Гүлмайрам Разыкова, ырчы: “РАХМАН РАЗЫКОВДУН КЫЗЫ ЭКЕНИМДИ АТАМ КАЗА БОЛГОНДОН КИЙИН СЕЗДИМ”

– Гүлмайрам эже, саламатсызбы? Чыгармачылыкта жүргөнүңүзгө көп эле жыл болдубу?

– Негизи кичине кезимден эле ырдачумун. Ырчылыкта тушоомду 11-классымда атам кескен. Бишкекте атамдын “Бешилик”, “Беш тапан” топторунун концертинде биринчи жолу чоң сахнага чыккам. Гастролдоп Казакстанга барып, Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып чыкканбыз.

– Рахман ага сиздерге кандай ата болду?

– Абдан боорукер, кичи пейил, биздин сөзүбүздү эки кылбаган, дайыма бизге колдоо көрсөткөн ата болду. Бала кезибизде биз менен аз убакыт чогуу жашаса да, атам менен байланышкан көп жакшы окуялар эсибизде. Атам эмнени кааласаңар ошону аткарганга аракет кылгыла, мен силерди дайыма колдойм дечү. Эч качан бизди тилдеп, урушкан жок. Чыгармачылыгыма эң алгач атам колдоо көрсөттү. Албетте, апамдын да ролу чоң.

– Биз менен аз убакыт чогуу жашады деп калдыңыз... Атаңыздын башка үй-бүлө курганын кандай кабыл алгансыздар?

– Атам башка үй-бүлө курганда биз кичинекей болчубуз, мен 3-класста окуйт элем. Бизге көп билинген жок. Атамдан сүрдөп турчубуз, мен ага сый-урмат, сестенүү менен мамиле кылар элем. Туура эмес сүйлөп коёмбу, бул сөзүм ага жагабы-жакпайбы? деп абайлап турчумун. Эс тартканыбызда капа болдук, албетте, атамдын көзүнчө эмес, ичибизден жинибиз келген. Ошентсе да бул атамдын тандоосу дедик. Кийин биз атамдын үчүнчү жубайы экөө жашаган үйүнө барып жашап, студенттик күндөрдү өткөрдүк. Биз атабызга эч качан сиз эмнеге башка аял алдыңыз? Неге бизди таштап кеттиңиз? Неге апама ушундай мамиле кылдыңыз? деген эмеспиз. Апам да атаң минтти, тигинтти деп жамандачу эмес. Ынтымакта эле баарыбыз той-топурларга, жакшылык-жамандыктарга бирге барып жүрө берчүбүз.

– “Элге белгилүү, таланттуу сатирик Рахман Разыковдун кызымын” деген сыймыктуу сезим качан сезилди?

– Белгилүү инсандын кызы болуу түйшүк деп деле айтпайм, бул жоопкерчилик. Кечелерге, жакшылыктарга барганда атамдын атына жаман сөз айтылып калбасын деген этияттоо сөзсүз болот. Атамдын көзү тирүүсүндө бизди эл жакшы тааныбайт эле. Көзү өткөндөн кийин ой, сен Рахман агайдын кызы белең? Биз билген эмеспиз деген досторум, туугандарым чыкты. Алыскы туугандарымды тааныбайт деле болчумун да, тойго барсам биз сенин тууганың болобуз дегендер көп. Мен Рахман Разыковдун кызы экенимди атам каза болгондон кийин сездим.

– Атаңыздын балдар, кыздары менен мамилеңиз кандай? Бир туугандык жакындык барбы ортодо?

– Атамдын биринчи жубайы Нурсулуу эжеден Сардар деген акебиз бар, Бишкек шаарында турат, 1979-жылкы. Сардар акем менен аябай жакшы катташабыз. Таанышкандан бери бири-бирибиз менен сүйлөшүп, ага-карындаштай жылуу мамиледе болуп калганбыз. Мүнөзү, келбети, баары атама окшош. Атам каза болгондо да биздин жаныбызда туруп, бизге акыл айтып, кыркына, жылдыгына келип Каныбек акем менен теңме-тең чыгымдарын көтөрүп турду. Жакшы мамиледебиз, аны жакшы көрөм. Атамдын экинчи жубайынан үч бир тууганбыз, Элеонора эжем, Каныбек акем, анан мен. Үчүнчү жубайынан бир кыз, бир уулу бар. Кичинебизде үйүнө барганда сүйлөшүп калганыбыз болбосо, абдан жакын эмес болчубуз. Чынын айтканда, Диля эженин баласы, кызы менен катташпайбыз. Баласы атам каза болгондо акыркы сапарга узатуу зыйнатына келди. Андан бери көргөн жокпуз. А кызы каза болгондо, кыркына, жылдыгына да келди. Болбосо атам ошолорго көбүрөөк мээрим төктү да, бирин Кытайда, экинчисин Дубайда окутуп дегендей... Атамдын каза болгонуна 2 жылдан ашты, бирок бир жолу да биз менен кабарлашышпады. Мындан ары деле ушундай бойдон калат болуш керек, анткени мүнөздөрү ушундай.

Айтып койбосо, ар кандай суроо туулуп калышы мүмкүн. Апам атама биринчи келинчеги бар экенин билбей тийген, ала качып баш кошушкан. Эгер билсе, балким, мындай болбосо керек эле. Атам биринчи жубайы менен аз убакыт эле жашап, ажырашыптыр. Ал эми апам менен ажырашпай туруп эле үчүнчү жубайын алган.

– Тагдырдан качып кутула албайсың дегендей, жолдошуңуз каза болуп калыптыр...

– Жолдошум мындан 4 жыл мурун Москвада иштеп жүрүп, ошол жактан каза болуп калды. Каза болгонун укканда ишенген жокмун. Дароо эле балдарым көз алдыма тартылды, балдарым кантет, балдарым атасыз калды, эми эмне болот? деген суроолор... Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна турмушка чыккан элем, балдарымды алып айылга бардык. Эки баламды чоң атасы ээрчитип барып атасына топурак салдыртты. Негизи оор эле болот экен, бул нерселерди айтыш, эстеш деле кыйын. Эки уулумду ак эмгегим менен багып келе жатам. Кудайым берген, атамдан өткөн талантым бар, шүгүр.

Балдарым абдан кичи пейил. Тарбиясына кээде өзүм суктанып кетем. Көчөгө чыгышса да сурап, муздаткычтан бир нерсе алыш керек болсо да сурашат. Чоң уулумдун аты Элдосбек, быйыл 8-класска көчтү. Кичинекейим Умарбек 4-класска көчтү, эки уулум – менин байлыгым. Кичүү балам аябай зирек, бардык нерсеге көңүл бурат, кандай кийим кийсем да сонун жарашты, менин апам сулуу деп турат. Улуусунун мүнөзү ыраматылык атасын тарткан, оор басырыктуу, көп сүйлөгөндү жактырбайт, анан бирөөнү-бирөө ушактап жатса тура качат, күйөөм да ушундай болчу.

– Алдыда кандай пландарыңыз бар? Дегеле келечекте өзүңүздү кайсы тармактан көрөсүз?

– Сөзсүз түрдө чыгармачылыгыма басым жасайм. Былтыркы жылы көп эмгектендим десем болот. Жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тарттырдым. Быйыл да сөзсүз түрдө жаңы ыр жаздырып, клиптерди тартууга аракет кылып жатам. Анан өзүмдүн тушоо кесүү концертимди берсем деген тилек менен ырларымды көбөйтүү менен алекмин. Кудайга шугүр, жакшы жетишкендиктерге жетиштим, үй, автоунаа сатып алдым. Кудайдын колдоосу, элимдин батасы менен ушул нерселерге жеттим.

Келечекте өзүмдү бактылуу эне, жар катары көргүм келет. Турмушка чыксам, эгерде күйөөм менин чыгармачылык менен алектенишимди каалабаса, анда чыгармачылыкка чекит коём. Анткени чыгармачылык үй-бүлөмдөн биринчи орунда турбайт.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1074, 7-13-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан