(Башы өткөн сандарда)
Айдай темир тордун артында отуруп көп ойлонду. Жашоосунун “америкалык горкадагыдай” өйдө-төмөндүгүн көп анализдеди. Кечээ эле элге кол жеткис жылдыз болуп көрүнгөн адам бүгүн түрмөдө отурат. Кандай аракет кылбасын баары бир кыйынчылыктан кутула албаганын да көз алдынан өткөрдү. “Тагдырымдан качып кутула албайт окшойм” деп сыздады. Биринчи жолу канаты сынгандай болду, шалдайды, депрессияга түштү. Оор ойлордон баш көтөрө албай отурганда бирөө басып келди. Камерадагылар менен дээрлик сүйлөшчү эмес. Азыр да такыр сүйлөшкүсү келген жок. Тескери бурула берди.
– Боюңда барбы?- деди тиги аял түз эле.
Айдайдын көздөрү алаңдай түштү. Өзүнөн да жашыргысы келип жаткан бул чындыкты кантип билип алды? Ооба же жок дей албай туттугуп кетти.
– Мен акушер-гинекологмун. Боюңда бар экенин биринчи көргөндө эле билгем. Баланы төрөйүн деген ойдосуңбу?- деди тиги аял өктөм. Башка бирөөлөр угуп калдыбы деп Айдай эки жагын карап алды. Жок, баары өз алдынча бир нерселер менен алек болуп жатыптыр.
– Билбейм...- деди оор үшкүрө. – Оюм бир жерде эмес, эртең эмне болорумду билбейм. Бул баланы төрөсөм, кимге калат, кандай болот? Менден дагы ажыратып алып коюшабы? Башымдагы ойлор чар жайыт, бир чечим чыгарыш оор болууда.
– Баланы атасы да сактай албайбы?
Айдай жылмайып алды. Илим бул курсактагы бала тууралуу билсе, баланы сактай турганын беш колундай билет. Айдайды сакташ үчүн ал баарын кылаарына да ишенет. Бирок аны өзү менен кошо түпкүргө түртүп алаарынан кооптонуп жатпайбы?
– Ага айта элекмин.
– Менимче, айт, бул баланын тагдырын экөөң чечишиңер керек. Атасы жүз бурса башка кеп, бирок ал баланы сактай турган болсо төрөп алганың оң. Мунун баары өтөт, бирок балаң калат. Бала деген башкача бакыт, кээ бир аялга такыр берилбей калган бакыт. Мисалы мага...
– Ия?
– Менин балам жок, өзүм канча баланын төрөлүшүнө жардам бердим, миң түркүн ымыркайды колума алдым. Бирок Жараткан өз канымдан чыккан баланы боорума кысышты буюрбаптыр. Ошол бала үчүн да мен бул жактамын.
– Кандайча?
– Азгырылдым. Мүнөттүк алсыздыкка алдырдым. Балалуу болгум келди, бирөө баласын балдар үйүнө таштайм деп чечкенден кийин ал баланы багып алдым. Эми ошол баланы уурдады деп жалган жалаа жабылып ушул жердемин.
– Бала эмне болду?
– Өз энеси алып кетти. Чоңойтуп 6 айлык кылып койгонумда Орусиядан келди да үстүмдөн арыз жазып туруп баланы алып кетти. Мен баарына ыраазы элем, бирок 6 айлык болсо да балам деп боорума кысып калгам. Азыр жатсам да, турсам да балам эсимден кетпейт. Жаңы энесине көндү бекен, эмне тамакты жакшы көрөт, кантип уктаганды жактырат, мунун баарын энеси билип, байкап жатты бекен. Мисалы, кичинесинде көкүрөгүмө башын тыгып алып уктаганды жакшы көрчү. Алгач чочулап жүрдүм думугуп калбайбы деп, кийин андай болбой турганын сездим. Анан башын көтөрүп туруп мени карап ушундай бир ыраазычылык менен күлөт эле. Так ошол учуру көз алдымдан кетпейт. Сагындым баламды...
Орто жашап калган аялды карап туруп Айдай эмнегедир аны кучактагысы келип кетти. Анан кучактап алды. Аялдын кучагы жылуу болчу.
– Эненин кучагы дал сиздей жылуу, жайлуу болсо керек – деди ал жаш аралаш кучактап туруп. Тиги аял аны чачынан сылады. Бир топко кучактап туруп коё берди. Аялдын көздөрүнө тике карады. Ушунчалык мээримдүү көздөрдү ал кайдан көрдү эле? Эч эстей албады.
– Мен да 6 айлыгымда энеси тарабынан ташталган кызмын. Эне мээрими, кучагы кандай болорун эч билбедим. Бирок дал сиздикиндей болсо керек керек - деди жаш аралаш жылмайып. – Апам бар, аны менен жакында эле тааныштым. Таарыныч деле калбады, бирок өмүр бою алыс болсоң жакындашың деле кыйын болуп калат экен.
– Мен сени дайыма телевизордон көрчүмүн, мага ырдаганың жагат. Сени бул жактан көрүү мага таң калычтуу болду. Кош бойлуу экениңди билгенимде аяп кеттим. Сен баланы алдыра тургандай сезилдиң. Ошого жаныңа келип кеңеш айта албай жаттым. Бүгүн сени алыстан карап жүрдүм. Акыры чыдабай жаныңа келдим. Билесиңби, менин окуям сага сабак болушун каалайм. Мен да сендей чарасыз абалда болчумун, 17 жашымда бир зөөкүр зордуктап салып боюмда болду. Жаш элем да, бала эле болчумун. Билгенимде апам ооруканага сүйрөп алып барып алдыртып таштады. Ошону менен мени энелик бакыттан да ажыратты. Үч жолу турмушка чыктым, баласыз болбойт окшойт, ажыраштым. Жапжалгыз калдым. Окудум чокудум, көп адамдарды балалуу кылдым. Бала деп мендей зар какшагандарга колумдан келген жардамымды бердим. Акыры тагдырым ушул жерге алып келди. Ошол үчүн эгерде кенедей эле шоола болсо жашооңдо, бул баланы сактап кал. Туура, кыйын болот, эртең эмне болорун билбей бозоруп сотту күтүп отургандар үчүн андан да кыйын. Бирок сактап калсаң бул бала сенин эртеңки күнүң.
Айдай кайра тиги аялды кучактай калды. Өзү деле баланы алдыра албасын ойлонуп жаткан, бирок ушундай бир колдоого муктаж эле. Бир аз эле колдоого, жакшы сөзгө муктаж болуп турган болчу. Жараткан бул аялды жанына алып келди.
– Сизге ыраазымын, эже. Сиз мен жашоомдо көргөн эң кыйын аялсыз. Сиз эне болбой туруп эне болгон адамсыз. Баланы төрөгөн эле энеси болбойт да, кээде төрөбөй туруп эне болгондор бар. Сиз эң кыйын адамсыз. Мен өмүрүм өткөнчө сизге ыраазымын.
– Демек?
– Төрөйм эже - деди жадырап күлгөн Айдай. – Эртеңим кандай болот эч ким билбейт. Бирок мен бул баланын жүрөк кагышын токтото албайм. Жараткан жар болсо мен балдарым менен жакшы жашоодо жашайм.
– Балдарым? Сенин...
– Ооба, менин дагы бир уулум бар. Жоготуп, өмүр бою издеп, араң тапкан дагы бир уулум бар. Чоңоюп калды тентек - деди жылмайган Айдай.
– Бирок мен сени жалгыз бой, эч бир жакыны жок деп уктум эле, бир топ интервьюларыңды көрдүм эле...
– Ал эми такыр башка окуя эже, бир ыңгайы келгенде айтып берем.
Бул аялдын аты Гүлүм эле. Ошол күндөн баштап Айдайга эже, эне болгон ушул аял болду. Өзү акушер-гинеколог болгон үчүн боюндагы балага кантип туура кам көрүш керек экенин да үйрөтүп жатты. Айдай жашоосундагы эң чоң чечимди ушул аялдын аркасынан кабыл алды.
ххх
Жолугууга келген Илим Айдайды башкача бир маанайда көрдү. Көздөрү тээ баштагыдай жайнап, энергиялуу болуп калган экен. Купкуу, көзүнүн оту өчкөн Айдай эмес, алдында мурунку жайдары Айдай турганына катуу сүйүндү.
– Бир нерсе болдубу? Бир жагдайды эстедиңби?
– Жок, эч нерсе деле эсиме келбеди. Болгону сени сагындым, келгениңе сүйүндүм. Көптөр менден жүз үйрүп кетишкен убакта сен гана менин жанымда болдуң. Мен үчүн жүгүрүп жүрөсүң. Мен сага аябай ыраазымын!
– Эми ошол кеп кантип болсун, мен сенсиз дем ала албайм. Анан кантип сени бул абалда таштап коймок элем. Сен кызыксың го.
– Менин сага өзгөчө сюрпризим бар!..
(Уландысы кийинки санда)