“ЭМНЕ? КАЙДА? КАЧАН?”: КЫЗЫКТУУ СУРОО-ЖООПТОР

“Эмне? Кайда? Качан?” телеоюнунда жаңырган кызыктуу суроолорду окуп, жоопторун эске түйүп алыңыз.

1. Эмнеге Александр Македонский өзүнүн жоокерлеринен сакалдарын алуусун талап кылган?

Жооп: Эгер согушта бетме-бет келип урушкан учур болсо, душман сакалдан кармап сокку урбашы үчүн жоокерлердин сакалы алынган.

2. Бир адамдын сүйлөгөнү – монолог, эки адамдын сүйлөшкөнү – диалог, алты адамдын сүйлөшкөнү эмне деп аталат?

Жооп: “Диалог” термини грек тилинен которгондо “сүйлөшүү, баарлашуу” деген маанини билдирет. Андыктан 6 кишинин сүйлөшкөнүн деле диалог десе болот.

3. Америкалык жазуучу Амброз Бирс тамсил жазат, анда бир адам шайлоо алдында шайлоочуларына “депутат болгондон кийин уурдабайм” деп сөз берет. Шайлоо өтүп, баягы депутаттын чоң суммадагы акча уурдаганы ачыкка чыгып калат. Ачууланган шайлоочулар “эмнеге сөзүңө турган жоксуң?” деп депутаттан сурашса, ал “ооба, уурдабайм деп сөз бергем. Бирок ... деп сөз берген эмесмин” дейт. Депутат эмне деп сөз берген эмес?

Жооп: Калп айтпайм деп сөз берген эмес.

4. Европага канарейка чымчыктары XV кылымда Канар аралдарынан алынып келген. Европага жиберүүнүн алдында зоологдор чымчыктарды тыкыр көзөмөлдөн өткөрүшкөн. Текшерүүнүн кайсы стандартынан өткөн чымчыктар Европага кетчү да, кайсылары аралда калчу?

Жооп: Аралдын жашоочулары Европага бир жыныстагы гана чымчыктарды кетиришкен. Чымчыктар тукум улап көбөйбөсө, бүт Европа канарейка чымчыктарынын импортунан көз каранды болмок.

5. “20 365 филиалдын биринде”, “Бизге баары жарай берет”, “Кабыл алуу алдын ала жазылуусуз жүргүзүлөт”... Берлин шаарындагы кайсы жерден мындай жазууларды көрсө болот?

Жооп: Таштанды таштоочу челектерден.

6. 1699-жылы Пётр I Жаңы жылды сентябрь айынан январь айына жылдыруу чечимин кабыл алат. Бир аткаминер падышанын бул чечиминен күмөн санап, “Кудай Жерди кыштын кыраан чилдесинде жаратышы мүмкүн эмес” деген. Пётр I аткаминерлерге “... окугула” деген. Сөз эмне жөнүндө болуп жатат?

Жооп: Падыша Жер – бул Орусия эле эмес, андан башка толтура өлкөлөр бар экенин глобустан көрсөткөн. Орусияда кыш болгондо, кайсы бир өлкөдө жаз же жай болорун да айткан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1072, 23-29-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан