Зарема Асаналиева, актриса: “АНАРАДАЙ “ТОРМОЗ” ЭМЕСМИН”

Каарманыбыздын тасма талаасында жүргөнүнө быйыл 18 жыл болуптур. Адегенде “Боз салкын” фильмине тартылып, ошол алгачкы ролу менен атагы чыккан. “Мен Анара эмесмин!” деген фраза эсиңизде да? Актрисаны азыр да көптөр Анара деп таанышат. Зарема Асаналиева андан башка бир топ тасмаларга тартылды, театр сахнасында элге өнөрүн тартуулап келген.

– Зарема айым, кош келипсиз! Акыркы жолу сиз тартылган тасма кайсы болду?

– Жумгалга барып “Бир күн” деген кыска метраждуу фильмге тартылып келдим. Тасманы Түркияда окуган, Түркиянын президентинин стипендиясын утуп алган кыргыз кызы тартты.

Мага сценарийди айтпай эле “сценарий сонун, ролго сизди гана ылайык көрүп жатам” деп чакырган. Кино дүйнөсүнө аралашканыма 18 жыл болсо да мурда мынчалык оор роль ойнобоптурмун. Кырсыктын айынан үй-бүлөсүндөгү бардык адамдар каза болуп, жалгыз калган, психикалык жактан жабыркаган аялдын образын жараттым.

– Киного тартылуудан тышкары эмне жумуш кыласыз?

– Аскер институтунда режиссёр-коюучу болуп иштейм, концерттерди уюштурабыз. Кино, театр, концерттер деп эле жүрөм. Театрда иштебей калгам да, кайра барсамбы деп ойлоп жатам.

– Театрдан интриганын айынан кеткем деген экенсиз...

– Ооба, театрда бир кесиптешимдин мамилеси себеп болгон. Болбосо менин теңтушум эмес, Эл артисти аталган эже. Ал киши талантка эмес, мамилеге карайт экен. Мен болсо “эже, сиз кыйынсыз” дебейм да, жасакерлене албайм, оюмдагыны түз айткан мүнөзүм бар. Ошол үчүн жаккан эмесмин ага. Анын туура эмес мамилелерин көрүп, театрдан кетүүнү чечкем. Негизи негативди жаман көрөм. Бирок театрда ойноло элек ролдор бар. Жаш кезде айрым ролдорду аткарып калайын деген ойдо театрга кайтайын деп жатам.

– Ал эже менен кайрадан чогуу иштеп калсаңызчы...

– Иштешпейм го. Ошол эже үчүн ал иштеген театрга барбайм.

– Тасма талаасында тартылганыңызга өкүнүп калган роль барбы?

– Өзүмө жакпаган ролдон дароо эле баш тартам. Сценарий, режиссёр же тартуучу топ жакпай калышы мүмкүн. Актёр укмуш болгону менен, режиссёр начар болсо, роль ачылбай калат. Өкүнгөн ролдорум болгон жок.

Тартуу аянтындагы же театр сахнасында болгон кызыктуу окуялардан сурасам, эстей аласызбы?

– Тартуу аянтында көп жолу таяк жедим, көп жолу жыгылдым. Эптеп-септеп жыгылымыш болуп коюу жарабайт да, таш болобу, цемент болобу чын эле жыгылыш керек. Өзүмдү аябай, буту-колум сыйрылып канаган учурлар көп эле болду. Театрда болгон бир окуя эсиме түштү. Ал учурда ооруп, башымды көтөрө албай жаткам, бирок сахнага чыгышым керек болуп калды. “Менин революциям – менин сүйүүм” деген спектакль болчу. 3 эле киши ойнойбуз, мен, Жамал Сейдакматова жана Болот Тентимишов. Баштан-аяк сахнадан кетпейбиз, сүйлөчү сөзүбүз да көп. Жамал эже мени чачтан кармаган жери бар болчу. Анда чачым узун эле. Чачымдан кармап, колуна ороп туруп тартты эле мурдумдан кан кетти. Кан куюлуп жатат, колум менен аарчып коём. Бети-колум бүт кан болуп калды. Көрүүчүлөр таң кала тиктеп отурушат. Жамал эже сокурдун образында болчу, көзүн жумуп, аябай образга кирип алган, менин кебетемди көргөн деле жок. Спектаклде 3-4 мүнөткө сахнадан көрүнбөй калчу учурум бар болчу. Ошол маалда бирөөнү жардамга чакырып, жерде жаткан жаман чүпүрөктү мурдума тыгып жетиштик. Кайра чыктым. Болот байке мени таң кала тиктеди. Мурдумдан жанагы чүпүрөк бир аз чыгып калган экен, Болот байке аны тартып жиберип жатпайбы. Мурдумдан кан атты. Айла жок, спектакль бүткүчө чыдагам. Бирок ошол спектакль менен “Мыкты дебют” наамын алгам, элге таанылгам, фестивалга катышканбыз, ошол спектаклден улам “Боз салкынга” чакырылгам. Ошол спектакль мага ийгилик алып келди. 18 жашта элем, жаштык кылып баалабаптырмын. Сахнада айтылуу Эл артисттери менен бирге ойноптурмун да.

– “Боз салкынды” бир эскере кетпесек болбос. Ошол тасма тууралуу сөз болгондо эмнени биринчи эстейсиз?

– Жаштыгымды эстейм, 18 жашта элем. Турмуштун көп кыйынчылыгын көрө элек, сонун, кайталангыс мезгил. Ошол кезде киного тартылып калганым үчүн бактылуу экенмин. Көп киши театрда иштеп, бирок киного тартылбай калат.

Өзүмдү эч качан жылдыз сезген эмесмин. Жөнөкөй элемин, кээде актриса экенимди деле унутуп калам. Ошол тасмадан кийин элге таанылдым, бирок башкы ролдо эмесмин да. Асема аябай жылдыз болгон. Жаңы төрөлгөн ымыркайларга Асема деп ысым койгондор көп болгон. Менин образымды да аябай жакшы көрүшчү. Ошол образ менен калдым, 18 жыл өтсө деле мени Анара дей беришет. Ал атымдан кутулбайт болушум керек (жылмайып).

– Элге кайгылуу ролдор менен таанылып, ошол Анаранын образында калып калам деген кабатырлануу болдубу?

– Жок. Биринчи жолу ошол фильмге тартылдым да. Анан ал кинону көрүп, кайгылуу образды жакшы аткарат экен деп чакыра беришип, ошол багытка ыктап кетти. Албетте, өзүмдү комедиянын актрисасы деп эсептебейм, драманы майын чыгара аткарам. Бул деле мүнөзгө жараша экен. Жашоодо деле бир калыптагы адаммын. Анарадай “тормоз” эмесмин, албетте. Жашоодо көп эле сүйлөйм, шаңдуумун.

– Комедиялык роль берсе аткара албайсызбы?

– Аткарам. Искусство институтунда окудум, агайыбыз бизге 5 жыл жалаң комедия ойнотту. Актёр баарын аткарышы керек, бирок айрым ролдор жарашат, айрымдары жарашпай калат.

– Амбициялуусузбу?

– Амбициялуу болгонумда баары башкача болмок. Бирөөлөрдү калп эле мактап, азыркыча айтканда, “пахта коюп” ийгиликке жетсе болот экен. Менде андай сапат жок, бирөөнүн артынан сүйлөбөйм, түз сүйлөп, баарын түз кабыл алам. Мүнөзүм ушундай болгону үчүн топту жарып чыгып кеткен жокмун деп ойлойм. Мен эле мен дебейм. Бирок Кудайга шүгүр, өз багытым, авторитетим бар.

– Бирөөдөн роль талашкан, аткаргыңыз келген роль тийбей ичиңиз ачышып калган учур болдубу?

– Такыр болгон эмес. Бир жолу этюд жасап жатканбыз, ошондо бир кыздыкын туурап коюптурмун. Ал кыз ызы-чуу чыгарганда аябай таң калгам, болбосо аныкын көргөн деле эмесмин. Этюд үчүн ушунча ызы-чуу болсо, анда жөн эле койгула дедим. Ичимден башкы ролду алам деп тургам, рахмат дедим. Негизгиси – адамгерчилик деп ойлойм. Роль үчүн бири-бирибизди жаман көрүп эмне кереги бар? Ар кимге өз ырыскысы буюрсун.

– Бирок жанталашпай коюу менен ийгилик кушун учуруп жиберишиңиз деле мүмкүн да?

– Жок, антип ойлобойм. Кудай буюрган нерсе келет деп ойлойм. Режиссёр ойной аларына көзү жеткен, ишенген актрисаны тандайт да.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз...

– 2 балам бар. Уулум 11 жашта. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайда пианино багыты боюнча окуп жатат. Кызым 4 жарым жашта, балерина болом деп жүрөт.


Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1074, 7-13-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан