КОБРА (Орусияга иштегени барып, бир сулуунун тузагына илинип, ак жерден кылмышкерге айланып кала жаздаган кыргыз жигитинин тагдыры жөнүндө чыгарма)

(Башы өткөн сандарда)

Асел келди, эч нерсе билдирбейт, кылган иштеримди текшерип, үчүнчү кабатты да бир сыйра карап чыкты. Телефонго сүрөткө, видеого тартып жатты. "Кетерде мага жолугар, ошондо акча сурайм" деп экинчи кабатта иштеп жаткам. Асел бирөө менен телефондо сүйлөшүп, тез-тез басып сыртка чыкты да, машинесине отуруп кетип калды. Ой күлүк да, бара-бара акчаны, айылдагы тиричилигимди ойлоп, "азырынча Касыкеге айтпай турсамбы, жумушумду бүтүп, акымды колума алсам анан деле айтып жетишермин" деп ойлоно баштадым. Бир айда Касыке бир нерсе болуп кетпестир. Эки жүз элүү миң рубль оңой акча эмес да таштап кетип калгыдай. Тез-тез иштеп, үч жумада үстүнкү үч кабатын толук бүтүп, жер төлөгө түшүп бир бөлмөсүн баштап калгам. Түштө тамактанып алып топчанда уктап жатсам телефонума бирөө чалып калды, бейтааныш номер. Чалууну алсам Касыке, үнүнөн дароо эле тааныдым.

– Кандай, балам, иштеп жатасыңбы, кыйынчылыктар жокпу?

– Жакшы баары, жер төлөгө жетип калдым, он күндө бүтүп калам.

– Балам, эртең Ваняга Москвага барып келем деп шылтоо айтып, такси чакырып мен айткан жерге келип турбайсыңбы? Дачадан чыгып бир чакырымдай жүргөндө жол боюнда чоң жарнама тактайы бар, байкадың беле?

– Ооба, билем, балыктын сүрөтү тартылган чоң баннер...

– Ооба, ошонун жанында күтүп тур, мен саат тогузга барам. Бир иш бар, калганын барганда айтам, кандай дейсиң?

– Макул, түшүндүм. Эртең менен ошол жерде күтөм сизди.

– Токойго кирип тур, бирөө-жарым көрбөшү керек, – деди да тутканы койду, коштошкон жок. Эмне кылышты да билбей калдым. Касыке бир нерседен шекшип калган болсо мени билип бер дээр бекен. Ойго ар нерсе келип жатты. Кечинде тамактанып отурганда Ваняга эртең Москвага барам деп койдум. Эртеси сегизге такси келди, Касыке айткан жерге жеткенде бир шылтоо айтып түшүп калдым. Күтүп отурдум, Касыке жашы алтымыштардагы ак чачтуу бир орус киши менен ошонун машинесинде келди.

– Таанышып алгыла, менин досум, Виталич дей бер, калининграддык, мейман болуп келип калыптыр, коноктоп коёлу. Машинеге отурарым менен зуулдата айдап жөнөдү, бир кооз көлдүн жээгине бардык. Касыке токой аралап кирип кетип, бир аздан кийин катер минип келди. Биз ага түшөрүбүз менен Касыке катер айдаганды жакшы көрөбү, көлдүн үстүндө ары-бери аябай чапкылады. Мен жанында карап туруп түшүндүм, катер айдаштын эч кандай кыйынчылыгы жок экен. Виталич экөө алмак-салмак айдашты. Тээ бир топтон кийин көлдүн так ортосуна токтотту да экөө арак иче башташты. Эски достордон окшойт, баштарынан өткөн ар кайсы окуяларды айтышып, каткырып күлүп отурушат. Мурун байкабаган экенмин, Касыкенин маңдайкы тиштеринин баары алтын тиштер экен, каткырып күлгөндө гана байкадым. Деги эле бул кишинин күлгөнүн эми көрдүм. Бир сааттай отурушуп, бир маалда Касыкекеттик деп көлдүн аркы жээгин бойлоп бир аз айдаганда көзгө анча байкалбаган, кире беришин бак-дарактын шактары тосуп турган бир буйткага кирди. Токойду аралап өткөн сырдуу канал экен, бир чакырымдай жүрдүк. Бир жерге жеткенде каналдан анча алыс эмес жерде жыгачтан жасалган чакан үй туруптур. Эшик алдында шишкебек бышырчу мангал, чоң стол, жанында үч отургуч турат. Касыке керилип-чоюлуп алып:

– Бул үйгө жан адам басып кирбейт, бирөө кирери менен милицияга, биздин үйгө "сигнал" барат, – деди. Анан эшиктин туткасына бекитилген кичинекей кнопканы бир нече секунд басып турду да, бизге карап өчүрүп койдум, жеңең билип калбасын, кетерде кайра иштетип коём деп күлүп койду. Ичкери кирдик. Биринчи бөлмөдө отун, көмүр сыяктуу нерселер турат. Аркы эки бөлмөдө диван, стол, отургучтар бар экен, айтор, эс алууга арналган жай экени көрүнүп турат. Эт алып алышыптыр, арыдан бери маринаддап шишкебек бышыра баштадым. Экөө бак-дарактын көлөкөсүндө арак ичип, кайра ойноп жатышты. Акчага ойноп жатышат, ортого акча үйүлүп калды. Шишкебектин бышкандарын алып барып берсем экөө тамшанып жеп алышат да, кайра оюнга киришет. Айтор, экөө бака-шака түшүп көңүлдүү отурушту. Ушул жерден Аселдин кыңыр иши тууралуу айтып жиберейин деп барып токтодум. Кантип айтам, кантип ушундай жакшы маанайын бузайын. Кетерде айтам. Түштө экөө тең уктап калышты, алибери ойгонбой тургандай. Мен катерди айдап көрөйүн дедим. Жоготуп албайын дедиби, келгенде эле Касыке ачкычын мага берип койгон эле.

– Кааласаң айдап көр, оңой эле. Бирок яхт-клуб жакка барба, менин бул жакта экенимди эч кимдин билбегени жакшы, – деген. Катерди айдап канал менен сүзүп көлгө чыгып алып ары-бери аябай айдадым, эми укмуш. Жашоонун жыргалы байлардыкы тура. Келсем экөө дагы деле уктап жатышат, мен да уктап эс алайын дедим. Кечки саат тогуздарда кайттык. Катерди яхт-клубга айдап барып, ордуна койдук. Яхт-клуб дегени көлдүн жээгине кеменин формасында курулган абдан чоң имарат экен, бир бөлүгү ресторан, калганы мейманкана, сауна сыяктуу нерселер. Биз катерди эң четки, ресторандан жүз метрдей алыстагы үчүнчү пристанга байладык. Чоңу-кичинеси болуп отуздай катер байланып турат. Ресторандын жарыгы дээрлик тийбейт экен бул жакка, биздин келгенибизди эч ким деле байкаган жок. Касыке ачкычты мага көрсөтүп эле бекитти, атайын көмүскө жери бар экен.

– Катерлерге эч ким тийбейт бул жерде, ачкычы деле ушул жерде тура берет, – деп койду мени карап. Асел жөнүндө айта албадым, оозум барбады.

– Руслан, балам, сен токой менен эле кетип калбайсыңбы. Бир чакырымга жетпеген эле жерде... Дача жакка барсак бизди күзөтчүлөр көрүп калса кандай болот?..

– Макул, макул, жакын элеби?

– Жакын эле, жол бар, жүрү көрсөтөйүн, – деп ресторандын арт жагына өтүп токойду аралай жөнөдүк. Бир маалда бир таман жолду көрсөттү.

– Мына ушул жол, дачадагылар бүт эле ушул жол менен катташат. Түптүз үйгө алып барат, эмне дейсиң? Же такси менен эле кетесиңби? – Жок, жөө эле барам, жакын эле экен го.

– Макул анда, эч кимге айтпа бул жерге келгенибизди, жеңең укса мээни жейт. Бул сага, бизге жакшы жардам бердиң, – деп чөнтөгүнөн акча алып чыгып сунду.

– Кереги жок, – десем болбой колума карматып кетти. Биз турган жер жакын эле экен, токойдун ичи менен жыйырма беш мүнөттө үйгө жеттим. Касыке берген акчаны санасам 3 миң рубль экен. Чарчаптырмын, жуунуп алып уйкуга кеттим.

Эртеси эрте туруп кадимки ишимди баштадым. Эми биротоло ишти бүтүрүп, эмгек акымды алып, алысыраак кеткенде чалам Касыкеге. Көп болсо бир жумалык иш калды. Кечки саат бештерде жер төлөдө жүргөм. Иш менен алаксып байкабай калыптырмын.

– Иш илгери, баатыр! – дегенде карасам эшик оозунда Касыке турат. Барып учураштым. Үстүндө аппак костюм-шым, башында тор шляпа, бутунда да кымбат бут кийим. Колуна бир баштык кармап алыптыр. Оор эле окшойт, баштыктын кармагычы бир аз чоюлуп турат. Аны-муну сурап бир аз турду да, чөнтөгүн чукулап:

– Машинеде, бардачокто болуш керек, телефонум калып кетиптир. Алып келе койчу, – деп машинесинин ачкычын берди. Калп эле телефонун унутуп калган кишидей түр көрсөтүп жатканын, мени бөлмөдөн чыгаргысы келип турганын даана сезип турдум...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1075, 14-20-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан