"Адам өзгөрбөйт" деген чын окшойт. Канча жылдан бери жолдошумдун өзгөрүшүнөн үмүт кылып жашап келгем. Көрсө, болушу ушул экен. Кайсы бир күнү ал кишинин таягынан, жаман мамилесинен кутулуп, эл катары бири-бирибизге сүйүүгө толо көздөр менен карайбыз деп ойлочумун. Бирок андай болбой турганына көзүм жетти. Ата-энелер макулдашып эле 11-классты аяктаганымда мени күйөөгө берип коюшкан. Материалдык жактан кыйналып жашаган үй-бүлө болгондуктан, жогорку окуу жайда окубашым башынан белгилүү болчу. Андыктан турмушка чыгууга макулдугумду бергенден башка айлам жок болчу. Жолдошум жашаганыбызга бир жума боло электе кол көтөрүп баштады. Бизде андайды элге айтпай жашырып жашоо керек да. Үйдүн ичинде болгон окуяны сыртка чыгаргым келбейт, уялам. Башкаларга жашоом жакшы деп көрсөткүм келет. Жашаганыбызга 15 жыл болуп калса да жолдошумдан эч бир жылуу мамиле көргөн жокмун, жакшы сөз уккан жокмун. Мени көрбөй, сүйбөй алганы үчүн ушундай болуп жатат, мени сүйүп кеткен жок, кабыл алган жок, ошондуктан жакшы сөз сүйлөй албайт деп актадым аны, балалуу болгондо башка адамга айланат деп ишендим. Бирок андай болгон жок. Эки кыздуу болдук. Кол көтөргөнүн, шылдыңдап сүйлөгөнүн, басынта бергенин койгон жок. Кыздарына деле мага кылгандай жаман мамиле кылат.
Үч жыл мурун жолдошум аттан кулап, инсульт алып кулаган жеринде көпкө жатып калыптыр. Буту да сыныптыр. Денесинин сол тарабы кыймылдабай, жакшы сүйлөй албай калды. Башында карабай койгум келген. Бирок бир нерсе болуп кетсе, тфү-тфү, анын бетин ары кылсын, аны карабай койгонум үчүн өзүмдү өмүр бою күнөөлөп жашай турганымды сездим. Кыздарым менен колубуздан келишинче карадык. Айыгып кетиши үчүн врачтын айтканынын баарын кылдык. Убакыттын өтүшү менен ал айыга баштады. Ошондой күндөрдүн биринде анын мага ыраазы болуп караганын көрдүм, ушунчалык жагымдуу болду. Мындан ары баары башкача болот деп үмүт кылып колумдан келишинче аны айыктырып алуу үчүн аракет кылдым. Бир күнү кызынын башынан сылаганын да көрдүм...
Азыр абалы жакшы. Төшөктөн өз алдынча туруп акырын басып калды, сүйлөй да баштады. Бирок ал төшөктө жатканда тынч болуп калган жашообуз кайрадан мурдагы абалына келди. Ызы-чуу, анын көңүлүнө карап жашоо, коркуп жашоо кайрадан башталды. Бир нерсе жакпай калса эле колундагы таягы менен уруп калат. Айтор, бекерге үмүт кылыптырмын. Эч нерсе өзгөрбөптүр...
Гүлайым