Рулдагы жылдыз
“Тойота Карина Ешка, майды аз жешка” деп тамашалай сүйлөгөн легендарлуу “Биз” тобунун ырчысы Бактияр Токторов бүгүн рулдагы жашоосу жөнүндө маек куруп берди. Учурда ал жетинчи машинасы Е классындагы Тойота Карина үлгүсүндөгү тулпарын минип жүрөт. Алгачкы Жигулисин 24 жашында алыптыр...
– Бактияр байке, алгачкы жолу рулга отурган күнүңүз эсиңиздеби?
– Э-э-й, ал күндөр карып, артта калды. Анда 5-класста окучумун. Алим агам экөөбүз тамекиге иштеп, мотоцикл сатып алганбыз. Аны Лейлектин көчөсүн чаңытып айдап жүргөн күндөр азыр деле көз алдымда.
– Тойота Карина Ешкаңыз эмнеси менен жагат?
– Бул япондор чыгарган машина. Алардын ийкемдүүлүгү ушунчалык күчтүү, мындай сапаты машина курууга да өтүп кеткендей туюлат. Анан да жумшак келет, бекем, чыдамкай. Бир жери үзүлүп калса деле жүрө берет.
– Алмаштырбайсызбы?
– Каражат болсо, албетте, алмаштырсам дейм. Бирок муну машинам укпасын. Мындайды укканда таарынып, мага тултуңдап “кыялын” көрсөтөт.
– “Таарынат, тултуңдайт” дейсизби? Эмне, жандуудай мамиле жасайсызбы?
– Ооба, муну темир дегенибиз менен, жаны бар. Жүрөгү мотор, көзү фаралар дегендей. Ал тууралуу ичинде отуруп “алмаштырам” дегендей сөздөр болуп калса таарынып калат. Эртеси тултуңдап бузулуп, иштебей коёт. Бул мүнөзүн билип, эч жаман сөз сүйлөбөйм. Тескерисинче, эркелетем.
– Кантип эркелетесиз?
– Көбүнчө айланайыным дейм. Бул сөзүм менен келинчегимди да эркелетем. Эгер ал угуп калса, “неге мага айткан сөзүңүздү машинага да айтасыз?” деп кызганып күлүп калат.
– “Мырзалар айымдарга караганда машинасын артык көрөт” деген түшүнүк бар, буга сиздин оюңуз кандай?
– (Күлүп) Негизи, унаа менен айым бири-бирин толуктап турат. Экөө тең жашоодо керек. Айырмасы – машинаны алмаштырса болот, бирок аялды эмес. Жаңы машина алса болот, ал эми жаңы келинчек алууга болбойт деген сөз.
– Машинанын түсүнө көңүл бурасызбы?
– Негизи, ак жолтой болсун деп дайым ак машина тандачумун. “Түсүм кара болгону менин, ниетим, тишим да ак” деп тамашалашат го. Анын сыңарындай машинанын түсү ак болбосо да, ниети ак экенин бул күңүрт жашыл түстөгү унаам далилдеп өттү. Мени ушуга чейин жамандыкка алып барып, ишеничтен чыккан жок, тфү, тфү, тфү...
– Бирөөгө машина айдоону үйрөттүңүз беле?
– Мурун сеп этип алганда “Биз” тобундагы жигиттерге “отур, айда, үйрөн!” деп көп айтып калчумун. Кызуулуктун деми менен топтогу көп жигиттерге машина айдаганды үйрөттүм.
– Сиз жогорку ылдамдыкты сүйүүчүлөрдүн катарындасызбы же?..
– Убагында өрт элем. Катуу ылдамдыкта айдап баратып да шоктугумду койбой, жолдогуларга тийишип дегендей. Жаш өтүп, андай алоолонгон сезим да күчүн жоготуп бара жаткандай. Азыр болсо жаш жигиттер “чалдардай айдайсыз да, катуураак айдабайсызбы” деп калышат. Мен акылыма келип, кай жерден эмне кылышты билип калган курагым. Андыктан азыр шашпай айдагандардын катарына кошом өзүмдү.
– Эң катуу айдаган ылдамдыгыңыз?
– Саатына 210-220 чакырым ылдамдыкка чейин жеткем. Көлгө бара жатканда, Кеминден өткөндөн кийинки кең жолдо айдагам.
– Кырсыкка кабылган учур болгон жок беле?
– Болгон. Рулдагы жашоомдо 4 жолу жол кырсыгына кабылып, аман калгам. Эң чоңу Талас-Бишкек жолунда болду эле. Бир Жараткан сактаган.
Бактыгүл Сокушова
star@super.kg