БУРЖУ ӨЗБЕРК

Буржу Өзберк түрк элинин көрүнүктүү актрисаларынын бири. Айтылуу Даңазалуу доор сериалында Ибрагим паша менен Хатиже султандын кызы Хурижихан султандын ролу менен көпчүлүккө таанылган. Сулуулугу, таланты, кинодогу, театрдагы ролдору анын өмүр баянына болгон кызыгуубузду арттырды.

Буржу Өзберк

Туулган жери: Түркия, Эскишехир

Туулган жылы: 1989-жыл, 12-декабрь

Жылдыз белгиси: жаачы

Бою: 165 сантиметр

Кесиби: актриса

Тартылган белгилүү сериалдары: “Даңазалуу доор”, “Гүнештин кыздары”, “Эл көзүндөгү сүйүү”, “Сүйүү, акыл, өч алуу...”, “Ханыша” жана башка

Инстаграмдагы катталуучуларынын саны – 9,4 миллион

Актриса Ханде Эрчел менен абдан жакын курбулардан. Экөө Стамбулдагы бир райондо бири-бирине жакын жашашат.

Жаныбарларды жакшы көрөт. Аляска маламуту, француз бульдогу жана кангал породасындагы 3 ити, ошондой эле 4 мышыгы бар.

БИЗ ЭКРАНДАН КӨРБӨГӨН БУРЖУ

“Экрандан сырткаркы жашоодо жөнөкөй, үй-бүлөсүн сүйгөн Буржумун. Таң эрте туруп, киши азда көчөдө колума кофе кармап алып сейилдегенди жактырам. Досторум келет, чогуу кино көрөбүз, ар кайсыны сүйлөшөбүз. Мындан артык эс алуунун кереги деле жок...”

Чыгармачылыктан алыс үй-бүлөдө төрөлгөнү менен, кичинесинен музыкага жакын чоңойду. Эжеси экөө биригип алып айланасындагыларга күндө же “концерт”, же “спектакль” коюшат эле. Мектепти бүткөндөн кийин да эжеси экөө чогуу консерваторияга тапшырышкан. Эжеси виолончель, Буржу болсо скрипка бөлүмүнө. Бирок күнүнө 7-8 саат бир бөлмөгө камалып отуруп, скрипка черте бергенден кыз тажап кеткен. Анан келечегин сынамакка Анкарага барып, театралдык окуу жайга тапшырып, өтүп кеткен.

ТЕАТРДАН БАШТАЛГАН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК

“Актрисалык карьерам театрдан башталды. Чоң сахнага чыгуу, элдин кол чабуусун угуу көптөн берки кыялым эле. Алгачкы ролумду алып, эл алдына чыгарда колу-бутум титиреп толкунданганым азыр да эсимден кетпейт...”

Атасы Анкарадагы батирине акча салып жиберчү. Калган керектөөлөрүн жабыш үчүн колуна тийген жумушту жасай берет эле. Көпкө чейин балдардын майрамдарында клоун болуп иштегенин айтып калат актриса. Студенттик жашоосун такыр башка нукка бурган “Татбикат” театрынын башкы режиссёру, актёр Эрдал Бешикчиолу болду. Буржунун талантын байкаган режиссёр аны өз театрына чакырат. Ошентип актрисалык тушоосу театр сахнасында «Маркиз де Саддын калем сабы» спектаклинде кесилген. Дебюттук ролдон кийин кыз өзүнө туура келген кесипти тандаганын түшүнгөн. Ал эми Эрдал Бешикчиолу ага устат, жол көрсөтүүчү, кино дүйнөсүнө аралаштырган адам болуп калды.

КИНО

“Театр менен кино такыр эки башка дүйнө. Экөөнү бири-бири менен салыштырып болбойт. Актёрлордон театр менен кинематография ар башка тарбияны, жөндөмдү, талантты талап кылат...”

Бешикчиолу Буржуну керектүү адамдар менен тааныштырып, “Даңазалуу доор” сериалынан көрүнүктүү эле роль алганга жетишкен. Тартуу иштери Стамбулда жүргөндүктөн, актриса ойлонбостон аталган шаарга келе берген. Сулейман султандын оң колу Ибрагим пашанын кызы Хурижихан султандын ролу Буржуга дүйнөлүк атактуулук алып келди. Масштабдуу долбоордон кийин актрисага көптөгөн сунуштар түшө баштаган. Буржунун кийинки тандоосу “Гүнештин кыздары” болгон. Бул сериал аны карьералык дагы бир тепкичке жогору көтөрдү десек болот. “Эл көзүндөгү сүйүү”, “Сүйүү, акыл, өч алуу...” сериалдарын кыргыз сериал сүйүүчүлөрү да калтырбай көрүштү окшойт. Учурда анын драма жанрындагы “Ханыша” долбооруна көз салгандар көп.

МОДАГА КӨЗ КАРАШЫ

“Азыркы мода дүйнөсүндөгү тенденцияларга көз салып, акыркы жаңылыктардан кабардар болуп турам. Өзүмө жакса, жарашса ала берем. Кайсы бир бренддин күйөрманы болуп, чыгарган жаңы нерселеринин баарын алышым керек деп куубайм”.

Буржу өзүн модель деп эсептебейт жана кайсы бир убакта бул кесипти аркалап калам деп ойлобойт. Ошентсе да мода дүйнөсүндөгү жакын тааныштары чакырса модель катары подиумга чыгып калат. Андан сырткары жарнамаларга фотомодель катары тартыла берет.

ҮЙ-БҮЛӨ КҮТКӨНГӨ ДАЯР...

“Акыркы убакта үй-бүлө күтүп, балалуу болсом деп көп ойлоно баштадым. Бирок жеке жашоого жетишерлик көңүл бурууга убакыт таппай келем. Бир чети жумушумда суроо-талап жогору кезинде иштеп алгым келет...”

Буржуга акылдуу, бардык тараптан бутуна турган, тамашакөй мырзалар жагат. Бул критерийлерге туура келгенби, айтор, Альперен Дуймаз, Айтек Саян, Али Эрсан Дуру аттуу түрктөрдүн белгилүү актёрлору Буржу менен сүйүү романын куруп көрүшкөн. Бирок бири да актрисанын аты жок манжасына нике шакегин сала алышкан жок.

“СҮЙЛӨП, АНДАН КИЙИН ОЙЛОНОМ”

“Сыртымдан башкаларга менменсинген адам катары көрүнөт экем. Анын үстүнө бетке айта турган сапатым да көп учурда мага каршы ойноп коёт. Биринчи сүйлөп алып, анан мага ушунун кереги бар беле деп түштөн кийин ойлонуп калам”.

Буржуну жакындары энергияга бай, шайыр, камкор адам деп мүнөздөшөт. Үй-бүлөсүнө, дос-тааныштарына колдон келишинче жардам берет. Ошол эле учурда бирөөнү өзүнүн чек арасына киргизгенди жактырбаган, өзүн баалаган адам дешет. Актриса жашоодо жан дүйнөнүн тынчтыгынан өткөн баалуулук жок дейт. Каякта болбо, эгер жан дүйнөң тынч албаса, анда ал жерден кет деп кеңеш берет.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1073, 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан