– Эмне кылам эми?
– Мен кайдан билейин. Иши кылып курсагыңдагыны жогот. Өзүң билесиң, мен сага үйлөнө албайм. Тиги жакта эки балам, аялым...
– Акмаксың сен, бала жасап жатканда алар эсиңден чыгып кетти да, ээ?! Сага ишенген мен келесоо. Кечээ эле "сенсиз жашоомдун көркү жок, сенсиз өлөм" деп жатпадың беле?
– Ооба, дегем, сүйүп калгам сени. Болгондо да башымды жоготуп сүйгөм.
– Анан?
– Болдучу эми, акча берем, врачтарга да сүйлөшүп берем кааласаң. Сага да, мага да кереги жок бул баш оорунун. Мурункудай күлүп-жайнап жашай беребиз.
Келин тигинин эркелеткен колун силкип салып, ордунан тура жөнөдү. Балконго чыгып чылым түтөттү. “Боюңда бар” дегенди уккандан бери чылымды токтотуп жаткан. Азыр ага баары бир болуп калдыбы, же чылымдан болсо да күчүн, күйүтүн чыгарып алгысы келдиби, баса-баса соруп жатты. Көзүнүн жашы он талаа болуп кетти. “Баш оору деп коёт. Уяты жок десе, кечээ эле башкача сүйлөп отурбады беле”. Ушул кезде ал эркегинин “баланы алдыр” дегенине жини келип жаттыбы, же тээ түпкүрдө да болсо үлбүл үмүтү бар неме жалп өчкөнүнө жини келдиби, түшүнбөй жатты. “Сүйөм” дегени менен, ал көзүн жумуп басып кете албай турган үй-бүлөсү бар экенин даана сезди. “Мындан да чыгасың, бул кыйынчылыкты да көтөрөсүң” деп жатты ичинде өзүнө кайрат берип. Бирок жүрөк аталган көөдөнүндөгү эт эзилип жатты.
ххх
Ошол эле кабаттын экинчи тарабындагы үйдө башка бир эрди-катын ичтен сызып уктабай жатышат. Аял канчалык көздөрүн жумуп аракет кылса да болбой, айлар бою курган кыялдары бырын-чырын болгонуна капа. Булар үйлөнгөнгө 8 жылдай болуп калса да наристе жытын жыттай албай жүргөн жубайлар эле. Канчалаган доктурларга барышпады. Бирок алар күткөн бакыт кечиге берди. Алар күткөндөн тажабай улам балалуу болуунун жаңы жолдорун издеп жатышты. Акыры жасалма уруктандыруу менен аракет кылып көрүшмөй болгон. Бирок бул ыкма да жарабады. Боюна болбосун билишти.
Тыбырчылап уктабай жаткан аялын аядыбы, күйөөсү туруп суу алып келип ичти.
– Суу ичесиңби?-деди ал башкача мээрим менен. Аял көз жашын билгизбей аарчып жылмая берди.
– Жок, жаным, сен эмне уктабай жатасың?
– Уйкум качты да...
– Азамат, мен сага ыраазымын. Эгерде менин айымдан сен балалуу боло албай калсаң, өзүмдү кечирбейм. Жакшысы, сен башка аял ал.
– Хм, ошондо эле баары жай-жайына туруп калган жатабы? Сенчи?
– Мен эмне? Мен жашайм, иштейм. Иши кылып бир күнүмдү көрөм да. Сен бактылуу болсоң болду мага.
– Мен сенсиз бактылуу боло албайм да. Мейли баласыз өтөйүн дүйнөдөн, бирок сенсиз кантип...
Күйөөсү чын дилинен айтып жатканын аялы билди. Ага акырын жакындап ийинине башын койду.
– Анан ушинтип өтүп кете беребизби?
– Айла жок, жашоодо биз биринчи же акыркы эмеспиз го. Эң негизгиси бирибизге бирибиз барбыз. Тагдырга баш ийишибиз керек.
ххх
“Жок, мындай чоң мөөнөттө баланы ала албайбыз. Эч ким ала албайт” дешти барган врачтын баары бир ооздон. Каалаган акчаны сунуштап көрүштү, бирок баш чайкап туруп алышты. Бир врач чындап эле жинденип кабинетинен кууп чыкты. “Ай, кандай немесиңер?! Боюңдагы кыймылдап, кадимкидей эле бала болуп калыптыр, ушуга чейин эмне кылып жүрдүңөр эле?” деди. Боюнда бар келин эрдин тиштене берди. Үлбүл жанган үмүтү менен сүйгөнүн ушул курсактагы бала менен үй-бүлөсүнөн ажыратып алам деп ойлоп жүрүп кеч калганын кантип айтат? Тигиниси болсо “баланы алдырса болбойт” дегенди уккандан кийин эле жолобой качты. Телефон да албай калды. Андан да жаманы, аялы ажаан неме экен, келиндин жумушуна келип абийирин төгүп кетти. Келиндин жаны ачыды. Ушунча жыл сүйүп мамиле куруп келе жатып, биринчи кыйынчылыкта артын карабай качкан эркегине жаны кашайды. Аны жек көрөм деп жатып ичиндеги баланы унутту. Эми кээде арактан да алып ийип, баса-баса чылым түтөтүп жиберчү болду. Жашоодогу ызасын ичиндеги наристеден чыгарып жаткандай эле. Эми ага баары бирдей, куду белинен бирөө омкоруп сындырып туруп басып кеткендей болчу абалы. Дүйнөгө таарынычы ушунчалык, эмне кылып, эмне коюп жатканын да кээде билбей калчу болду.
Ошондой оор күндөрдүн биринде наристе жарык дүйнөгө келди. Дени сак, таптатынакай кыз бала төрөлдү. Анан калса, атасын тарткан окшобойбу, өңдүү-түстүү болчудай. Жоош дагы, болгону апасы эмнеге башка апалардай аны колуна алып эркелетпей жатканын түшүнбөй жаткандай болпоюп карап коёт. Баары кызыгып карап жатышты кызды төрөтканада, анткени периштедей жакшынакай эле. Бир гана апасы бурулуп карап койгон жок. Мээрим салып эмизген да жок.Безирейип бир чекитти тиктегени тиктеген. Ошол боюнча төрөтканадан чыкты. Колунда наристе, же жакыны жок, же иши жок, ишенген кишиси телефон албайт. Тоюп кетти. Эмне болсо ошол болсун деди да, көр жерин жыйыштырды. Бир колуна сумкасын көтөрүп, экинчи колуна наристесин алып босогодо турду. “Кетем, бул өлкөдөн” деди. Батирин да өткөрбөй эле кете бермей болду. Ачкычты полдо турган килемченин алдына койду.
Наристесин каршысындагы баягы балалуу боло албай жүргөн жубайлардын эшигине таштамай болду. Эне да, баланы жаткырып жатып, чыдай албай кызынын маңдайынан бир жыттап алды. Бул анын биринчи да, акыркы да мээрими эле. Бечара келин наристенин буркураган жыты өмүр бою аны ээрчий турганын, ушул түйүнчөктөй түйүлгөн периштеге бир өмүр куса болорун билбей качып бара жатты. Өз бактысы эмнеде экенин билбей, аэропортко шашылып бара жатты.
ххх
– Уксаң, бала ыйлап жаткандай үн чыгып жатат.
– Жаным, түш көрүп жатасың. Кайдагы бала?
– Жок, жок, жүрсөң да...
Уйкулуу көз менен турган эркек тыңшай берип элейип калды. Чын эле баланын үнү. Шаша-буша эшикти ача салса эшиктин алдында оролгон наристе жатат. Көргөн көздөрүнө ишенбей бири-бирин карашты. Аял баланы ала коюп бооруна кысты.
– Жаңы эле төрөлгөн окшойт...- деди кубанычтан эмне кыларын билбей.
Экөө баланы кучактап отуруп калышты. Жаңы тапкан – чыныгы энесинин боорунда наристе бышылдап уктап жатты. Бакыттан албырган экөө Кудайдын мындай белегине ишене албай эс-мас.
– Айтпадым беле, жаным, бизге да күн тиет дедим беле? Мына бакыт!- деди күйөөсү жылмайып.
– Ооба,эми үчөөбүз түбөлүккө бактылуубуз!-деди бакыттан көз жашын агызган чыныгы эне.
Айлин Д