Кадыралы Артыков, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “КЫЯЛЫМДАГЫДАЙ КОМПОЗИТОР БОЛГОН ЖОКМУН”

Белгилүү ырчы, обончу, композитор Кадыралы Артыков аганын ырлары бир кездери теле-радиодон түшчү эмес. “Күлүк күнүндө, тулпар тушунда” дейт кыргыз. Агабыз чыгармачылыкта мурдагыдай жигердүү иштебей калганы менен, анын мыкты обондору элдин жүрөгүндө жашап келе жатат.

– Кадыралы ага, саламатсызбы? Акыркы кезде обончулукта кандай жаңы чыгармаларды жараттыңыз, кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Саламатчылык. Эң талуу суроону бердиң да. Эми обончу катары, албетте, обондор бар, бирок аз жазылып жатат. Себеби 3 жылдан бери Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы университеттин музыка кафедрасынын башчысы болуп иштеп жатам. Ошол жумуш убактымды көп алып коюуда. Чыгармачылыкта активдүү иштеш үчүн дайыма оюңда, санааңда ыр, кайрык багып жүрүш керек. Бирөөлөр “бул текстке обон жазып берчи” деп кайрылышса жазып беришим мүмкүн. Атайын текстке обон жазайын деп чыгынып отура элекмин.

– “Бирөөлөр кайрылып калышса” дедиңиз, буюртма менен обон жазасызбы?

– Ар кандай акындар “менин ырларымдан карап обон жазып бериңизчи” деп китептерин беришет. Кээ биринин көңүлүн кыя албай жазып беришке туура келет. Обон жүрөктөн чыкпаса да, текст көңүлүмө жагып калса жазып коюшум мүмкүн. Андай учур деле өтө көп эмес.

– Көпчүлүк өнөрлүү адамдар “чыгармачылык көкүрөктү түрткүлөп жөн жаткырбайт” деп калышат, андай учур сизде деле болобу?

– Азыркы мезгилде андай болбой калды. Буга адамдын жаш курагы да таасирин тийгизет окшойт. Бирок сиз айткан пикир туура, андай учур убагында менде деле болгон. Жаш кезде, жаңы обон жазып активдүү иштеп жүргөн учурда дайыма көкүрөктө кайрыктар жаңырып, жадакалса уктап жаткан жерден обон жаралып калган мезгилдер болгон.

– Акыркы обондоруңуздан жакшы чыкканы, өзүңүздун купулуңузга толгону деп кайсыны айтат элеңиз?

– Сулайман Рысбаев сөзүн жазган “Мырзайым” деген обонум бар. Ошол обонду белгилейт элем. “Кыргыз руху” деген патриоттук жанрдагы обонум бар, ал республикалык композиторлордун, обончулардын сынагында 1-орунду алган. Дагы бир топ обондорум бар, бирок алардын тексттери бышып жетиле элек.

– Толук иштелип чыга элек обондоруңуз көппү? Эң биринчи чыгарган обонуңузду да “толук иштелип чыкпаганы үчүн элге чыгарган эмесмин” деген экенсиз?..

– Иштелип бүтө элек обондор бар, бирок көп эмес. Алгачкы “Махабатка кайрылуу” деген обонум элге чыга элек, сөзү Ысмайыл Кадыровдуку. Бул обон “Бони М”, “АББА” деген топтор чыккан кезде ошолорго таасирленип жазылган. Ыр дагы көрүнгөн эле ырчы ырдай турган чыгарма болбой калат. Мен ал обонду 20 жашта жазсам керек, сүйүүгө күйүп-жанып жаткан саптар бар. Мен азыр 60тан өттүм, бала-чакам, келиним, неберем бар дегендей. Азыр бул ырды ырдап чыксам статусума жарашпай калат.

– Алмаш Чойбекованын тексттерине көбүрөөк кайрылгансыз. Ал эженин өзү менен тааныштыгыңыз бар беле?

– Алмаш эже менен жакын болуп калганыма анын ырлары себепчи. 1985-жылы Ош шаарында жашап, Ош пединститутунда иштечүмүн. Алмаш Чойбекованын алгач “Кыялдануу” деген ырына обон жазып, институтта Студенттик жаз фестивалында студент кыздардан вокалдык ансамбль түзүп, алып чыккам. Көрүүчүлөр абдан жакшы кабыл алышты. Ага чейинки Кадыралы Артыков башка болсо, ошол обонду элге тартуулагандан кийин элдин көзүндө дароо эле башка киши болуп чыга келдим. Мага болгон мамилелер өзгөрдү. Устатым Рыспай (ред.: Абдыкадыров) агай да ушул обонду угуп “айланып кетейин” деп бетимден өөп жакшы баасын берген. Менин чыгармачылыгым ушул обон менен башталды. Андан кийин “Барам сага”, “Кыз куумай, “Каркыралар, “Түгөйлөшүмө”, “Көктөм ыры” деген обондорум чыкты, иши кылып Алмаш эженин 5-6 ырына обон жаздым. Ошол фестивалдын жыйынтыгы менен гала концерт уюштуруп, Ош телекөрсөтүүсүнө чыктык. Анан республикалык фестивалдын финалына Фрунзеге бардык. Ошондо Алмаш эже бирөөдөн “Кадыралы мага чалсын” деп телефон номерин берип жибериптир. Ошентип тааныштым. 1 бөлмөлүү үйдө жашачу, аябай ыраазы болду. Кийин телефондон байланышып жүрдүк.

Андан кийин республикалык обончулардын сынагында “Кыялдануу” менен 1-орунду алдым. Султан Юсупов деген Эл артисти, хормейстер аксакал агай бар эле. Ошондо ал киши “сенден жакшы композитор чыгат, Фрунзеге барып оку” деди, композитор болсом, чоң чыгарма жазсам деген кыялым бар эле. Ошентип Фрунзеге келип, консерваторияга окудум. Азыр эми дипломдуу композитормун. Алмаш эже менен чыгармачылык аркылуу таанышып, жакшы мамилебиз бар эле. 2007-жылы 60ка чыкты, мени “атоу” деп койчу, бир күнү ошентип чалып туулган күнүнө чакырды. Үйүнө аспаптарымды көтөрүп алып бардым. Күйөөсү бар эле, Токтомушевдин баласы деп койчу. Болгон ырларымдын баарын ага ырдап бердим. Ыйлап, ыраазычылыгын билдирди. Ошондо Алмаш эжени акыркы жолу көрүптүрмүн. Алмаш Чойбекованын ырлары ырга музыка чакыргандай эле боло берет.

– Кыялыңыздагыдай композитор болдуңузбу?

– Жок, болгон жокмун. Мен композиторлукка окуп жүргөндө СССР чачырап кетип, жашоо татаалдашты. Мен эки балам менен институттун жатаканасында жашап, окудум. Кыйналып жүрүп, 1 жылдык академиялык өргүү алып, ар кайсы жерде мугалим болуп иштедим. Кийин окуумду таштап салдым. Ал заман өттү, жашоо уланды, балдарым чоңойду. Кийин сырттан окуп, диплом алдым. Ошентип өзүмдүн көңүлүмө толгон композитор болгон жокмун. Кыялымда, ниетимде такыр башка композитор болушум керек эле. Менде талант бар, композициялык билим жетиштүү эмес деп ойлойм. Анан эми азыркы шарт ушундай, бул жерге иштебесем, баары бир башка бир жерде иштешим керек. Көп таланттуу адамдардын кендирин кара курсактын көйгөйлөрү кесип коёт.

– Азыркы жаш обончулардан кимисин баалайсыз?

– Азыркы жаштар деле замандын талабына жараша аракеттерди жасап жатышат. Компьютердик музыка деген пайда болуп, чеберчилик 2-3-планда калып калды. Мирбек Атабековду обончу катары да, ырчы катары да жакшы деп айткым келет. Анын “Ата Мекен”, “Мурас” деген ырларын кыргыз обонунда, айрыкча эстрада обонунда жаңы багыт, өсүүнүн үлгүсү деп айтса болот. Ильяз Абдыразаков деген дагы бир жакшы обончу келе жатты эле, ал да кийин активдүү болбой калды. Кыргыз обону деген бир түшүнүк бар да, ошол нерсе начарлап кетти.

– Үй-бүлөңүз тууралуу сурайын, бактылуу чоң ата болгондурсуз?

– Ооба, бир неберем бар, экинчи неберебизди күтүп жатабыз. Бирок неберемди жыттай элекмин, уулум АКШда жашайт. Видеодон эле көрөм. Кызым Москвадан окуп келип, азыр Улуттук филармониянын алдындагы камералык хордо дирижёр болуп иштейт. Андан кийинки уулум быйыл университетти бүттү. Эң кичүү кызым 3 жашта.

– 60 жашта ата болуу кандай сезимдерге бөлөйт экен?

– Жаш кезде өзүң бала болуп туруп, ата болгонуңду деле анча сезбей калат экенсиң. Жашың өткөндөн кийинки балалуу болуу таптакыр бөлөк, балага болгон мээримиң, мамилең, аны кастарлооң, аны сүйүүң такыр башкача болот экен. Ошондой сезимдер менен жүрөбүз, азыр үйгө барсам “ата-аа” деп алдымдан чуркап чыгат, ушунун өзү кандай ырахат.

– Бактылуу кыз болсун! Бар болуңуз!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1072, 23-29-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан