Орусиянын юмордук телешоу- программаларынын тизгини орду-түбү менен Иван Урганттын колуна тапшырылгандай. Анын жүзүн көптөгөн телеканалдардан көрүүгө болот. Жакында “Балатылар” тасмасында да роль жаратты. Ургант баарына кантип жетишет, бул инсан өзү ким экенин изилдеп көрдүк.
Толук аты-жөнү – Иван Андреевич Ургант
Туулган жылы – 1978-жыл, 16-апрель
Туулган жери – Орусия, Санкт-Петербург
Бою – 195 см
Жактырган тамагы – Бекер тамактын баары
Кызыкканы – Cаякат
Улуту – Эстон
Жактырган спорту – Баскетбол, бокс
Учурда – Телеалпаруучу, актёр
Үй-бүлөлүү, Нина аттуу кыздын атасы
АКТЁРЛУК КАНЫНДА БАР
"Аккан арыктан суу агат” деген макал ушул таланттуу мырза тууралуу айтылгандай. Ивандын актёрлук таланты канында бар. Башкача айтканда, атасы Андрей Ургант, апасы Валерия Киселёва, чоң апасы Нина Ургант аты таанымал тасма, театр адамдары. Ваня ата-энеси жарандык никеде жашап жүргөндө төрөлгөн. Бирок ал бир жашка чыкканда ажырашып кетишкен. Кичинекей Иван атасынын же апасынын мээримине муктаж болуп чоңойгон десек жаңылабыз. Анткени апасынын колунда өскөнү менен, аны атасы Андрей да, чоң энеси Нина да көзүнүн кареги менен тең айлана карашкан.
ТАМАШАКӨЙЛҮГҮ ЧОҢ АПАСЫНАН ӨТКӨНБҮ?
Иван ара төрөлгөн. Чоң апасы Жараткандан күнү-түнү “каралдым, ушул бала адам болуп кетсе экен, жашап кетсе экен” деп тилеген. Чоң энесине ал өзгөчө жакын. Учурда да жумасына бир жолу Питерге барып чоң апасынын даамдуу токочун жеп, ал-акыбалын сурап туруу салтын бузбай келет. Чоң апасы экөөнүн башы бириккенде боорлору эзилгенче күлүп болбой калышат. “Энем юморду эң мыкты түшүнөт”,- дейт Иван. Ал эми атасы Андрей: “Ивандын тамашалап күлдүрүп сүйлөгөнү куп эле чоң энесин тарткан”,- дейт.
КАРШЫЛЫККА КАРАБАЙ ҮЙЛӨНГӨН, БИРОК...
Санкт-Петербургдагы гимназияны бүтүрүп, ошол эле жерден Театралдык искусство академиясына тапшырат. “Бул чечимге жылдап ойлонуп анан келгем”,- дейт Ваня. Бала чагы театрда чоң энеси, ата-энеси менен аралашып жүрүп, мен кыйын деген актёрлордун гримдөөчү бөлмөсүндө өткөн. Ошол атактуу актёрлордун ордуна келечекте өзүн элестетчү. Үй-бүлөлүк кесипти аркалоо тууралуу жакындарына билдиргенде каршы болушкан эмес. Бирок алар жубай тандоодо чоң каршылык көрсөтүшкөн.
Иван 18 жашында, окуп, иштей турган чакта сүйүүгө кабылат. Өзүнөн төрт жаш улуу Карина аттуу сулууга үйлөнөм деп чыгат. “Сен жашсың, алдыда көптөгөн ийгиликтерге жетишишиң керек” деген жакындарынын каршылыгына карабай оюндагысын аткарат. “Анда өз оокатың өзүң менен болсун” деп ата-энеси, чоң энеси тим коюшат. Бирок бул нике көпкө узаган эмес. Сүйүүдөн көзү тумандап турган жигит сүйгөнүнүн көңүлү үчүн көп нерсеге барган. Мисалы, зер буюмдарды белек кылууну самап көчө шыпырып, жүк ташып да болсо иштеп таап, жубайынын каалаганын сатып берчү. Тилекке каршы, бул аракетин Карина баалаган эмес. Ошентип, каарманыбыз “мындай жашоо мен үчүн эмес” деп ажырашып кеткен.
ОФИЦИАНТ, БАРМЕН, АНАН ДА ШОУМЕН
Студент Иван башынан өткөн бул окуяга кайгырып жатып калбай окуусун улантып, аны менен катар күнүмдүк нанын табуу үчүн утурумдук ишке орношот. Күндүз сабакта, түндө түнкү клубда. Башкалардай эс алып эмес, эмгектенип. Башында официант, андан кийин бармен болуп иштеп акча тапкан. Ошол чакта өзүнүн талантын, мүмкүнчүлүгүн иштеген жайдын ээсине көрсөткөнбү, айтор, Жан-Мишель деген лакап ат менен түнкү клубдагы шоулорду алпарып, аны менен катар ресторанда ырдап акча тапчу.
Ургант 21 жашка толгондо өзү каалаган, өзү дегдеген иштин дарбазасы кенен ачылат. Чакыруу менен Питердеги “Супер-радио” үналгысына ди-джейликке орношот. Көп өтпөй Петербургдун бешинчи каналында түрдүү телеберүүлөрдү алпара баштайт. Иши биринин артынан бири ийгиликтүү уланат. Ийгилик жылмайган бир күнү Москвадагы MTV каналына иштөөгө чакырык алат. Ал жерден таланттуу алпаруучуну Россия, Биринчи канал сыяктуу телеканалдардын жетекчилери байкап, иштөө тууралуу сунуш киргизип, бүгүнкү ордуна келген. Учурда «ПрожекторПерисХилтон», «Большая разница», «Смак» аттуу популярдуу шоу-программалардын тизгини дал ушул эмгекчил мырзанын колунда.
АПАСЫНА КВАРТИРА БЕЛЕК КЫЛДЫ
Бир кезде көчө шыпырып, жүк ташып акча тапкан Иван учурда капчыгы калың, кирешелүү алпаруучулардын катарында. Гонорары тууралуу өзү ачык-айкын айтпаса да, бир кечени алпаруу үчүн 70 миң АКШ “жашыл” акчасы, жарнамалык роликке тартылганы 150 миң еврону түзөрү маалым.
Алпаруучу жакында эле апасына жарым миллион долларга батир белек кылды. Ал эми өзү Рублёвкадан особняк сатып алганы тууралуу айтылат. Демек, анын ити чөп жеп турган чагы десек жаңылбайбыз.
“КААЛООҢ КҮЧТҮҮ БОЛСО, БААРЫНА ЖЕТИШЕСИҢ”
Ивандын алпаруучулуктан тышкары актёрлук да талантына тамшанып келсеңиз керек. Ушул күнгө чейин ал 16 тасмада роль жараткан. Акыркылары деп Жаңы жыл алдында калың элге тараган “Балатылар” (“Ёлки”) тасмасы болду. “Бир убакта мынча ишке кантип жетишесиң?” деп таң кала суроо бергендерге ал “бир нерсени аткарууну чын дилиң менен каалап, каалооң күчтүү болуп турса, баарына жетишесиң. Ал үчүн жалкоолонбой иштеш керек” деп сыр бөлүшөт.
АКЫРЫ МЕКТЕПТЕГИ СҮЙҮҮСҮНӨ ЖЕТИП...
Ургант жеке жашоосу тууралуу айтуудан баш тартат. Бирок ошондой болсо да, кызыктуу инсандын жеке турмушу тууралуу маалыматтар ММКларга тынбай эле чыгып турат. Ал эки жыл мурун наристелүү болгону белгилүү. Кызынын ысымын чоң энесинин урматына Нина деп атаган. Нинанын апасы Наталья Кикнадзе – Ивандын мектептеги сүйүүсү. Мектепте окуп жүрүп жетпей калган, анткени Наталья белгилүү бир ишкерге эрте эле турмушка чыгып кеткен. Ал адамдан эки кыздуу болгондо Иванга кезигет. “Бир кезде ката кылган экенмин” деп аны сүйөрүн айтып, экөө 2008-жылы баш кошушкан. Ошентип, эки жашты бир катар сыноолордон кийин тагдыр кайра табыштырган. Натальянын эки кызы азыр таята-таенесинин колунда. Учурда жаш үй-бүлө “бизден ашкан бактылуу бүлө жок” дешет. “Иван мырзага качан мураскер белек кыласыз?” деген журналисттердин суроосуна жубайы “ким билет, мүмкүн, жакындадыр” деп тамашалап жооп берип келет. Көпчүлүктүн сүйүктүү алпаруучусун бир гана ушул айым “менин Суперменим” деп эркелете алат.
УРГАНТ ТУУРАЛУУ
Бактыгүл Сокушова
star@super.kg