ЭЛЕКТРОНДУК ЧЫЛЫМДЫН коркунучун качан түшүнөбүз?

Электрондук чылым чегүү айрыкча жаштар арасында кеңири жайылып, аны менен күрөшүү негизги маселелердин бирине айланып баратканы байкалат. Жогорку Кеңештин депутаттары чылымдын бул түрүн сатууга тыюу салууну сунуштап жатышат. Улуу-кичүү дебей көчүгүн соргон бул каражаттын зыяны тууралуу билип алыңыз.

Венера Асанбекова, нарколог: “КУРАМЫНДА НИКОТИН ЖОК ДЕГЕНДЕРИНЕН ДА НИКОТИН ТАБЫЛГАН”

– Электрондук чылым “вейп” деп да аталат. Вейперлер – электрондук тамеки тарткандар, вейпинг – тамеки тартуу процесси.

Тамекинин бул түрүн адам ар кандай максатта тартып көрүп, анан үйрөнүп кетишет. Мисалы, кадимки чылымды таштоо, нерв чыңалганда өзүн алаксытуу, өз чөйрөсүнөн бөлүнгүсү келбегени үчүн. Кызыгып, зыяны жок деген сөзгө ишенип алышат.

Кыргызстанда электрондук чылым тарткандардын саны улам өсүп баратат. Көбүнчө жаштар, өспүрүмдөр чегишет. 14-18 жаштагылар арасында эркектер менен кыздар теңтайлаша чегип жүргөнүнө күбө болуудабыз. Жаштар аны мода, өзүн жетилген адам катары көрсөтүү үчүн да чегишет. Муну көбүнүн ата-энеси билбей калууда. Анткени картриджиндеги суюктукка ар түрдүү жемиштердин жытын берген заттарды кошушат. Кийими, чачы, оозунан чылымдын жыты жыттанбайт.

Электрондук чылым өлкөбүзгө аткезчилик жол менен да кирери айтылат. Демек, жасалмалары бар. Суюктугунун курамында эмнелер бар экени белгисиз. Чет өлкөдө, анын ичинде Орусияда курамында никотин жок дегендерин текшергенде аз өлчөмдө болсо да курамынан никотин табылган учурлар көп катталган. Бул өндүрүүчүлөрдүн дайымкы жана жаңы кардарларын никотинге көз каранды кылып кармап турууга, санын өстүрүүгө кылган аракеттери.

ВЕЙПТИ ТАКАЙ КОЛДОНУУДАН ОРГАНИЗМ КАНДАЙ ЗЫЯН ТАРТАТ?

– Ысыгында бууга айлануучу картриджиндеги суюктук көбүнчө булардан турат: глицерин, пропиленгликоль (E1520), жыт берүүчү кошулмалар, никотин жана башкалар. Түштүк Корея, Япония, АКШ, Англиянын окумуштуулары электрондук чылымдын зыянын изилдешип, расмий маалымат беришкен. Жалпылап алганда зыяны төмөнкүдөй:

• Вейптерде синтетикалык уулуу никотин колдонулат. Мындай никотин кадимки тамекидеги никотинге салыштырмалуу ооздон эле канга өтөт да, мээге абдан тез жетет. Бул жаңы үйрөнчүктөргө никотинге көз карындылыкты бат жаратса, чегип жүргөндөрдөгү көз карандылык абдан күчөйт.

• Курамындагы диацетил – каймак, каймак майдын жытындай жыт берип, жасалма түрдө алынуучу зат. Ал өпкөнүн майда аба баштыкчаларын – бронхиолдорду сезгендирип, оору жаратат.

• Пропиленгликоль организмден оңою менен чыкпай чогула берчү зат. Ал боор, бөйрөктүн иштешин бузуп, аллергияны, ар түрдүү жараларды жаратат.

• Глицерин менен пропиленгликоль ысыганда реакция жүрүп, уулуу акролеин жана формальдегид заттарын пайда кылат. Бул 2 зат бронхит, бронхиалдык астманы чакырат. Кан басымды түшүрөт.

• Никель – уулуу зат. Ринит, бронхиалдык астма, өпкө жана мурун рагын жаратат.

• Коргошун – мээ, бөйрөк, сөөк, боордо чогулуп, ар түрдүү дарттардын жаралышын шарттайт.

• Ароматизаторлор аллергияны, бронхиалдык астманы чакырат.

• Боюнда барларда бойдон түшүү, ара төрөө, ымыркайдын жүрөк кемтиги оорусу менен төрөлүү коркунучу бар.

Жогорудагы заттар организмге көп өлчөмдө киргенде баш жана көңүл айлануу, кусуу, баш оору, шилекейдин көп агышы, ичтеги оорутуу, шалдыроону да жаратат. Мээге кычкылтек жетиштүү өлчөмдө барбай акырындап эс-тутум, ойлоо, иштөө жөндөмү начарлайт. Андыктан балдарга абдан зыян. Электрондук чылымга тезирээк тыюу салынбаса, эртең кеч болуп калышы мүмкүн. Келечек муундун ден соолугун талкалап алабыз.

Супердин сурак бурчу

ӨЛКӨДӨ ЭЛЕКТРОНДУК ЧЫЛЫМГА ТЫЮУ САЛЫНЫШЫ КЕРЕКПИ?

Нурланбек Ирисов, 48 жашта, Ош:

– 25 жыл бою кадимки тамеки чектим, аны таштаганыма 2 ай эле болду. Таштоо өтө кыйын экен. Электрондук тамекиге деле көз каранды болуп каласың, таштоо кыйын болот аны деле. Анын үстүнө ден соолукка гана эмес, чөнтөккө да оордук келет. Андай чылымды саттырбай коюу сунушун колдойм.

Айнура Абдрахманова, 52 жашта, Ысык-Көл:

– Балдар 6-7-класстан тарта чегип жатышат. Тыюу салуу керек. Бирок андан мурун насыбайга тыюу салышса болмок. Анткени көчө, коомдук жайлардын баары эле түкүрүк. Анын зыяны, менин билишимче, кадимки тамеки менен электрондук тамекиден кем эмес.

Тимур Элетенов, 34 жашта, Нарын:

– Бишкекте супермаркетте иштеп жүргөнүмдө мектеп окуучулары вейп уурдап кармалышчу.
18 жашка чейинкилерге сатууга тыюу салынганы менен, ар кандай жолдор аркылуу таап чегип жатышат. Ден соолуктарына зыянын тийгизүүдө, тыюу салынса жакшы эле болмок.

Гүлкайыр Эргешова, 36 жашта, Баткен:

– Жогорку класстын окуучулары, студенттердин тарткандарын көрүп калам. Көп тартса ооруларды, анын ичинде ракты жаратарын билем. Тыюу салуу керек, колдойм. Ага чейин мектепте, орто окуу жайларда электрондук тамекинин зыяны тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.

Азамат Кулукеев, 36 жашта, Бишкек:

– Тыюу салуу керек. Бул кадимки тамекиден да жаман, анткени курамы синтетикалык уулуу заттардан турат. Ден соолукка кооптуу. Супермаркеттерде, чакан витринада туруп саткандарды да жок кылыш керек. Эркектердин кадимки тамеки тартуусун койдура албай жатканда, бул кошумча баш оору болду.

Насипа, Мамасалиева, 46 жашта, Жалал-Абад:

– Электрондук тамекинин зыяны тууралуу айтылып жатса деле жаштар кулакка илбей келишет. Андыктан тыюу салып, мектеп курагынан баштап балдарды туура тамактанууга, сергек жашоо образына үйрөтүү керек.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1072, 23-29-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан