Бул жигитти диджей катары тааныйбыз. Клиптерге, тасмаларга да тартылып, тамадалык кылып, вайн тартып калмайы да бар. Шоумен Алишер Анарбек уулу менен пикир алыштык.
– Арыбаңыз, Алишер мырза! Өзүңүз жөнүндө кененирээк маалымат алсак...
– Бар болуңуз! Мен 1998-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда төрөлгөм. 6-классымда үй-бүлөбүз менен Бишкекке көчүп келип, 11-классты Орок орто мектебинен бүттүм. Кичинемде абдан тентек элем. Бир жерде тынч тура албаган, эки үйдү бириктирбеген, тилдүү болчумун. Бир маселе чыгып калса, “жүрбөйсүңбү чечип келели, тилдүүрөөксүң” деп ээрчитип алышчу. Мен окуган мектепте Эмил Эсеналиев да окуган, ал тууралуу “Эмил районду кармачу” деп улуу байкелер айтып калышчу.
Ашып-ташкан энергиямды байкаган бир байке “ушул энергияңды жакшы жакка жумшабайсыңбы. Үнүң да жакшы, радиого барып көр” деп кеңеш берген. Анан 8-классымда бир радиого барып, тажрыйба топтоп жүрдүм. Жашымды айткан эмесмин, бир диджей жумуштан кетип, ордуна мени алышкан. Кызыгы, кыргызча таза сүйлөйм деп ойлочумун да. Көрсө, бир топ эле диалект бар экен. Чогуу иштегендер “туура эмес сүйлөп жатасың” деп эскертип калышчу. Кийин “Апрель” телеканалында, андан кийин “Кыргызстан обондорунда” иштедим. Эми көрөбүз, эмне болорубузду. 2 тасмага тартылдым, “Кошоматчики” тасмасында башкы ролду, “Келин темир эмес” тасмасында экинчи пландагы актёр катары ойнодум. Кесибим боюнча актёрмун, Искусство университетин бүтүргөм. Киного тартылуу учурунда мени ушул тармак көбүрөөк кызыктырарын түшүндүм. Актёрлукка басым жасагым келип турат.
– “Кыргызстан обондорунда” иштебей калдыңызбы?
– Ооба, жакында жумуштан кеттим. Анткени мындан ары өсүш керек. Башка тармактарда өзүмдү сынап көргүм келди. Мени көчөдөн “сен жанагы Тиктоктогу баласың, ээ?” деп таанышпай, “бул Алишер да” деп таанышын каалайм.
– Жашоодо диджейликтин кандай пайдасы тийди?
– Диджей болсоң, сөзгө чоркок болбойсуң. Сөздүн күчүн, аны туура колдонууну билесиң. Мектепте орус классты бүткөм, кыргызчаны кийин үйрөндүм десем болот. Сөз байлыгым айтыш өнөрүнөн улам байыды, айтышты аябай кызыгып угам, көрөм. Атам да жакшы көрчү, мага төкмө акындар жөнүндө айтып берер эле. Анан кызыгып, телефонума айтыштарды көчүрүп алып угуп жүрө берчүмүн. 2014-жылы Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата өткөн айтышты баштан-аяк, сөзмө-сөз жатка билем. Айтыштын тийгизген пайдасы тууралуу бир окуяны айтып берейин. Бир жолу 10-классымда Токтогулда тойго тамадалык кылып жаткам. Тойдун аягында бата бергенди унутуп калыптырмын. Анан бир аксакал микрофонду алып, “жаштыгың ушул жерден билинип калды. Кыргыз бардык ишти бата менен бүтүргөн” деди. Аябай сынгам ошондо. Анан микрофонду алып, “туугандар, эр атасыз, адам катасыз болбойт” дейт. Балалык, жаштык деп кабыл алып коюңуздар. Катамды моюнума алам. “Жаш жаңылса оңолот, жамандык анан жоголот” деп айтыштан уккан сөздөрдү колдонуп уйкаштырып сүйлөсөм, баары колдоп кетишкен. Анан бата бердим.
– Поэзияга кызыгууңуз да айтыштан улам жаралганбы?
– Ошондой го. Поэзияга кызыгып калам деп такыр ойлогон эмесмин. Башында Инстаграм баракчамда актуалдуу жаңылыктарды жамактата айтып берчүмүн. Эл жакшы кабыл алды. Ыр окуп көрөйүн дедим, анымды да жакшы кабыл алышты. Анан ыр жазып көрдүм, окшошту. Стандарттан сырткары жазгым келет. Ыр жазуунун форматын билбейм, ошол билбегеним жагат.
– Актёрдук билимиңиз бар экени жаңылык болду...
– Мурат Мамбетов, Калича Сейдалиеванын колунда 5 жыл окудум, аларга рахмат. Студент кезде да шоктонуп, кээде сабактарга барбай койчумун. 2-курстан тарта “Кыргызстан обондорунда” иштеп баштадым. Эртең менен саат 6да туруп эфирге барам. Саат 7ден 10го чейин эфирде болуп, сабакка 10 жарымда барчумун. Бир күнү ректор чакырып, “болду, окуудан кетиребиз” деди. Ошондо Калича эже “кетирбей эле койгулачы, апасы катары суранам” деп жатып алып калган. Атам каза болуп, кыйналып, депрессияда жүргөн убагым болчу. Калича эже “балам, сен окууну бүтүрөсүң, сага ишенем” деген. Ошол кишилерге ыраазымын. Кээде адамга жөн гана ишенип коюш керек экен. Кудайга шүгүр, 5 деген баалар менен бүттүм.
– “Апрель” телеканалы эмнелерди үйрөттү?
– Медиасабаттуулукту, мисалы, маалыматты текшере билүүнү үйрөндүм. Бул аябай керек экен. Сынчыл ой жүгүртүүнү да үйрөттү. Кыйын, таанымал журналисттер менен иштештим. Алар багыт берип, үйрөтүп, катамды айтып турушту. “Жазып жатканда ойлон. Эл сага ишенет, жоопкерчиликти сез” дешчү.
– Кино, клиптерге алгачкы жолу качан тартылдыңыз?
– Мектепте окуп жүргөндө тартылгам. Эрмек Таалайбековдун “Курут” деген тасмасынын массовкасына тартылганбыз. Эрмек байке мектепке келип, чакырып кеткен. Андан кийин бир топ эле клип, тасмаларга тартылдым.
– Кээде вайндарды да тартып каласыз...
– Бир жолу Азирет Осмонов, Сагын Эргешов үчөөбүз Ысык-Көлгө эс алганы барганбыз. Алар телефон тиктеп эле отура беришчү. Менин жиним келе берчү. Көрсө, алар контент жасашчу экен. Сейилдеп жүрсөк, аларды токтотуп сүрөткө түшкөндөр көп болду. Болбосо мен деле ушул тармакта жүрөм, телеканалда алып баруучу болуп иштедим, мени тааныган адам болгон жок. Ошондо булар телефонду туура пайдаланып жатышыптыр деп ойлодум. Мен “райондогу балдар көрсө эмне дешет” деп вайн тарткандан уяла берчүмүн. Ошондо Ысык-Көлдөн биринчи жолу вайнга тартылдым, Сагын экөөбүз тартканбыз. Элге жакты, жактыруу белгилери көбөйүп, комментарий жазылып, катталуучулар кошула баштады. Анан ушул тармак менен кетиш керек турбайбы деп Инстаграмда активдүү боло баштагам. Ага чейин ал досторум ары-бери басып видео тартышса шылдыңдап жата берчүмүн.
– “Райондогу балдардан” уялбай калдыңызбы анан?
– Жок, уялбай калдым. Алар жолукканда “азамат” деп калышат.
– Жеке жашооңузда кандай жаңылыктар болууда?
– Сүйлөшкөн кызым жок азырынча. Жанымда жүрөгү, көзү, көөдөнү ток кыз болсо деп тилейм. Бүгүн Мерседес айдап жүрүп, эртең жол киреге 10 сом таппай калган учурлар болот да. Ошондой учурларда түшүнсө дейм. Анан сулуу, өзүн караган кыздар жагат. Албетте, мен да ага татыктуу болушум керек.
Перизат Музуратбекова