Темиралы Кунашов, окумуштуу: “ШАМБАЛА БАР, АЛ ЖЕРГЕ БАРГАНДАРДЫН КӨБҮ КАЙТПАЙТ”

Шамбала тууралуу сөз эзелтеден айтылып келет. Ал тууралуу түркүн варианттар, түркүн көз караш, аягына чекит коюлбаган талаш-тартыштар бар. 30 жылдан бери Куранды изилдеп келген окумуштуу Темиралы Кунашовду кепке тарттык. Эскерте кетсек, Темиралы мырзанын илимге таянып айткан өзгөчө пикирлери коомчулукта кызуу талкуу жаратып келет.

“Кытайлык археолог Шамбалада 3 ай жашап келген”

– Шамбала тууралуу бир гана ишенимдүү маалымат бар. Калгандары ар кайсы авторлордун фантазиясы. Ал маалыматты Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин “Шанхай Таймс” гезитине кытайлык археолог Лаодзин жарыялаган. Кийин аны бир катар америкалык, европалык басылмалар да жарыялашкан.

Лаодзин Шамбаланы өз көзү менен көрүп, 3 ай жашап келгенин айтат. Анын теософиялык, эзотерикалык окууларга, коомдорго катыштыгы жок болгон. Ал макаласында “Өмүр храмы” деп аталган жерге болгон сапарын баяндаган. Ал табышмактуу жер (журт) Тибеттеги Куньлунь тоолорунда экенин жазган. Аны ал жакка өмүрүн сактап калганы үчүн непалдык йог ээрчитип барыптыр. Йог калган өмүрүн ошол жерде өткөргүсү келген экен. Сапары тууралуу Лаодзин мындай дейт:

“Гоби чөлү менен 2 ай жол жүргөн соң, басып өтүшкө абдан кыйын болгон Түндүк Тибет тоо кыркасы менен деңиз деңгээлинен 15 миң фут бийикте (4500 метрдей) турган кар баскан тоолорго жеттик. Капыстан эле төмөн тараптан алыста жапжашыл болуп жаткан өрөөндү көрүп таң калдык. Ал жакта кооз көп имараттар дарактардын учунан ашып көрүнүп турду. Кийинчерээк дал ошол жерде китепкана, астрологиялык мунара, лаборатория жана башка курулуштар менен бирге “Өмүр храмы” орун алганын билдим.

Кара базальт менен күрөң граниттен курулган ал имараттар мүмкүн Улуу кытай сепилинен, байыркы индиялык храмдардан, балким, Египеттин пирамидаларынан мурун курулган. Ал имараттардан 20дай улут өкүлүн, 200гө жакын даанышмандарды жана алардын шакирттерин көрдүм. Элдин арасында тибет, индиялыктар көбүрөөк болуп, алардан тышкары бир нече ирандык жана немис, 6 орус, 1 француз, 1 бельгиялык, 1 голландиялык бар. Ал жердеги тургундар өздөрүнүн мекенинин сырын ыйык сактап, жашырып, сыртка чыгарбоого ант беришкен. Ошондуктан ал табышмактуу журт биздин күнгө чейин жашыруун калган”.

“Көргөндөрүн кеңири жазууга уруксат беришкен эмес”

– Лаодзин ошондой эле “ал журтка кокусунан барып калгандар ал жерде түбөлүккө калышкан же жолдун кыйынчылыгынан кайра кайтып келе жатканда өлүшкөн. Анча-мынча кайткандар көргөн-билгендерин айтпаска ант беришкен. “Өмүр храмынын” максаты – адам рухунун мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө” деп кошумчалайт.

Лаодзинин сөзү боюнча, кечилдер шакирттери менен бирге жер иштетишип, жер-жемиш, жашылчаларды тигишет жана жалаң өсүмдүктөрдөн алынган азыктар менен тамактанышат. Жер алдындагы ысык суулар сыртка агып чыгып тургандыктан өрөөн дайыма жылуу. Жери абдан түшүмдүү. Бир нече жүздөгөн адамдын жан багышына жарайт. Ал жердегилердин эң чоң байлыгы – көп сандаган кол жазмалары бар китепканасы, карталары жана ар кандай илимий изилдөө иштерине колдоно турган түрдүү куралдары.

Лаодзин 3 ай ичинде адаттагыдай эмес, психоэнергетикалык феномендерге күбө болгон. Китеп сакталуучу имараттарынын биринен дүйнөнүн эң байыркы тилдеринде жазылган уникалдуу манускриптерди көргөн. Бирок Лаодзин кытай, монгол, орус тилин гана билгени үчүн андагы кол жазмалар менен тааныша алган эмес. Ага таң калардык шаймандары, аспаптары бар түрдүү лабораторияларды да көрсөтүшкөн.

Лаодзин алган таасирлери боюнча майда-барат көрүнүштөргө токтолуп, ар кандай рухий феномендерди гана жазган. Башкаларын айтууга, жазууга уруксат беришкен эмес.

Ал шакирттердин абага эркин көтөрүлүп учуп, көзгө көрүнбөй калганын өз көзү менен көргөн. Шакирттер орто жаштагыдай көрүнүшкөнү менен, бир нече жүздөгөн жашка кирип калганын да эскерет.

“Шамбала тууралуу Куранда да айтылат”

– Курандын 95-сүрөсүнүн 1-4-аяттарында “Анжир менен Зейтунду (күбө кылып) касам берем! Синин тоосун (күбө кылып) касам берем! Ушул Саламат шаарын (күбө кылып) касам берем! Биз инсанды эң жакшы түзүлүштө жараттык!” деп айтылат.

Демек, Адам ата Синин тоосунда жаратылганы, анда анжир менен зайтун дарагы өскөнү, ошондой эле Саламат шаарынын бар экени айтылууда. Саламат шаары биз сөз кылып жаткан Шамбала. Индиялыктардын “Махабхаратасында”: “Мезгили жетет. Ошондо дүйнөнүн куткаруучусу эбегейсиз зор күч жана акыл-эске ээ болуп, Вишнуяшас деген ат менен экинчи жолу туулуп чыга келет. Ал Самбхала калаасында кадыр-барктуу брахмандын үй-бүлөсүндө туулат...” деп айтылат. Самбхала деген сөз байыркы санскрит тилинде “тынчтык өкүм сүргөн жер” дегенди билдирет. Курандагы Саламат шаар деген деле “тынчтык орногон калаа” деген түшүнүккө туура эле келет. Лаодзиндин маалыматы ыйык Куранды тастыктап, аны чындык катары 1-орунга коюп жатат. Жер бетинде болуп өткөн эзелтеден берки эсепсиз кыйроолорго дуушар болбой келген Шамбала демек – Саламат шаар.

“Адам ата куулгандан кийин орду бош калган”

– Синин тоосу Адам ата менен Обо эне Шамбаладан куулгандан кийин жашаган жердеги тоо болушу мүмкүн. Ошентип Жер жүзүнүн падышасы болуп жаратылган Адам ата тыюу салынган жемишти жегени үчүн ал даражадан айрылган. Анын Шамбаладагы орду бош калган. Ал эми Адам ата менен Обо энени азгырган ибилис Кудайдан кыяматка чейин мөөнөт сураганда анын сураганын кабыл кылып, “сен мөөнөт берилгендердин бирисиң” деген. Ушундан улам ибилистен башка да кыяматка чейин тирүү калчулар бар экендиги билинет.

Алар Шамбалада кызмат кылган пайгамбарлар. Биринчиси Идрис пайгамбар, ал кыяматка чейинки туруктуу жолду жетектейт. Туура жолду Нух, Ибрахим, Муса, Иса, Мухаммед пайгамбарлар жетектейт. Алар ачык коомго динди жайылтышат, ыйык жазууларды жеткиришет.

Идрис пайгамбар астроном, ал Шамбалада обсерваторияны жетектейт. Зулкарнайнды Македонский, Кир падыша деп да жазышат. Бул туура эмес. Ал топон суудан мурун Адам атанын доорунда жашаган пайгамбарлардын бири. Ал да Шамбалада кызмат кылат. Ал жер алдындагы дүйнөнү кыяматка чейин күзөтөт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1072, 23-29-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан