КӨЗГӨ СҮЙКҮМ ЭСКИ БУЮМДАР

Таңгөрүү... Убакыттын тездигин караңыз, кечээ эле сиз, биз колдонуп жүргөн буюмдар бүгүн эстеликке айланды. Ал буюмдарда көпчүлүктүн балалыгы, түркүн окуялар, жагымдуу элестер камтылганы ырас. Келиңиз, ошол буюмдарды бир көз алдыбыздан өткөрөлү. Ностальгия...

Бул текст жазуучу машинанын колдонуудан чыкканына көп болду. Азыр аны эски кинолордон көрүп жүрөбүз. 19-20-кылымдарда кеңири колдонулган буюм. Мисалы, кадимки “Сынган кылыч” романын жазуучу Төлөгөн Касымбеков ушундай машинкада жазган. Адегенде, дептерге жазып, анан машинкада көчүрүп жазганын жазуучунун уулу Райкан Төлөгөнов “Супер-Инфого” берген маегинде айтып берген. Азыркы күндө бул аппараттын кызматы компьютер менен принтердин моюнунда.

Бул 90-жылдарды эске салат. Уюлдук телефонго чейин алысты жакын кылган үйдөгү баалуу аппарат эле. Миллиондогон кыз-жигиттин сырына күбө болгон десек да жарашат. Мисалы, жигит кызга чалып жатканда тутканы өзү алса экен деп тиленет, ары жактан алло деген эркек кишинин үнү чыгат. Дү-үт, дү-үт, дү-үт... Кайра бир аздан кийин чалат. Ушундай жагдай көптөрдүн башынан өткөн болуш керек.

Бир мезгилдер болду, мындай кол чырактын түрү базарда тизилип турчу. Механикалык, электрдик, светодиоддук... Дээрлик ар бир үйдө болчу, свет өчкөндө же түндө жолго чыкканда керекке жарачу буюм эле. Азыркы күндө мунун ордун дагы уюлдук аппараттар басты.

Бырышкан далай көйнөк-шымдын сообуна калды. Билесиз, бул үтүктөргө суу куюлчу эмес, буу чыгарчу кнопкасы да жок. Ошондуктан үтүктөйм деп жалгыз көйнөгүн күйгүзүп алгандар да көп эле болуш керек. Токко сайып, ысыган-ысыбаганын билиш үчүн суу чачып же "тфү" деп бир түкүрүп көрүшчү. Айрымдарынын таманы карайып же саргайып турчу, бул күйгөн кийимдин тагы. Салмагы оор. Көрүнүшү сулуу болбогону менен, кылган иши азыркылардан эч бир кем калчу эмес.

Кайра эле 90-жылдар... Керосин жыттанган керемет буюм эле. Бир түндө айнек шишеси капкара ыш болуп калчу, андайда аны оозубузга тосо буулантып үйлөп, анан кагаз менен аарчып тазалап чыкчубуз, элестеттиңизби? Билиги түгөнүп калса кездемеден билик тикчүбүз. Азыр эми бул май чырак унутулду, бардык жерде электр жарыгы бар. Жайлоодо болсо күн нурунан кубаттанып иштей турган заманбап шайманды колдонуп калышты.

Апаларыбыз ушундай машинканын жардамы менен кийим, көрпө, керектүү буюмдарды тигишчү. Азыр деле бар, дээрлик колдонулбай калды.

36 кадр... Бул фотоплёнканын авторитети укмуш эле. 2000-жылдары мода болгон, ал кездеги сүрөттөрдүн баары ушул буюмдун “жемиши”. Кээде фотограф плёнка күйүп кетиптир дечү, бул түшкөн сүрөтүңөр чыкпайт, үмүттү үзгүлө дегени эле. Ар бир фотокадр баалуу болгондуктан азыркыдай бир нерсени 10 ракурстан тартуу жомоктогудай кыял эле.

Үйүңдө магнитофон болсо, кассетада Бек Борбиев, Сыймык Бейшекеев, Орозбек Сапаровдун ырлары жаңырып... Советтик доордун, 1990-2000-жылдардын хит ырлары ушул кассеталарда эле. Бир отурушта ырчы Бек Борбиевге бирөө ушундай кассета сунуп калат. Бек мырза бул кимдики? десе, тиги бир жагы Биздики (Биз тобу), экинчи жагы сиздики деп отургандарды күлдүргөн экен.

Механикалык тараза. Дүкөндөрдө ушундай таразалар турчу.

“Киргизия-4” деп аталган кир жуучу машина. Азыркы тил менен айтканда, “полуавтомат”. Кыңылдап иштеген мотору, чыкылдаган “таймери” көптөрдүн эсинде болуш керек.

Азыр кыздарга жеңил, чачын тармалдаткысы келсе “плойка” менен бир заматта тармалдатып чыга калат. А мурунчу?.. Мурун кыздар тармал чачка ээ болуш үчүн тутам-тутам чачын бөлүп, ушундай буюмдарга бирден ороп алып бир күн кечке журүшү керек болчу.

Советтик тарбия алып калган айрым аталардын автоунаасында мындай насос азыр деле жүрөт. Бул буюмду көргөндө Москвич, Волга, УАЗ унаалары, Урал, Иж мотоциклдери көз алдыга тартылат.

А сиздин эсиңизге кайсы буюмдар түштү?

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1074, 7-13-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан