«РОССИЯ» КЫРГЫЗ ТИЛИН УРУП ОЙНОБОЙБУ?

Мезгил үнү

Кеп атасын барктаган, кесер башты сактаган, эрди кундан куткарган, эрегишкенди жумшарткан, кан төгүүнү токтоткон, касташканды достоштурган кадырлуу кыргыз тилибиз жөнүндө сөз кылалы. Кыргызга кадырлуу болгону менен, айрымдарга “киргиз тили” боюнча калганына кейип-кепчип бүтпөй да, түтпөй да койдук. Көчөдөгү көрнөк-жарнактардын караганда көз уялткан каталарын айтып отуруп чарчадык.

Борбордун так ортосундагы килейген “Россия” аттуу кинотеатрды ким билбейт да, кино көргөнү кимдер келбейт? “Бизде мындай жаңы кино келди, көргүлө” деп чакырчу тасма жарнактары аталган кинотеатрдын алдында ай сайын алмашып турат. Жарнакты ката жазган орусу да, “туура” которгон кыргызы да келип кино көрүшөт десек болот. Ааламды “Күүгүм” тасмасы каптаганда, “Россияны” аталган тасма ката жазылган боюнча бир айдан ашуун каптап турду. “Күүгүмдү” “Күүчүн” деп жазгандарына капаланып, оңдоп коюшар деген үмүттө гезитке жазып да көрдүк. Оңдомок тургай “Мамлекеттик тил комиссиясы бизге ушундай которуп берген” деп кутулушкан.
Качан караба, “Россиянын” кино жарнактарынын кыргызчасы ката жазылат. Кээде туура которушуптур деп кубанып бүткүчө эле каталары чууруп чыга баштайт. Бир эле мисал, “Механик” киносунун жарнагында “27 январда баштап” деп турат. “27-январдан” деп 1-класстын окуучусу деле туура жаза алса керек? Эгер котормочуга же кыргыз тилин жакшы билген корректорго “Россиянын” акчасы жетпей жатса, кыргыз тилинин урматы үчүн деле, биз, гезиттер, бепбекер ушул иштерди жасап берип турсакпы? Иши кылып тилибизди кор туткандар азайсынчы деги!

Бурул Исмаилова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
Cyldyzka
2011-01-24 17:14:09
kızık
0
yahaha
2011-01-25 11:38:48
жарнак барагын оозуна тыгыш керек
0
Ott
2011-01-25 14:54:14
түп нускасына карабай эле которо беришет, орусчадан калька кылып. мисалы синематика "ТРОНду" (wikipedia: Trace On, elecTRON) "Так" (престол) деп которуп алыптыр.
0
MUSYA
2011-01-26 23:42:27
азыр кудайга шугур мурункуга караганда шаарда кыргыздар кобойуп,кыргызча суйлогондор кобойуп калды,мурункуга салыштырмалуу.ар бирибиз озубуздон баштап,тилибизди онуктуролу.
0
lira
2011-01-27 06:31:00
Iiiy betim, uyat!!!:)
0
Expert
2011-01-27 15:18:23
Окуп отуруп ушунчалык жиним кайнады!!! "Кыргыз тилинин кимге кереги бар" деп тоготушпаганыбы бул,же шылдындаганыбы?! Бишкекте жашагандар,тундо чогулуп барып эле жарнактарды жок кылып салгылачы,сураныч. Ошондо эсине келишет бул малдар!!!
0
pyeon hwa
2011-01-27 17:09:26
kyrgyz tilin ooooolo syiom.
0
Puwkin
2011-01-27 22:18:10
Menin jeke oyum4a, alar atayin kata jaziwat. Bul degen, Rosya kinotiyatry kyrgyz tilin sylabaybyz degendey kylgango.
0
Sagy
2011-01-29 22:08:42
Атууга кетсин! Кетсин!
0
Marmiladka
2011-02-02 16:12:56
"Россия" кинотеатрындагы кызматкерлерге уят! "Күүчүн!" деген жазууну көргөндө эле жиним аябай келди эле. Элементардык эле каталарды чоң кылып жарнамалоо бул келесоолук!
0
Жаку
2011-02-02 16:28:07
Биринчиден Кыргыз тилинин кадырланып, онукпой жатканына бир гана кыргыздар куноолуу. Аялдарды алдыга салып алып, миндеп пикеттерге чыкканды уйрондук. Ал эми бугунку кунго чейин, кетсин, жоголсун дегенден башканы талап кылышты билбейбиз. Бийликтин козуно сайып, Кыргыз тилин онуктуролу деп талап койбойбуз! Озубуз сыйлабаган тилди, башкалар сыйламак беле!
0
passionarXXI
2011-02-02 16:33:38
Супер-Инфо ушундай каталарды жазуудан тажабайбы же котормочулар ката жазуудан тажабайбы? Же биз форумчулар талкуулоодон тажабайбызбы? баары бир тажайбыз да. Мен ойлойм көч бара-бара оңолот дегендей зээнди кейиткен мындай көрүнүштөрдүн да чеги болор...
0
Nura
2011-02-17 12:52:17
чогулуп барып эле урушуп, тытышып келбейлиби?, алардын кандай акысы бар ката жазганга, же ал жакта бир да кыргыз иштебейт бекен?(мындайларга жол бербегенге), эн биринчи ушу маселени которуп чыгыш керек эле да, бийлик айтканы менен иш жузуно ашырбай жатышпайбы?
0
sagyn92
2012-02-04 02:45:10
создордун барыысы тура.
0
messi_1987
2012-05-15 17:12:43
salam
0
№ 429, 21-27-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан