Назира Бегим, дизайнер: “АЭРОПОРТТОН ПРЕЗИДЕНТТЕРДИ ТОСКОН КЫЗДАР АБДАН ТОЛКУНДАНЫШАТ”

Назира Бегим – жарандык активист, акыркы жылдары мода дүйнөсүнө баш багып, кыргыздын улуттук жана салттуу кийимдерин жайылтуу иштери менен алек. Аэропортто учактан түшөрү менен чет элдик өлкө президенттерин нан, боорсок ооз тийгизип, гүл сунуп тосуп алган татынакай кыздарды билсеңиз керек. Каарманыбыз ошол кыздарга кийим тигип, аларды иш-чараларга даярдайт.

“Көрөсүңөр, дипломсуз деле ийгиликке жетсе болорун далилдейм дегем”

– Секелек кезден эле куурчактарга көйнөк тигип, сүрөт тартууга кызыгат элем. Таенем менен чоң энем уз кишилер. Апам да сайма, куракты жакшы сайчу. Мендеги тикмечиликке, дизайнерликке болгон кызыгуу ошолордон өтсө керек деп ойлойм. Университетте окуп жүргөндө да дизайнердик факультетте окуган кыздардын дипломдук иштерине сүрөт тартып берчүмүн. Иш-чараларды уюштурууда да активдүү элем, агайларым “Назиранын жеке концерти болот экен” деп тамашалап калышчу. Дизайнерликке кызыксам да Ысык-Көлдөгү Касым Тыныстанов атындагы университеттин журналистика факультетинде окугам. Аймактык радио, ТВларда ишеп такшалдым, тааныш арттырдым. Бирок окууну аягына чыкпай, таштадым. Атам таарынды эле, ага “ата, аң-сезимим Караколго батпай калды, өсүшүм керек” деп айтканымды эстеп азыркыга чейин күлөм. Окутуучуларым да “дипломсуз эч нерсеге жетпейсиң” дешти, мен аларга “көрөсүңөр, дипломсуз деле ийгиликке жетсе болорун далилдейм” дегеним эсимде. Чынында, дипломсуз эле көп ийгиликтерге жеттим. Бирок баары бир билим алыш керек, кийинки окуу жылында жогорку билим алууну улантсамбы деп жатам.

“Эки аялдуулук маселесин көтөргөндө, мага 2 жолу кол салышты”

– Журналист катары иштеп жүргөндө кыздар, аялдар темасында көп макала жаздым. Өз башымдан да көп нерсе өттү. Чет өлкөдө азгырылып, туура эмес иштерге барган кыздарды көрдүм. Ошондо мага “ошол кыздарды өзүбүздүн эле жигиттер 2-3-аял кылып алса эмнеге болбосун” деген ой келген. Ошол социалдык көйгөйдү чечүү үчүн эки аялдуулукту мыйзамдаштырыш керек экен деген маселени көтөрүп чыктым да, балээге калдым (ред.: Кыргыз мыйзамдары кош никеге уруксат бербей турганын эскертебиз). Башында коомчулук абдан агрессивдүү кабыл алды. Бирок ушул маселени көтөрүп чыкканыма өкүнбөйм, качандыр бир мезгилде биз ошого барабыз, азыр коомчулук аны чайнап жатат. Дарегиме айтылган эмне деген гана кемсинтүүлөрдү уккан жокмун, үй-бүлөмө, кызыма, жеке турмушума чейин асылышты, унчукпай кутулдум. Коркуткандар болду, эки жолу аялдар чогулуп келип мага кол салышты. Ойлоп көрсөм, өмүрү бирөөгө даттанып көрбөптүрмүн. Жадырап-жайнап баары менен жакшы мамиледе жүргөнүм менен, досум жок, сырды аябай бекем катам, жалгыз жүргөндө түнтмүн. Айрым эркектер “мага 2-аял болуп тийчи, күндүзү да, түнү да кандай мамиле кылганды сага көрсөтөйүн” деп жазышат. Чоң эле аялдар “менин күйөөмө токол болуп тийчи, токол кандай болорун көрсөтөйүн” деп коркутушат. Ушундай адамдар мени чыйралтышты, күчтүү кылышты. Өзүм эки жолу турмуш көрдүм. Айтор, жараткан сени сыноолор менен ийлеп, жууруп отуруп күчтүү инсан кылат экен.

“Мода дүйнөсүнө аралаша баштаганда шылдыңдап күлгөндөр болгон”

– Учурда дүйнөлүк мода дүйнөсү Азияга абдан басым жасап жатат, анткени бизде таланттуу дизайнерлер көп. Мен ошол боштукту сезип, мода чөйрөсүн 2016-жылдан тарта изилдей баштадым. 5 жылдан бери Дүйнөлүк көчмөндөр модасы фестивалын өткөрүп келем. Башында мода көргөзмөсүн уюштурам дегенде “колуңдан келбейт” деп көп адам шылдыңдап күлгөн. Бирок аларды уккан жокмун, кыялыма жетем деп эле көгөрдүм да калдым. 2019-жылы атакем каза болгондо Индияда элем, аны акыркы сапарга узата албай калдым. Ошондо көкүрөгүмдөн бук кетпей туруп алды, стресс, депрессия болдум. Жиндидей абалда жүрүп, микроинсульт алдым. Ойлоп көрсөм, микроинсульт алганга чейин өлбөчүдөй жашаптырмын, абдан текебер болгон экем. Жашоомду анализдеп, аны өзгөртүүнү чечтим. Атама кыргыздын улуттук, салттуу кийимдерин дүйнөгө таанытам деп сөз берген жайым бар эле, ошол ишке кириштим. Жаш, жаңы чыгып келе жаткан дизайнерлердин эмгегин дүйнөлүк аренага алып чыгуу – максатым болчу. Ага акырындан жетип келе жатабыз. Долбоорду 1 сомум жок баштагам, акча маанилүү эмес экен. Аракет, каалоо болсо бардык нерсеге жетсе болот тура. Өнөктөштөрдүн жардамы менен эле уюштуруп койдум. Уюштуруу иштери абдан кыйын, стресс болосуң, бирок иштин жыйынтыгын көргөндө кыйынчылыктар унутулат. Бизде бирөө бир нерсе уюштурса эч ким колдобойт, тескерисинче, тепселегенге аракет кылышат.

“Аэропорттон президентти тоскон кызыбыздын эки жолу эси ооп...”

– Президенттик администрация менен 2022-жылдан тарта иштеше баштадык. Былтыр “Рух Ордодо” биздин иш-чара өтө турган учурда 5 өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу туш келип калды. “Иш-чараңарды башка күнгө жылдырып тургула, мамлекеттик иш-чара бар” деп калышты. Ошондо аларга “бизди программаңарга кошкула, кызыктуу көргөзмөбүз бар” деп коллекцияларымды көргөздүм, кыздарымды кийинтип алып бардым. Аябай жактырышты. Өзгөрүүнү өлкө жетекчилерин аэропорттон тосуп алган кыздардан баштадык, өзүңөр көрдүңөр, биздин кийимдер да, кыздарыбыздын сулуулугу да аябай талкуу болду. Ага чейин аэропорттон президенттерди тосуп алган кыздар көмүскөдө эле калчу эмес беле. Модель кыздарга өзүбүздүн талаптар бар: абдан күлбөшү керек, президенттердин көзүнө тике карабашы керек деген сыяктуу. Тосуп алууга 4 кыз даярдайбыз. Экөө негизги, экөө запаста болот. Анткени иш-чара жакындаганда сөзсүз бир окуя болот, мен буга көп жолу ынандым. Бир жолу какшап эскертип жатканыма карабай кыздардын бири кара туфли кийип келип, протоколдон өтпөй калды. Ак туфли кийишсин деп алдын ала айтылган эле да. Ыйлап эле калып калышты, берки запастагылар тосту келген конокторду. Шамал болгондо кыздардын шөкүлөсү, боорсокторубуз учуп кеткен учурлар болот. Түркмөнстандын президентинин биздин кызыбызды суктанып караган фотосу интернетте абдан талкуу болбодубу, ал кызыбыз ошондон кийин өзгөрүп, жылдыз болуп кетти. Президенттерди тосуп алуу алдында кыздар абдан толкунданат, колдору титирейт. Бир жолу бир кызыбыздын эси ооп кулап калды. Көрсө, президентти тосуп аларга аз калганда абдан кабатыр болуптур. Эптеп өзүнө келтирсек, кайра кулап калды. Мамлекеттик иш-чара деген оңой эмес, медициналык текшерүүдөн, атайын эрежелерге ылайык келип өтүү... Жакында Бишкекке келген Азербайжандын, Катардын президенттерин сонун кылып тосуп алдык.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1073, 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан