Күлкү жаратуучу, тойлордун эрке баласы, концерттердин алып баруучусу Медер Камчыбек уулу менен маектештик. Чыгармачылык жашоосу, жеке жашоосу, айтор, каарманыбызды сиздер менен кенен тааныштырууну туура көрдүк.
Туулган жылы, күнү: 1999-жыл, 19-август
Туулган жери: Ош облусу, Алай району
Билими: ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинде окуйт
Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы
– Медер, саламатсызбы? Бала чагыңыз Алайда өттү да, ээ?
– Жок, бир жашымдан тарта таята, таенемдин колунда, Кара-Суунун Талдык айылында чоңойгом. Ал кезде ата-энем иштегени Казакстанга кетишкен. Талдыкта 4-класска чейин окуп, кийин Ош шаарына өз ата-энемдин колуна келгем. Ошто №38 гимназияда, финансы-юридикалык колледжде билим алгам. Андан кийин ОшМУга тапшырып, ал жакта сырттан окуу бөлүмүндө окуп жатам.
Айылда жүргөндө жалаң "5ке" окуп, шаарга келгенден кийин артка кеттим. Ата-энемдин жанына келгенде эркелеп тапшырма аткарбай калдымбы, билбейм, айтор, шаарда орто окудум. Тентектик боюнча камчы салдырбайт элем (күлүп). Бир жумада бир ата-энемден сөзсүз таяк жечүмүн. 5-6 баланын ичинде “кел, мындай кылабыз” деп бир нерселерди баштай берген бирөө болот го, ошол мен болчумун. Сууга түшөбүз деп бут кийимдерибизди агызганбыз, кошуналардын тоогун өлтүрүү боюнча жарышканбыз. Алар апама келип урушуп, дагы таяк жегем. Апамдан таяк жээрде билчүмүн, кабат-кабат кийинип даярданып алчумун, чыпылдаган чыбык менен чапчу да. Токтолгонума 3-4 эле жыл болду го дейм. Үйлөнгөндөн кийин эле бир аз токтолуп калдым.
– “Тамашоуго” эмне болуп аралаша баштагансыз?
– 6-класстан баштап аралаштым. Бир жолу мектепте бир кызга суу чачып салгам. Анан “мугалим чакырып жатат” дешти эле, ичимден тиги кыздын ата-энеси келген го деп бардым. Барсам, “мектептер арасында “Тамашоу” болгону жатат, сен тартынбайсың го, катышпайсыңбы?” деди. Урушат экен деп күтүп жаткан жаным кубанып кетип эле, “макул” деп жиберипмин. Мектепте иш-чараларда тартынбай эле ырдай берчүмүн да.
Менде тартынуу, эл эмне дейт деген ой такыр жок болчу. Оюма келгенин кылчумун. Ошондо катышып, 18 мектептин ичинен 1-орунду алдык. Мен “Мыкты оюнчу” аталдым. Биринчи орунду алганыбыз үчүн командага 20 миң сом, мыкты оюнчу аталганым үчүн мага 1000 сом беришти. Ошондон кийин эле кызыгып кеттим. Биринчи орунду алганыбыз үчүн “Тамашоунун” Оштогу филиалына жолдомо беришкен. Ошол жактан да оюнга катышып, 3-орунду алдык. Ал жакта 2-сезондо ойноп баштаганбыз. 6-сезондо Кадыр Жарматов менен Мурат Жалиев байкелер биригип “Ошингтон” командасын түзүп, мени да кошуп, Бишкекке жөнөтүшкөн. Бишкектен кышкы фестивалга катышканбыз. Анда да мен “Мыкты оюнчу” аталгам. Анда 7-класстын окуучусу болчумун. 7-класстын баласы улуттук долбоорго катышып, 3 миңдей кишинин алдына чыгып, анан да “Мыкты оюнчу” наамын алганы ийгилик да, аябай кубангам, ата-энем да аябай сүйүнгөн. Ал убактагы эмоциямды айтып берүү кыйын го. Андан кийин “Тамашоуго” катышып жүрдүк. 2018-жылы 10-сезондо чемпион болгонбуз. Кийинки жылы президенттин кубогун утканбыз. “Тамашоудо” жүрүп дос күттүм, эл-жер көрдүм, адамдар менен мамиле курууну үйрөндүм, айтор, бул долбоордон өзүмө көп нерсе алдым. “Тамашоуго” кошулбаганда бандит болуп, азыр түрмөдө жатмак болушум керек. Ошол кезде “Тамашоуго” даярданабыз деп жүрүп бош убактым болбой, көчөдөгү досторума кошула албай калгам.
– Анан “Тамашоудон” кийин эмне кылдыңыз?
– “Көңүлдүү жигиттерде” ойноп чемпион болдук. Азыр да ойноп турабыз. Азыр көбүнчө Казакстанга басым жасап жатабыз, ал жакка ар ай сайын барып “Жайдарман” долбооруна катышып келебиз. Учурда “Көңүлдүү жигиттерде” редактормун. Мындан тышкары Ошто тойлордо тамадалык кылам, концерттерди алып барам.
– Сизди кичинеңизде баккан таята-таенеңиз жөнүндө айтып берсеңиз...
– Ошолордун колунда чоңойгондуктанбы, көптөр “мүнөзүң таятаңдыкына окшош” дей беришет. Бетке айтам, тез таарынып, тез жазылам. Таятам кайда барса мени ээрчитип алчу эле, 2019-жылы каза болуп калды. Азыр таенем биз менен жашайт. Ата-энем да мени менен жашайт. Мен жалгыз уулмун, 3 карындашым бар. Баарынын жанымда болушун каалайм. Бирге жашап, аларды күндө көрүп, батасын алып турганга эмне жетсин. Азыр эмнеге жетсем, ошол адамдардын батасы менен жеттим деп ойлойм.
– Кимиси менен сырдашасыз?
– Таенем менен сырдашам. Сиздерге түшүнүктүү болушу үчүн гана таене деп жатам, таенемди апа дейм. Эч кимге айтпаган сырларымды таенем менен бөлүшөм. Экөөбүз отуруп сүйлөшкөндө кээде 5-6 саат деле билинбей өтүп кетет.
– Буга чейинки маектериңизде ата-энеңиздин сүйлөбөй турганын айткан экенсиз...
– Ооба, экөө тең сүйлөбөйт. Бул нерсени коомучулукка айтууну каалабайт элем. Бул уялгандан эмес, башкалардын мага боор ооруп караганын жактыра бербейм. Атам 2-топтогу, апам 3-топтогу майып. Атам 3-4 жашына чейин жакшы эле сүйлөгөн экен, ошол кезде аттан жыгылып, ошондон улам сүйлөбөй калыптыр. Апамды төрөлгөндө медайымдар колунан түшүрүп алышкан экен. Сүйлөбөгөнү менен, бизди жакшы багышты, адал эмгек кылышты. Азыр жанымда, күндө алардын мээримине бөлөнөм, Кудайга шүгүр, баары жакшы.
– Жубайыңыздын кайсы сапаттарын абдан баалайсыз?
– Жубайымдын мени дайыма колдоп турганына ыраазы болом. Бүткүл дүйнө мага каршы турса да, жубайым мен тарапта болоруна ишенем. Жумуш боюнча Бишкекке, Казакстанга, Москвага кетип калам. Чалып алып “үйдө мындай болуп жатат” дебейт, “каякта жүрөсүң, качан келесиң?” дебейт. Бири-бирибизди түшүнөбүз, бири-бирибизге ишенебиз. Атам менен апамды өз ата-энесиндей көрүп мамиле кылганына ичим жылыйт. Мурда үйлөнсөм келинчегим ата-энеме жаман мамиле кылып койбойбу деп коркчумун. Ушундай келинчек туш кылганына Кудайга шүгүр дейм. 2 уулдуу болдук. Улуусу 2ге чыкты, экинчиси учурда 8 айлык.
– Сонун. Эми кыялдарыңызды сурасам...
– Ата-энем, бир туугандарым, үй-бүлөм дайым жанымда болсо, аман болсо деп тиленем. Кичинебизде материалдык жактан кыйынчылыктар болгон. Ошондуктан ушул жакын адамдарымды эч нерседен кем кылбай, кубантып, каалагандарын кылып берүү үчүн бай болгум келет. Балдарыма жакшы билим берсем, карындаштарымды жакшы турмушка узатсам, ата-энемди чет мамлекетке алып барсам деген кыялдарым бар.
– Кыялдарыңыз орундалсын! Ийгилик сизге.
Перизат Музуратбекова