Тасма таржымалы
“Күндөр түнгө алмашат, түндөр күнгө... Көпчүлүк өз иштери менен шашып барат. Бир гана Хатико ээсин ушул жерде чыдамсыздык менен күтөт” деп башталган тасманын сценарийи көп адамдардын сезимин козгогон. Япониянын сыймыгы болуп, Голливуддан дүйнөлүк даңкка жолдомо алган “Хатико – эң ишенимдүү дос” тасмасынын таржымалы төмөндө.
Тарткан өлкөлөр – АКШ, Улуу Британия
Жанры – Драма
Продюсери – Ричард Гир
Режиссёру – Лассе Хальстрем
Сценарийин жазгандар – Стивен Линдси, Канэто Синдо
Оператору – Рон Фортунато
Башкы ролдордо – Ричард Гир, Сара Ромер, Жоан Аллен, Жейсон Александер
Чыккан жылы – 2009-жыл
КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Кичинекей күчүк Хатинин (-ко мүчөсү япондордо эркелетүү үчүн колдонулат) поездде профессор Паркер Уилсонго жолукканы кокустук болчу. Ал эми дал ушул күнү экөөнүн достугу башталганы – алардын тагдыры эле.
Алгач профессордун аялы Хатинин үйүндө жашашына караманча каршы болот. Паркер аялын капа кылгысы келбегени менен, күчүктү бирөөгө бергиси келбей, убакытты созгонго аракет кылат. Акыры экөөнүн мамилесин байкаган аялы Хатинин үйүндө калышына уруксат берет. Мына ошентип, Паркерлердин үй-бүлөсүнүн катары Хатико аттуу ит менен толукталат. Хати кожоюнуна чын дилден берилгенин мындан билиңиз, күндө жумушуна узатып барып, кечки саат 5те бекеттен тосуп алар эле.
Бир күнү Хати адаттан тышкары кожоюнун үйдөн чыгаргысы келбей тыбырчылайт. Бул жоругун түшүнбөгөн профессор таң кала жумушуна жөнөйт. Бекетке эми жетерде Хати оозуна кичинекей топту алып чуркап келет. Профессордун япон досу мурун “Хати топту бирөөнүн буйругу менен эмес, өз көңүлү менен алып келет. Ал өзгөчө кырдаалда гана ошентет” деп айткан. Бул ит менен ээсинин акыркы жолугушуусу экенин иттин жүрөгү туйганы менен, адамдын жүрөгү туйбай, сапарын улантат. Ошол күнү лекция убагында жүрөгү токтоп калат. Бекетте отурган Хати станциядан кирген-чыккан адамдарды тиктеп, чыдамкайлык менен кожоюнун күтөт. Бирок күткөн адамы келбейт.
Паркердин өлүмүнөн кийин Хати күн калтырбай станцияга келип, кожоюнун күтүүнү адат кылып алган эле. Алгач үйүнө алып кеткен профессордун кызы иттин кыйналып жатканын көрүп, коё берет. Ит 10 жыл бою күндө кечке маал станцияга келип ээсин күтөт. Окуя сенсацияга айланып, гезиттерге, телеге тартылган Хати сүйүктүү каарманга айланат. Ошентип, өмүр бою ээсин күткөн ит ошол станцияда отуруп каза табат.
ХАТИКО ЧЫНЫГЫ ЖАШООДО
Фильмдин сюжети чыныгы жашоодон алынган. 1924-жылы Токио университетинде иштеген профессор Хидесамуро Уэного жөнөкөй фермер Хатикону белекке берет. («Хати» – япончодон которгондо «сегиз» дегенди билдирет). Тасмадагыдай эле ит аны эртең менен узатып, кечинде тосуп алчу. Кожоюну өлгөн соң ит чындыгында эле 10 жыл бою ээсин күтөт. Бул станцияда иштегендердин, жүргүнчүлөрдүн көзүнө илинип, 1933-жылы профессор Уэнонун мурунку студенти ээсин күткөн ит тууралуу макала жазып чыгат. Окуя Японияда сенсацияга айланып, атактуу япон скульптору ага арнап эстелик тургузат. Сибуй станциясында 1934-жылы Хатикого арналган эстелик тургузулуп, ага Хатико өзү катышкан. Ал эми бир жылдан соң ээсин күткөн ит көз жумат.
Экинчи дүйнөлүк согушта статуя аскердик жабдууга каражат болуп кеткен. Согуштан соң, 1948-жылы ага экинчи жолу эстелик тургузулуп, ал япондуктар үчүн ишенимдин жана сүйүүнүн белгиси болуп келет.
ГИР ӨЗ СЫЙЛЫГЫН ХАТИГЕ БЕРГЕН
Бул окуя тууралуу көп тасмалар тартылган. 1987-жылы «Хатиконун тарыхы» аттуу тасма мыкты тартылып, блокбастерге айланганы менен, дүйнөлүк резонанс жарата алган эмес. Ал эми Ричард Гир Вики Сигекуни Вонг менен биргеликте продюсерлик кылып, Голливуд тарткан “Хатико – эң ишенимдүү дос” тасмасы дүйнөлүк прокатта өзгөчө кабыл алынды. Гирдин колуна тийген сценарий аны ыйлатканга чейин барган.
“Кайра окуп чыктым. Анан кайра... Окуяны жүрөгүмдөн чыгара албай койгондуктан, бул ишке киришүүнү чечтим. Көрүүчүлөр тасмада башкы каарман мен деп билишет. А мен айтар элем, бул фильмде башкы каарман – Хатико”,- дейт Гир. Бул сөзүн тастыктаган ал сыйлык алууга барганда кызыл килемден Хатинин ролун аткарган ит менен өтүп, сыйлыкты анын моюнуна таккан.
“АМЕРИКАЛЫКТАР ЭМЕС, ЯПОНДУКТАР”
Тасманын бюджети 16 000 000 долларды түзүп, дүйнөлүк прокаттан 46 184 345 доллар киреше түшкөн. Фильм Бристолдо, Вунсокетте, Род-Айленд жана Японияда тартылган. Тасмадагы саундтрек дагы көңүл бурууга татырлык. Көңүл толкуткан композиция – «Good bye» Ян Качмарга таандык.
Хатиконун ролу үчүн дүйнөнүн ар кайсы бурчунан Чико, Лайла жана Форест аталган үч ит таап келишкен. Булар Хатинин ар башка курагын ойношкон. Фильмге чакырылган дрессировкачы Боон Наррсыз бир да эпизод тартылган эмес. “Тасмадагы эң оор трюк эмне болот?” деп Гир сураганда, ага Нарр: “Ричард, эң кыйыны, итти өзүңө көндүрүү болот. Эгерде ишенимине кирсең, эч кандай оордук болбойт. Акита-ину асыл тукум иттери өз оюн оңой менен бербеген, жүрөгүн бардык кишиге ача бербеген иттер болушат. Анткени алар америкалыктар эмес, япондуктар. Европалыктар эмес, азиаттар”,- деп айткан. Ушундан соң Гир иттер менен күндө сейилге чыгып, көп убактысын арнаган.
ХАТИКОНУН АНКЕТАСЫ
Мекени – Япония, Акита аймагы
Породасы – Асыл тукум акита-ину
Туулган жылы –1923-жыл, 10-ноябрь
Өлгөн жылы – 1935-жыл, 8-март, Сибуя станциясы
Көмүлгөн жери – Аояма күмбөзү
Өңү - Сары
Учурда – Ага арнап үч эстелик тургузулуп, 10 чактыдай көркөм тасма, 1 анимациялык тасма, 2 китеп жарык көргөн
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg