Асанкалый Керимбаевдин “Ак булуттар”, “Кусалык”, Апаз Жайнаковдун “Кыргыз жери”, “Бадам гүлү”, “Ак бата”, Рыспай Абдыкадыровдун “Ак куулар сени сагынар” сыяктуу бир топ ырларды ийине жеткире аткарган бир таланттуу инсан бар. Ал – ырчы, аккордеончу Равшан Момунов. Өнөр ээси менен жакындан таанышып алыңыз.
– Равшан мырза, чыгармачылыкка кантип баш багып, кантип аралаштыңыз?
– Чыгармачылык өнөр мага генден берилген, апам музыкант, баянда ойнойт. Апам аркылуу 3 жашымдан музыка дүйнөсүнө аралаштым. Бала чагым Лейлек районунун азыркы Мурас айылында өткөн. Адегенде баяндан баштагам, ал убакта кинолордон үзүндүлөрдү ойноп калчумун, апам “мындай ойно” деп үйрөтөр эле. 3-классымда бир сынакта биринчи жолу Асанкалый Керимбаевдин “бир бетиң өпсөм, бир бетиң калат” деген ырын ырдагам. Ал эми аккордеонду 7-класстан тарта ойной баштадым. Азыр ойлоп көрсөм, бала кезден эле Асанкалый Керимбаевдин ырларына кызыкчу экенмин. Негизи мектепте француз тилин жакшы билчүмүн, Галбай Максытов деген агай берчү, француз тили боюнча облустук, республикалык деңгээлдеги олимпиадаларга катышкам. Бирок республикалык олимпиададан кичине канатым кайрылып калды, болбосо ошол багытта окууга тапшырайын деген тилегим бар эле. Мектепти аяктап жатканда Ата түрк Ала-Тоо университетинен келишимдик негизде окууга чакыруу келген. Бирок окуу акысын төлөө кыйын болмок. 2000-жылдары айылда жашоо оор, ата-энебиздин айлыгын карап жашайбыз. Ошентип ОшМУнун искусство факультетине тапшыргам. Университетти аяктагандан кийин ошол эле жерде мугалим болуп калдым, буга Ибрагим Жунусов агайыбыздын салымы чоң.
– Эл алдына ырчы катары, аккордеончу катары качан чыга баштадыңыз?
– Эл алдына 2010-2011-жылдары чыктым. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ОшМУнун профессору Ибрагим Жунусов агайдын колунан сабак алдым. Агай менен көп жүрдүм, сахнаны, көп жерди көрдүм. Бирок аккордеонго аралашпадым. Кийин агайым депутат болуп кетти. Бир күнү куудул агабыз Тынар Курбаналиев бир жерге ырдап бер деп чакырып калды. Ага чейин ал менин ырдаганымды уккан эмес. Барсам, 10-15 адам отурган экен, “Ак булуттарды” ырдадым, ырдап бүтөрүм менен Тынар аке “эртең менин концертиме катышасың” деди. Ошентип сахнага аккордеон менен биринчи жолу алып чыккан, элге тааныштырган инсан Тынар акебиз болду.
Апаз Жайнаков агайыбыз менен 7-8 жылдай жүрдүм, сабак алдым. Бир жолу Жолболду Алибаев агайыбыздын 60 жылдык юбилейинде “Ак булуттарды” ырдасам Жолболду агай мени катуу урушту. “Сен мындай талантты бекитпе, чык, көбүрөөк иште” деди. Ошол сөз мага катуу таасир берди.
Чыгармачылыгыма ОшМУнун мурунку ректору Каныбек Исаковдун да эмгеги чоң. Ал киши студенттер менен жолугушууда “бул күн менин кыялым эле, кыялыма жеттим, силер да кыялдангыла, кыялданганга акча кетпейт” деген сөзүнө таасирленип 2016-жылы концерт койгом.
– Өзүңүз да обон жаратасызбы?
– Обондорум бар, бирок азыраак. Аткаруучулукка баш-отуң менен кирип алгандан кийин обон жаратууда ошол аткарып жүргөн обончулардын кайрыгына кирип кетесиң. Жаңы обон жаратып баратып, бир жерине барганда эле тиги обончулардын кайрыгына кирип кетем. Анан кайта албай калам да, токтотуп коём. Өзүмдүн обондорум бар, элге чыгара элекмин. 2016-жылы биринчи концертимде “Атама” деген чыгармамды, анан Жеңишбек Жумакадыр агайыбыздын сөзүнө жазылган “Ыйлаба, ыйлабачы, булуттарым” деген обонумду алып чыккам. Чыгарма деле жаш баладай болот экен, таптап, жетилмейинче элге алып чыкканга болбойт.
Ыраматылык Жыпара Умарова деген акын эжекебиздин көзү өтөр алдында бир текстине обон жаздым эле, ага Түмөнбай Колдошов да обон жазган. Эжеке биздин факультетке келип калганда фортепианодо ырдап берсем көзүнө жаш алып, “мен клибин да элестетип койдум, көлдүн боюнда ак куулар, ак куулардын фонунда эки жашты коюп клип тартыш керек” деген эле.
– Анан ал ыр да элге чыккан жокпу?
– Чыга элек азырынча, аны 2007-жылы жазгам. Ырдын текстин Ибрагим Жусунов агайдын кабинетинен, фортепианонун үстүнө коюп койгон экен, көрүп жактырып калып, айтпай алып кетип калган элем.
– Үй-бүлөңүз тууралуу маалымат алсак...
– 5 перзентим бар, 3 уул, 2 кыз. Келинчегим да ОшМУда медицина факультетинде мугалим болуп иштейт. Улуу балам 9-классты, экинчиси 7-классты бүттү. Үчүнчү балам футбол жаатында, мамлекеттик деңгээлде кичи мелдештерге катышып жүрөт. Кыздарым бала бакчага барышат.
– Аккордеончулук сиз үчүн?
– Аккордеончулук – менин жашоом, Кудай берген ырыскым. Үй-бүлөмдү ушу чыгармачылык аркылуу багып, өзүмдүн жолумду таап келе жатам, мен үчүн бул жашоодогу көп нерсеге жол ачкан – аккордеон.
– Азыркы коомдо аккордеончулардын орду канчалык деп ойлойсуз?
– Бир убакта аккордеон жоголуп кетти эле, азыр аккордеончулар күчтүү чыгып келе жатышат. Мисалы, биздин искусство факультетинде эле күчтүү аккордеончу студенттер бар. Өткөндө Бишкекке барганда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетинен да көрүп келдим. Аккордеондун эки тармагы бар, бизде аккордеондо ырдаган тармак жакшы өнүккөн. Анан чыныгы классиктер бар, алар ырдашпайт.
– Асанкалый Керимбаевдин дүйнөсү менен качан тааныштыңыз?
– Асанкалый Керимбаевдин ырлары менин жан дүйнөмө туура келет, бала кезден аткарып, анын ырларына байланып калдым. Кээде менден “Асанкалый Керимбаев сиздин агайыңыз беле?” деп сурап калышат. Жок, мен ал кишини көргөн эмесмин. Агай болуш үчүн сөзсүз эле андан сабак алыш керек эмес, мен ал агайдын ырларынан таасир алдым, демек, агайым дегенге акым бар. Мүмкүн, агайдын экинчи өмүрүн узартканга колумдан келишинче салымымды кошуп жаткандырмын.
– Талант – Кудайдан берилген аманат, аманатка канчалык деңгээлде жоопкерчиликтүү мамиле кылып жатам деп ойлойсуз?
– Аманатка кыянаттык кылбадым, анын жоопкерчилигин сезем. Себеби аткаруучулук жолдо чыгармачыл инсандардын ырлары менен күнүмдүк нанымды таап жеп, азыркы деңгээлге жетип жатам. Кудай буюрса, алдыда көп жакшы иштерди жасайын деген ниетим бар.
– Жашоодо өкүнгөнүңүз эмне?
– Жашоодо өкүнүчүм бар. Мени колдогон атам жок (ыйлап), ошол өкүнүчүм.
– Атаңыз тууралуу айтып берсеңиз...
– Атам мектепте дене тарбия мугалими эле, өзү спортчу болгону менен, мени колдоп көп жүрдү. Атамдай мени эч ким колдобойт эле, бирок ушул күндөрдү көрбөй өтүп кетти (ыйлап). Атам 2011-жылы, 57 жашында каза болду. Ата журтум спорту, чабандестер, тага журтум педагогдор.
– Атаңыздын бейишин берсин. Сизге ийгилик каалайм!
Гулийпа Маметосмон кызы