– Талыкпай эмгектенип, коркпой кыялданыш керек (Томас Эдисон).
– Мен утулган жокмун. Болгону жыйынтык алып келбей турган ыкмаларды таап чыктым (Томас Эдисон).
– Эгер бардык тараптан ийгиликке умтулсаңыз, бир да жетишкендикке жетпей калышыңыз мүмкүн. Кичинеден баштаңыз (Том Рат).
– Алгач сени эч ким байкабайт, кийин сага күлүшөт, анан сени менен күрөшөт, аягында сен жеңүүчү болосуң (Махатма Ганди).
– Кыялкечтер – дүйнөнү сактап турган адамдар. Кыялдангандан коркпогула (Жеймс Аллен).
– Эң мыкты өч алуу – ийгиликке жетүү (Фрэнк Синатра).
– Бир жерден жылбай жатсаң, ойлоруңду өзгөрт – жашооң да өзгөрөт (Норман Винсент Пил).
– Жашоодо бир эле мотивация бар – ал каалоо. Каалоо болсо, бир да себеп, эрежелер кармап кала албайт
(Жейн Смайли).
– Кайраттуулук – адамдык сапаттардын алдынкысы, анткени ал сапат башкалардын баарына колдоо берет (Уинстон Черчилль).
– Жеңиш менен баары бүтпөйт, негизгиси, дайыма жеңем деген каалоо болуш керек (Винс Ломбарди).
– Мен оор жумушту жалкоо адамга тапшырам, анткени ал тапшырманы аткаруунун оңой жолун таап чыгат (Билл Гейтс).
– Баары акыл-ойго келип такалат. Сиз эмнени көп ойлонсоңуз, ошол адамсыз (Будда).
– Алгач оор жумушту аткарыңыз, жеңили өзү эле жасалып калат
(Дейл Карнеги).
– Ийгиликтүү адам болууга эмес, баалуу адам болууга аракет жасоо керек
(Альберт Эйнштейн).
– Мен ийгиликтин ачкычы эмне экенин билбейм, бирок ийгиликсиздиктин сыры – кошоматчылыкта экенин билем (Билл Косби).
– Сиздин убактыңыз чектелүү, аны башканын жашоосуна коротпоңуз (Стив Жобс).
– Биздин эң чоң кемчилигибиз – бат эле баш тартып койгонубузда. Ийгиликке жетүүнүн эң ишенимдүү жолу – кайра-кайра аракет кылуу
(Томас Эдисон).