АТАКТУУ КАРТ БОЙДОКТОР

Тасмада романтик, сүйүүсүн аздектеген, үлгүлүү үй-бүлө күткөн адамдын ролунда көптөгөн актёр-актрисаларды көрүп жүрөбүз. Жашоодо болсо бардыгы тасмадагыдай эмес. 50 жаштан өтсө да өзүн расмий түрдө нике шакеги менен байлабаган атактуулар бар.

Аль Пачино, 83 жашта

Карт бойдоктордун кербенин атактуу актёр Аль Пачино жетектейт. «Крёстный отец», «Лицо со шрамом», «Запах женщины» сындуу тасмалардын жылдызы кино дүйнөсүндө легендага айланганы шексиз. Жеке жашоосуна келсек, актёр жашоосун жар салганды жактырбагандардын катарында. Ошентсе да анын “Крёстный отец” тасмасындагы өнөктөшү Дайан Китон менен сүйүү романы белгилүү. Андан сырткары актриса Марта Келлер менен да мамиле курганга жетишкен. Аль Пачино ушул жашка чыкканы бир дагы жолу үйлөнбөсө да, үч баланын атасы. Актёрдук чеберчилик боюнча мугалими Яна Тэррант ага кыз төрөп берсе, актриса Беверли Д’Анджело менен мамилесинен эгиз 1 кыз, 1 уулу бар. “Балдарымдын төрөлүүсү – менин жашоомдогу эң керемет окуялар” деген актёр балдарына көбүрөөк убакыт бөлгөнгө аракет кылат.

Вероника Кастро, 72 жашта

«Богатые тоже плачут» жана «Дикая Роза» – Советтер союзу учурунда эң популярдуу болгон сериалдар. Бул тасмалардын башкы каарманы мексикалык актриса Вероника Кастрого ашык болгон мырзалар көп эле болгон. Өзүн актриса эле эмес, ырчы, модель, алып баруучу катары да тааныткан Вероника айымдын жашоосунда бир нече сүйүү романдары болгон. Бирок мырзалары көзүнө чөп салганын уккандан кийин актриса өзүн нике күбөлүгү менен байлабайм деп чечкен. Актрисанын эки башка мырзадан Кристиан Кастро аттуу уулу жана Мишель Кастро аттуу кызы бар. Кристиан энесинин жолу менен чыгармачылыкка аралашып, учурда белгилүү композитор, ырчы. “Негедир коомчулук менин жалгыз бой эне экениме басым жасай беришет. Жалгыз бой эне болуу – кылмыш эмес. Мен, тескерисинче, балдарыма өзүм жалгыз татыктуу тарбия бергениме сыймыктанам”,- дейт атактуу актриса.

Оуэн Уилсон, 54 жашта

Комедиялык ролдору менен таанымал америкалык актёр Оуэн Уилсонду тааныбаган адам аз болсо керек. «Локи», «Полночь в Париже», «Отель «Гранд Будапешт», «Марли и я», «Ночь в музее», «Первый встречный» жана башка тасмалары менен күйөрман топтогон актёр негедир үй-бүлө курууга ашыкпайт. Балким, буга сүйүүдөн көңүлү калганы себептир. Анткени актриса Кейт Хадсон менен эки жолго түшкөндөн кийин катуу депрессия болуп, өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасап, ооруканага жатып дарыланып чыккан. Ошентсе да Оуэн мырзанын 3 башка аялдан 2 уул, 1 кызы бар. Балдардын апалары актёрдун камфкор ата экенин баса белгилеп келишет.

Люси Лью, 54 жашта

Америкалык актриса, продюсер, режиссёр, фотомодель Люси Льюну карап туруп анын 50 жаштан өткөнүнө ишенбей кетесиң. “Ангелы Чарли”, “Убить Билла”, “Чикаго”, “Кунг-фу Панда” тасмаларынын көркүн ачкан актрисанын убагында актёр Жорж Клуни, украиналык мушкер Владимир Кличко менен мамиле курганы көпчүлүккө маалым. Бирок сүйүү мамилелери үйлөнүү үлпөтүнө жеткен эмес. Эне болгусу келген актриса баласына ата издеп убара болбой, карын эненин жардамы менен уулдуу болгон. Уулуна Роквелл Ллойд Лью ысымын ыйгарып, бактылуу энелердин катарына кошулду.

Жаред Лето, 52 жашта

“Оскар”, “Золотой глобус” кино сыйлыктарынын ээси, актёр, “Thirty Seconds to Mars” рок-тобунун ырчысы Жаред Лето быйыл 52 жашка чыгат. Голливуд жылдызын жашына карап “карт бойдокторго” кошконубуз менен, анын айланасындагы күйөрман кыздары ага “көз күйдүргөн бойдок” деген статус беришет. Бул статусту “менин жолдошум” деп алмаштырганга актрисалар Скарлетт Йоханссон, Пэрис Хилтон, Линдси Лохан, Эшли Олсен жана модель Катарина Дамм аракет кылып көрүшкөн. Бирок Жаред мырза айымдардын “торуна” түшпөй, дале бойдок статусун мыкты коргоп жүрөт. “Үй-бүлөлүк жоопкерчиликти моюнга алууга даяр эмесмин” деген атактуунун жакын досу, Голливуддун дагы бир көз күйдүргөн бойдогу Леонардо Ди Каприо.

Кристин Дэвис, 58 жашта

«Секс в большом городе» сериалы чыкканда андагы актрисалардын кийинүү стилин туурагандар көп эле болгон. Андагы Шарлотта Йорктун образын актриса Кристин Дэвис ишке ашырганын билсеңиз керек. Америкалык актриса ушул кезге чейин турмушка чыкпаганы менен, мырзалардын көңүл буруусуна муктаж болгон эмес. Анын айланасында Голливуддун мен-мен деген мырзалары боло турган. Кристин эне болуу бактысын көп убакыт күткөн, бирок ден соолугуна байланыштуу тилеги кыял боюнча калды. Ошентсе да актриса 2011-жылы, 47 жашка чыкканда жаңы төрөлгөн кызды багып алып, ага Жемма Роуз Дэвис ысымын ыйгарган. 2018-жылы Уилсон аттуу уул баланы үй-бүлөсүнө кошуп алды.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1074, 7-13-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан