Кутман Садыбакасов, төкмө: “6 АЙ СҮЙЛӨШҮП БАШ КОШТУК”

Төкмө акын Кутман Садыбакасов сүйүктүүсүнө баш кошту. Той берип элден бата алып, келген-кеткен коноктордон колдору бошобой турган убагы. Таланттуу мырза жубайы менен кантип табышкан?

– Кутман, Сымбат, куш боо бек болсун! Кутман, алгач келинчегиңизди тааныштыра кетсеңиз...

Кутман: - Чоң рахмат. Келинчегимдин аты Сымбат, Нарындын кызы болот. Жогорку билимдин ээси, кесиби боюнча филолог. 6 тилде: кыргыз, кытай, орус, англис, түрк, араб тилдеринде эркин сүйлөйт. Менден 2 жашка улуу, мен 22 жаштамын, Сымбат 24тө. Жубайым чыгармачылыкка кызыкпайт, бирок сыйлайт, баалайт, түшүнүгү кеңири.

– Жакшы. Качан, кайдан таанышып калдыңыздар?

Сымбат: - Экөөбүз мындан бир жыл мурун орозо убагында таанышканбыз. Кутман ооз ачарга конок чакырып, мен да ал коноктордун арасында болчумун.

Кутман: - Ооз ачарга дос, тааныштарды чакыргам. Сымбат бир таанышымдын жакыны экен, чогуу келиптир. Ошол жерден биринчи жолу көрүп, дароо эле жактырып калдым. Анан кеп учугун чыгарып сөз баштасам, тетириленип туура эмес кабыл алды биринчи, жактырбай көпкө жүрдү. Анан тил табышып, кыз-жигит катары 6 ай сүйлөштүк. Сымбат дин жолунда жүргөнү үчүн көп жолугуша алган жокпуз. Сүйлөшкөнүбүздү деле эч ким билген жок. Жакшы жашап кетебиз деп ниет кылып баш кошуу чечимине келдик.

– Негизи сүйлөшүп жүргөндө кыз-жигит бири-бирин жакындан тааныйт эмеспи.

Бири-бириңиздерден кайсы сапаттарды жактырдыңыздар?

Кутман: - Сүйлөшүп жүргөндө Сымбаттын түшүнүктүүлүгү, кайсы темада сүйлөшсөк дагы ошол темада түшүнүгү кеңири экендиги жаккан. Көп учурда экөөбүздүн пикирибиз бир жерден чыккандыгы кызыктуу болгон. Ошондуктан түшүнүшүп жашап кетебиз деп ишендим.

Сымбат: - Мага Кутмандын камкордугу, бир нерсе кылар алдында, чечим кабыл алууда ага карата менин пикиримди сурап, ошого жараша чечим чыгарганы жаккан. Дегеле көп сапаттарын жактырдым.

– Белек беришип жетиштиңиздерби?

Кутман: - Ооба, экөөбүз тең бири-бирибизге китеп белекке беребиз. Биз үчүн китеп чоң белек.

– Сымбат, чыгармачыл адамдын жубайы болуу оор деген кептерди сиз деле көп уксаңыз керек...

Сымбат: - Ооба, антип көптөр айтышат. Турмуш жолуна жаңы аттанып жаткандыктан мага азырынча оордугу сезиле элек. Чыгармачыл адамдын чыгармачылыгын түшүнүү, колдоо керек, “чыгармачыл адам менен жашоо оор” деген ушул өңүттө айтылган сөз болуш керек. Кутмандын мүнөзү тууралуу айтсам, кээде оор, кээде абдан жумшак адамдай сезилет. Кумтандын мүнөзү, жүргөн-турганы, көп нерсеси атама окшош экен. Ушуну байкадым.

– 3 абысыныңыз бар экен...

Сымбат: - Ооба, 3 абысыным бар. Алар менен алгачкы таанышкан күндөн баштап жакшы мамиледе болдук. Ар биринин өзүнчө өзгөчөлүктөрү бар. Үй-бүлөгө кошулгандан баштап жакшы мамиле жасашып, көп нерсе үйрөтүп, жакшы кабыл алышты, аябай жакшы адамдар. Абысындарым да, атам менен апам да мени сонун кабыл алышты. Өз кызына кылгандай жылуу мамиле жасап жатышат. Келгениме аз убакыт болсо дагы өз үйүмдөгүдөй эле көнө түштүм.

Башында башкача сезимдер болгон, мындай ар бир кызда болсо керек. Өз үйүмдөн кетип, башка үйгө бүлө болуп жатам да, бир кызыктай сезимдер болуп, жүрөгүм эзилген. Анткен менен мындан ары Кутман менен турмуш жолубузду чогуу уларыбызды ойлогондо толкунданып, жагымдуу сезимдер болуп жатат. Азыркы учурдун ар бир көз ирмеми жагымдуу сезимдер менен коштолууда.

– “Эрте баш кошуп алышты” деген пикирлерге эмне деп жооп берет элеңиздер?

Кутман: - Эрте баш коштук деп ойлойбойм. Ар нерсенин өз убактысы болот. Нике кайып деп коёт, Кудай буюрган күнү үйлөнөт экенсиң. Адам 30 жаштан ашканда үй-бүлө түптөлүп, тамыр байлап калышы керек деп эсептейм. Бул биздин чечим, эрте да, кеч да эмес, өз убактысында болду, менимче. Ар кимдин ою ар башка. Башкалардын оюн угушубуз керек, бирок чечимди өзүбүз кабыл алышыбыз шарт.

– Ата-энеңиздер менен чогуу жашайсыздарбы же бөлүнөсүздөрбү?

Кутман: - Үйдө 7 бир тууганбыз, 2 кыз, 5 эркекпиз. Менден кийин дагы бир иним бар. Айылда, ата-энемдин жанында менден улуу байкем жеңем экөө кала турган болуп жатат. Биз болсо жумуш шартыбызга, келчекке койгон план, максаттарыбызга байланыштуу борбордо жашайбыз, Кудай буюрса.

– Үй-бүлө бекем, бактылуу болушу үчүн эмнелер зарыл деп ойлойсуздар?

Кутман: - Биринчиден, сүйүү, экинчиден, ишеним. Андан кийин түшүнүү, бири-бириңе көңүл бөлүү, бардык нерсени кеңешип чечүү. 2 адам 1 адамдай, 2 дене бир жүрөктөй сезилгенде үй-бүлө бекем болот деп ойлойм. Биз көп үй-бүлөлөрдү көрүп суктанып жүрөбүз. Үлгү туткан үй-бүлөлөрдөн өкүл ата, өкүл апаларыбызды шайлап алдык. Ал- ишкерлер Аймен Касенов жана Азамат Жакыповдун үй-бүлөлөрү. Жокчулук, жетишпестик үчүн жубайлар бири-бирин күнөөлөбөй, Кудайдын берген сыноосу деп, жакшылыгынын баарын ыраазычылык билдирүү менен кабыл алган үй-бүлөнү үлгүлүү үй-бүлө деп түшүнөм. Элдин эң алды болбосок да, жоон орто тобунда өзүбүзгө жетиштүү дүнүйө-мүлкүбүз менен жакшы жашоого жетсек, үлгүлүү үй-бүлөлөрдөн болсок деп кыялданабыз. Андан сырткары, өлкөбүзгө пайдасы тие турган мыкты уул-кыздарды тарбиялап өстүрсөк деп тилейбиз.

– Кутман, чыгармачылыгыңыздагы пландарыңыз тууралуу да бир ооз айта кетсеңиз...

Кутман: - Өзүңүздөр билгендей, учурда Кыргыз улуттук “Манас” театрында иштеп жатам. Кудай буюрса, быйылкы жылдын ичинде айтыш, концерттер көп. Элибизге жаңы, жакшы чыгармаларды арнасак, мыкты деңгээлде айтыштарды тартууласак деп максат коюп жатабыз. Бул жылы “Манас” театрынын акындары бийик деңгээлде жакшы концерт беребиз деген максаттарыбыз бар. Буюрса, күбө болосуздар.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
nur1111
2023-11-04 22:50:00
Кумтандын мүнөзү...
0
nur1111
2023-11-04 22:52:00
" Эрте баш коштук деп ойлоЙ бойм"...
0
nur1111
2023-11-04 22:55:00
...келчекке койгон план --- келЕчекке
0
№ 1075, 14-20-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан