары жугуштуу дегендей, Жаныбек Алыкулов деле кийин обончу болуп кетпедиби. Куудул болуп сахнага чыккандан уялчумун, тартынчумун, чынында. Ошол учурда уяң жигит элем. Сүйлөгөндү Жакемден үйрөндүм (күлүп). Ошентип экөөбүздүн “сен шайтан, мен шайтан, экөөбүз тең бир шайтан” деген тамашалуу ырыбыз чыкты. Жакем экөөбүз ага-ини эмес, достой эле жүрдүк. Кийин анын көзү өткөндө өзүмдү коёрго жер таппай, дүйнөдөгү бүт баарын жоготкондой болуп жаман болдум.

“Масалиевди туурап...”

– Бир жолу Жаныбек Алыкулов, Замирбек Үсөнбаев, Айтбү Атамкулова болуп Москвага барып калдык. Ал жерде Абсамат Масалиев студенттер, илим жактаган докторант, аспиранттар менен 1 саат чогулуш өтмөк экен. 1 сааттык чогулушу 5 сааттан ашып кетти. Биз сахнанын артында отурабыз күтүп. Президиумда Абсамат Масалиев, Аскар Акаев, Апас Жумагулов, Таштанбек Акматов, Чыңгыз Айтматов отурат. Ошондо Масалиевдин үнүн угуп отура берип кулагыма сиңип калыптыр. Кечинде Геннадий Казановдун концертине бардык, ал Ленинди, Брежневди, Ельцинди деле туурап жатат, залда он миңдеген көрүүчү күлүп жатат. Анан кечинде кайтканда Жаке Горбачёвду туурап кирди. А мен болсо Масалиевди туурадым. Экөөбүз бири-бирибизди карап алып күлөбүз. Ошентип Бишкекке келгенде өзүнчө диалог кылып элге чыгардык. Алгачкы аткарганыбызда эл күлгөн жок, партиялар элдин жүрөк үшүн алып койгон да. Бара-бара жакшы кабыл алып кетишти. Ошентип музыканттыгым, обончулугум калып эле, пародист болуп чыга келдим. Ошондо Абсамат Масалиев бизди чакырып коноктоп чай берип, сыйлап узаткан. Аябай тамашакөй, жөнөкөй киши эле.

“Чыныгы чыгармачыл инсан атак-даңк, наамга кызыкпайт”

– Бир жылдары элге төбөсү көрүнүп калган инсандар мени Эмгек сиңирген артист наамына көрсөтүштү. А мен уялып “устатым Рыспай Абдыкадыров кечээ жакында эле алды, мен жашабай жатып алганым туура эмес” деп болбой койгом. Кийин ортомчу бирөөлөр “акча берсең Эмгек сиңирген артист наамын алып беребиз” деп калышты. “Жарыктык кишилер, убагында бекер берилгенде албай, анан акчага алмак белем?” десем, “мындай болсоң чоң ийгиликтерге жетпейсиң” деген сыяктуу сөздөрдү айтышты. Чыныгы чыгармачыл адам атак-даңк, наам дегенге кызыкпашы керек. Талантты таланттай кылып элге бериш сенин парзың, милдетиң. Мыкты аккордеончу эч качан өзүн мыктымын деп айтпайт.

Бир жолу Кыргыз драма театрына барсак, Бакен Кыдыкеева отуруптур. “Эй, Горбачёв менен Масалиев, келгиле менин жаныма” деп чакырды. Үчөөбүз көпкө баарлаштык. Анан кетели деп жатсак Сабира эже (ред.: Күмүшалиева) келатат. Ал киши башынан өткөн нерселерди айтып берип бизди бир башкача эмоцияга бөлөдү. Анын улуулугунун, чыныгы талант экенин ошондо көрүп суктандым, анын таасири менен бир ай бою башка дүйнөдө жүрдүм.

Советбек Жумадыловду аткарган ролдорунан улам жаман көрө берчүмүн. Көрсө, жашоодо оң каарман экен. Уйгурча укмуш сүйлөчү, аябай тамашакөй, куудул да эле. Башынан өткөн окуяларын айтып берип жатса мага өзүнчө эле роль аткарып жаткандай көрүндү. Ага аккордеон менен ырдап берсем, “сен өмүр бою ырда, эч тынба, үйү жок тентимиштер суранса да ырдап бер, сен бул дүйнөгө ырдаганы, аккордеон ойногону келгенсиң” деп моюнума бир топ жүктү үйүп койду.

Түгөлбай Казаков, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Абидин өнөргө кокусунан келген киши эмес”

– Абидин мыкты музыканттардын бири. Аккордеонду күчтүү мугалимден үйрөнгөн. Өзүндө да жаратмандык жөндөм бар экен, ошондон улам чыгармаларды ойногондо керемет кайрыктар менен кооздоп, угармандын сезимин кытыгылап жиберет. Ал изденгич обончу. "Жолугуу үчүн коштошкон" же "Сен эми кеткиң келди..." деген обону анын оригиналдуу композитор экенин айтып турат. Абидиндин пародиялары да өзүнчө сөзгө татыйт. Кыскасы, Абидин өнөргө кокусунан келген киши эмес.

Гүлжамила Шакирова, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер: “Фольклор менен эстраданы айкалыштыра билген обончу”

– Абидин Темиров кыргыздын колоритиндеги ырларды алып жүргөн, фольклор менен эстрадалык ырларды жуурулуштура билген мыкты обончу. Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев сындуу мыкты обончулардын жолун жолдоп, алардан кийинки белгилүү болуп калган талант. Гүлнур Сатылганова ырдап жүргөн “Сагынарым өзүң бол” ырынын обонун жаратып алып, бирок ылайыктуу текст таппай жүргөн экен. Мага обонун угузганда эле жакты, обонго эргип, жарым саатка жетпеген убакта текст жазып бергем. Обон менен текст куштун эки канатындай болуп жарашып калды. Демек, менин көңүлүмдөгү, жүрөгүмдөгү обонду жазган экен. Апасы менен бир телекөрсөтүүгө тартылып, анда “Апакеме” деген ыр жазып бердим. Анда да экөөбүздүн оюбуз жуурулушуп, жакшы ыр жаралды. Абидин ырдын түпкү маанисине, обондун ыргагына, кайрыктарына, ар бир сөзгө басым жасап жакшы изденип иштеген обончу. Андан дагы жакшы обондорду күтөм. Табияттын коюнуна чыкканда анын “Табият жана музыка” деген ырын эстейм. Терең ойлонот, аз жана саз жазат.

Каныкей Эралиева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Эл артисти наамына татыктуу музыкант”

– Абидин Кыргызстандагы күчтүү музыканттардын бири. Анын обондорунун өзгөчөлүгү, алган аккорддору, түрдүү музыкалык аспаптарда ойной билгени өзгөчө, классиканы да, эстрадалык жанрда да ойнойт. Ырдаганда да өзүнүн тембри бар, аябай күчтүү музыкант, ар бир обону оригиналдуу. Сөзгө маани берип обон жазган мыкты композитор. Ар бир ыры өзгөчө, анда “начар ыр болуп калды” деген жок. Эл артисти наамын алганга татыктуу музыкант. Ырларды кайгылуусун кайгылуу, шаңдуусун шаңдуу кылып жүрөгү менен ырдайт. Мен “Табият жана музыка” деген ырын ырдагам.

Күмөндөр Абылов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Анын ырлары бүгүн ырдалып, эртең өчүп калчулардан эмес”

– Абидин Темировду 1985-жылдан бери тааныйм. Жаныбек Алыкулов менен жүрүп Абсамат Масалиевди, Аскар Акаевди туурачу. Ошол кезден бери сыртынан билчүмүн. Кийин жакындан таанышып иштешип, далай концерттерде чогуу жүрдүк. Жакшы музыкант, жакшы обончу. Обондору профессионалдык деңгээлде, формасы, түзүлүшү, стили, улуттук колорити жагынан да мыкты. Диапазону кенен, гармонияга бай, жакшы обондору бар. Өзү да жакшы ырдайт, аккордеондо жогорку чеберчиликте ойнойт. Техникасы жакшы. Өзүн да жакшы көрөм, кичи пейил, көп сырдашып сүйлөшүп калабыз, жакшы жигит. Анын ырлары бүгүн ырдалып, эртең өчүп калчу ырлардан эмес.

Токтобүбү Черикчиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Абидиндин ыры менен ырчы катары таанылдым”

– Абидин театрда, мен филармонияда иштеп жүргөн кезде анын “Кайыр кош” деген ырын жактырып калдым. Ага чейин мен комузчу катары жүрчүмүн. 1990-жылдардын башында анын “Кайыр кош” ырын, Бакай Ташиев байкенин “Жолугуу” деген ырын биринчи жолу эстрадада ырдап чыккам. Абидиндин ыры менен элге эстрада ырчысы катары таанылдым. Ошондон бери чыгармачылык байланыштабыз, үй-бүлөлүк да катышта болдук. Андан кийин Надырбек Алымбеков байкенин сөзүнө жазылган “Ойлойсуңбу?” деген ырын да ырдап, бирок анын аягына чыкпай калдым. Аранжировкасын жоготуп жибердим. Ошол ырды кайра жаздырсамбы деп жүрөм. Абидин абдан адамгерчиликтүү, күчтүү талант, күчтүү музыкант, пародист деп айтсам да болот. Мен билгенден көп элге жардам берип жүргөн жүрөгү таза адам. Рыспай агайдай улуу адамдардын тарбиясын алган киши. Талантына таазим этем.

Тунук Абдыразаков, шакирти: “Адамдык сапаты бийик”

– Абидин Темиров менин устатым, көп жылдан бери жанында жүрөм. Абидин аке Союз кезинде күчтүү мугалимдерден билим алган. Учурда алдынкы аккордеончулардын бири, күчтүү композитор. Жашоодо атамдай болуп калган киши, мамилебиз жакшы, адамдык сапаты бийик. Ар дайым жакшы кеңештерин айтып, жакшы жолдорду көрсөтүп жүрөт. Ушундай кишиден сабак алганыма сыймыктанам.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1071, 16-22-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан