Ишенбек Мухтар уулу, акын, композитор: «ЖОГОТПО БИЗДИН СҮЙҮҮНҮ» ЫРЫМДЫ КЛАССТАШЫМА АРНАГАМ»

Бул инсандын өзү эмес, ырлары көбүрөөк таанымал. Акын, ырчы, обончу жана композитор Ишенбек Мухтар уулу көптөгөн хит ырларды жараткан. Алардын бири “Сүйүүнү кайдан сезмекмин, сүйбөсөм эгер мен сени” деген саптары бар “Жүрөк сыры” ыры. Ырларынын тарыхын өзүнүн баяндоосунда угалы.

«Максат Кыштообаевдин ырын ырдап бериңизчи дегендер болот»

– 2006-жылы Кытайдан Кыргыз жерине келип, Караколдогу Ыбырай Туманов атындагы музыкалык орто окуу жайда окуп калдым. “Жүрөк сырынын” тексти ошол жерде 2-курста окуп жатканымда жазылган. Ар бир нерсенин жаралуу тарыхы, тагдыры болот эмеспи. Ал кезде Ысык-Көлдүн бир ак куусуна ашык болуп жүргөн убагым эле. Мен сүйүү менен көп ооруган жанмын, айта албай ичимден эзилип жүрө берем. Ырдын обонун Улуттук консерваторияда окуп жаткан кезде жаздым. Бул 2009-2010-жылдар эле. Биринчи жолу Үч-Теректин үч кызы Анапия, Дилбар, Лира Райымбекова эжелердин концертинде ырдап чыктым. Бир топ убакыт өткөндөн кийин, 2016-жылы Максат Кыштообаев ырдап чыгып, калың элге ушул жигиттин үнү, аткаруусу менен кеңири тарады. Кудайга шүгүр, азыр да жакшылыктарда көп ырдалат. Кээ бири авторун айтып ырдайт, кээ бири айтпайт. Кээде “Максат Кыштообаевдин ырын ырдап бериңизчи” деп өзүмдөн ушул ырды сурангандар болот (күлүп).

"Ошол сүйүүңүзгө жеттиңизби анан?" деп көп сурашат. Жеткенди кой, сүйүүмдү ал кызга билдирген да эмесмин. Бул ыр ага арналганын деле билбейт. Балким, ал сүйүүмө жетсем, мындай ыр чыкпай калмак беле, ким билет?..

«Эс алууга барсам, баягы кыз үй-бүлөлүү болуп калыптыр»

– “Жоготпо биздин сүйүүнү” ырынын тексти да, аталышы да, обону да бир убакта жаралган. Балалыгым Кытайда өттү да, 8-класстан тарта классташымды аябай жакшы көргөм, сүйгөм. 11-класска чейин канаттуу сезимдин күчү менен калкып асманда учуп эле жүрчүмүн (күлүп). Ошентип жүрүп Кыргызстанга окууга келдим. Арадан 2-3 жыл өтүп, каникулда эс алууга барсам, баягы кыз турмушка чыгып, үй-бүлөлүү болуп калыптыр. Болбой эле баягы балалык сезимдин күчү өчпөйт экен да. Ичимден кыжалат болуп, убакыт өтпөй кыйналдым. Каникул бүтүп, кайра Кыргызстанга келгенде жаралды бул ыр.

Мурда өзүмдүн ырларымды ырдагандан тартынчумун. Бир жолу конокко барып, ошол жерден ырдадым. Анан сыртка чыкканда ырчы Ишен Назаров келип “азыркы ырдап жаткан ырың кайсы ыр эле?” дейт. “Ал менин “Жоготпо биздин сүйүүнү” деген ырым” десем, “мага абдан жакты, ошол ырыңды ырдасам болобу?” деп сурады. Ошентип Ишен Назаровдун аткаруусунда элге тарады. Андан бир жылдан кийин Бекжан Темирхан деген жигит чалып, “мен Ишен Назаровдун өкүл баласы болом, өкүл атам сиздин сонун ырыңызды ырдайт экен, ошону мен да ырдасам болобу?” деди. Жаш, жаңы чыгып келаткан бала экен. Ага чейин экөөбүз бир радиодо эфирде чогуу болгонбуз. Жаркылдаган жакшы бала эле, "өсө турган жигит экен" деп ичимден ыраазы болуп койгом. Уруксат бердим. Ошентип ал жигит да ырдап чыкты. Клибин тарттырды. Былтыр ал жигиттин көзү өтүп кетпедиби, ошондо “ии-ий, бул ырды өзү жазган турбайбы” деген сөздөр чыгып кетти. Бир күнү эфирден “бул ырдын сөзү-обону мага таандык” десем, бир эже чалып, “кандай уялбаган баласың, кечээ эле көзү өтүп жатса бүгүн анын ырына ээ боло каласыңбы?” деп эфирден мени катуу урушуп салды (күлүп). Карачы, биздин элдин өнөрдү баалаганын, тиги жигитти жакшы көрүп, чыгармачылыгын баалап, ал ырдаган ырды эч кимге ыраа көрбөй жатат да. Бир жагы ыраазы болдум. Бир жагы өзүмдүн баламды бирөөгө тарттырып жибергендей болуп ичим тыз деди. Ал эжеге араң түшүндүрдүк. Азыр эми элдин баары эле билип калса керек.

«Арзуу ыры» «Жүрөк сырынын» уландысы»

– “Арзуу ыры” жанагы “Жүрөк сырынын” уландысы. “Жүрөк сыры” Максат Кыштообаевдин аткаруусунда жакшы тарап, эл жакшы кабыл алып турган учурда Максат “Ишеке, дагы бир ыр жазып бер” деп келиптир. Макул дегеним менен, эргүү келбей ортодон бир топ убакыт өттү. Анан бир күнү обону жаралды, бирок текст таппайм. Ар кайсы текстти коюп көрдүм, өзүм да жазып көрдүм, окшошпойт. Ыр жазган дептерим бар эле, бир күнү ошол дептерди барактап отуруп ушул текстке көзүм түштү. Аталышы башкача болчу. Дароо аккордеонду алып ырдап көрсөм төп келип калды. Максатка ырдап жөнөтсөм жактырды. Темасын “Арзуу ыры” деп атадык. Көрсө, бул ырды ошол “Жүрөк сырынын” текстинен кийин анын уландысы катары жазган экенмин.

«Апам карааны дайынсыз жубайыңа ыр жазып, мага эч нерсе жокпу деген»

– Канчалык жакшы жашасаң да, жүрөгүңдө ата-энеңе, бир туугандарыңа, туулган жериңе сагыныч болот экен. “Апакем”, “Бир туугандар” деген ырларымдын жаралышын да айта кетейин. Бир жолу ырчы, тамада Мелис Элебесов деген досум “жубайыма деп ыр жазып берчи” деп суранды. Үйлөнө электе эле “Жубайыма” деп ыр жаздым, ал ыр эфирден берилгенде мактанып апама жиберип койдум. Апам чалып “карааны, дайыны жок жубайыңа ыр жазып жүрөсүң, балам, 9 ай көтөрүп, ак сүтүмдү берген мага эч нерсе жокпу?” деди тамаша-чынга салып. Апамдын ошол сөзү катуу таасир берди. Анан апамдын туулган күнүндө сүйлөшкөндөн кийин өзүмдү коёрго жер таппай кыйналдым. Ошондой абалда 2-3 күн жүрүп, анан “Апакем” ыры жаралды. Эртеси пианинодо отуруп обонун жаздым. 2016-жылы Консерваторияны аяктап жатканда жыйынтыктоочу концерт бергем. Ошондо апам, эжем, иним Кыргызстанга келип кетишкен. Ошол концертте “Апакемди” ырдасам, апам көзүнө жаш алып ыраазы болгон. Негизи ал концертте көп эле чыгармаларымды тартуулагам, апамдын эсинде анын бири да жок, ошол “Апакем” ыры эле калыптыр. Азыр бул ырды Максат Кыштообаев аткарып жүрөт.

Бир жолу 12-13 бир тууган тойдун аягында сахнага чыгышты. Ошол учур көзүмө укмуш көрүндү. Ортосунда ата-энеси, кыздары оң жагында, балдары сол жагында тизилип, ар бири өзүнүн үй-бүлөсү менен. Ошондо бир туугандарымды эстеп көзүмдөн жаш кылгырды. Анан бир күнү Махабат Молдалиеванын ыр жыйнагынан “Бир туугандар” деген ыр жагып калды. Ага обон жаздым, ырды радиолорго берейин десем тексттин авторун таппайм. Анан интернет аркылуу издеп таптым. Көрсө, ал эже КТРде иштейт экен. Жолугуп аккордеон менен ырдап берсем, жактырып, уруксат берди. Ал ырды кийин Гүлназ Бекбосун кызы эжебиз сурап ырдап чыкты. Кийин Кытайга барсам, бир туугандарымдын баары телефондоруна ушул ырды көчүрүп алышыптыр. Сүйүнгөнүмдү айтпа.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1075, 14-20-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан