ШИШКЕБЕК МАРИНАДЫНЫН ТҮРЛӨРҮ

Көптөн күткөн жай мезгили өкүм сүрүп жаткан маал. Ысыкта же көлгө, же тоо коюнуна барсаң кандай сонун. Анан да шишкебек жесең, ммм... Шишкебекти кандай маринаддаганды унутуп калгандар үчүн бир нече түрүн сунуштайбыз.

Ширелүү болуш үчүн тооктун этин 2 саат, кой, уйдун (эгер жаш малдын эти болсо) этин 6 саат маринаддап коюу керек. Ал эми карыган малдын эти болсо 1 суткага деле маринаддап койсо болот. Узак убакытка маринаддайм десеңиз, кадимки пияз маринадын тандаңыз. Шарап, уксус же башка кычкыл даам берген кошулмалар жарабайт. Аларды 1-2 сааттык маринадга гана колдонуңуз.

Пияз маринады

(2 килограмм этке)

Керектелүүчү азыктар:

Пияз – 500 грамм

Туз, кара мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

Пиязды ичке, жарым шакек формасында туурайбыз. Этке туз, мурч, пияз кошуп аралаштырып, керектүү убакытка тыныктырып коюу керек.

Кефир маринады

(2 килограмм этке)

Керектелүүчү азыктар:

Пияз – 1,5 килограмм

Кефир – 1,5 литр

Туз, кара мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

Пиязды майда туурап, чуңкур идишке салып ширеси чыгышы үчүн бир аз сыгып коюңуз. Пияздын ширеси чыкканда татымалдарды кошуп аралаштырасыз. Андан кийин шишкебекке ылайыкталып тууралган этти кошуп, дагы бир жолу жакшылап аралаштырыңыз. Аягында кефирди куюп, идиштин капкагын жаап тыныктырып коюңуз. Кефир маринадындагы шишкебектин эти жумшак, ширелүү болот.

Минералдык суудагы маринад

(2 килограмм этке)

Керектелүүчү азыктар:

Пияз – 500 грамм

Газдалган минералдык суу – 1 литр

Өсүмдүк майы – 1 аш кашык

Сарымсак – 5 тишче

Туз, кара мурч, шишкебек үчүн татымал – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

Пиязды шакек формасында кесип, эттин үстүнө салабыз, майды куюп, татымалдарды, майдаланган сарымсакты салып жакшылап аралаштыруу керек. Аягында минералдык сууну куябыз да, керектүү убакытка тыныктырып коёбуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1074, 7-13-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан