Иш болгон жерде сынчы сөзсүз табылат. Бирөөнү сындоо, анын кемчилигин көпчүлүккө баса көрсөтүү социалдык желелерде бүгүнкү күндө кадимки көрүнүш. Бүгүн хейтерлердин сынына блогер Гүлзат Мамытбек жооп берет.
Жаныбек: – Башына эле эмес, өпкөсүнө да суук тийди бул кыздын...
– Жо-ок, эч жериме суук тийген жок. Бүт жагым сопсоо. Өпкөм ушунчалык саламат, таластыктардыкынан ашып кетет, ха-ха.
ot5ib1qy2t: – Көп күлгөн адам эч ким жок жерде ыйлайт...
– Мен ыйлабайм деле. Ыйлаган мага жакпайт. Балдарымды сагынганда бир аз ыйлайм, бүттү. Анткени “дев-ти” (dev-ti) деген сөз бар, бул кереги жок, ашыкча кыймыл-аракеттер. Көп “девти” кылабыз. Ыйлоо дагы, кайгыруу дагы, бир нерсени ойлонуп, капаланып, анын баарына өкүнгөн дагы, бүт негативдүү энергия “дев-ти”. Мен антпейм.
gulandatentieva14: – “Көп окуйм, көп тил билем” дейт, бирок көптү окуган адам маданияттуу болуш керек. Эл алдында билимдүүлүгүн көрсөтпөй, тантырап, кыйкырып, тескерисинче, маданиятсыз экенин көрсөтөт...
– Азыр маданияттуу болуу, токтоо болуу мода эмес. Бардык өлкөдө, тескерисинче, өзүңдү таанытып, кыйкырып, шуулдаган, өзүнө назар бурдурган адамдар ийгиликтүү. Ушуну пиар деп коёт. Канчалык катуу, канчалык тарс-турс иш кылсаң, ошончолук таанымал, ийгиликтүү болосуң. Мени эч нерсе сындыра албады. Балдарымды алып койгону да, түрмөгө отургузуп койгону да, эч нерсе сындыра албады го, чиркин! Сындыра албайт дагы, анткени билимим мыкты.
aliyanurlanova6032: – Бул кыз Америкада төрөлүшү керек эле...
– Ха-ха! Билбейм, мен Кыргызстанда төрөлдүм. Ошого бактылуумун.
th3gn8rn5q: – Мотуевден кем калбайт, аман эле бол...
– Мотуевди өмүрүмдө көргөн эмесмин. Интернеттен эле көрүп калам. Эми ал өзүнчө Кудай берген киши. Бирөөгө сын тагып, жамандап, өзүнүн кемчиликтерин билбей туруп артынан сүйлөө – мына ошол маданиятсыздык, ошол текеберчилик, ошол күнөөгө батмай.
zh4yp4er7e: – Тегирменге салса бир кап ун көтөрө чыгат...
– Эки кап көтөрө чыгам!
rn3it5cv5n: – Бул Гүлзат Мамытбек элдин көбүн алдап кетиптир го, эми минтип элге акыл айтып, аял-кыздарды “эркектерге антпегиле, минткиле, баш ийбегиле” деп дем берип жүрөт...
– Эч кимди алдаган эмесмин, алдабайм дагы. Акыл үйрөткөнгө акым бар, акыл үйрөтөйүн деп чоң максат койгом өзүмө. Билимим да, духум да жетет. Экинчиден, өздөрү акыл издеп келип жатышпайбы. “Мага үйрөтүңүзчү, мотивация бериңизчи, сынып калдым, жашоодо жол таппай калдым” деген адамдар өтө көп. Бекер семинарларды өткөрүп, көп адамга дем берип жатканымдын себеби ушул. Мен Кыргызстандын патриотумун. Эми хейтерлерим дагы бар. Мага жазылгандар дагы, хейтерлерим дагы эң сонун адамдар. Аябай жакшы көрөм, хейтерлерге рахмат, аябай өсүп жатам.
sf7ce1ly6j: – Ушул кызды такыр түшүнө албайм, жасалмабы же чындап эле ушундайбы?
– Эми адамдар ар кандай толкунда болот, мен сүйлөшүп жаткан адамыма, аудиторияга жараша өзүмдү алып жүрөм. Ошонун толкунуна түшөм же чыгам. Бирок мен күчтүү психолог, пиарчы, маркетолог катары дагы ыкмаларды билем. Түрмөдө отуруп да аябай сонун иштерди бүтүрдүм. Эч ким эч кимди урушпай, тартип орноп калган. Маданияттуу болуу, китеп окуу, бири-бирине сый-урмат менен кайрылууну адат кылышкан. “Биз эң маданияттуу камерабыз, биз аябай тынчпыз, биз ынтымактуубуз” деген мода болуп калган.
ql4gw5fs6v: – Гүлзат Мамытбекти бир карасаң акылдуу, сүйлөгөндөрү ордунда, кээде ичине шайтан кирип кеткенсип, “свиданияга чакыр” деп чыга келет...
– Бул дагы тийишкен сөз, бул дагы өзүнчө пиар. Муну пиардын тили менен “инфоповод” деп коёт. Сен эл талкуулаш үчүн маалыматтык себеп берип жатасың. Канчалык бирөөлөр артыңдан сүйлөгөн сайын ийгилигиң жүрө берет, бычагың кесе берет, кербениң кете берет. Иттер үрө берет.
aichurok565: – Ушундай назик эле болуп жүрчү, сонун жарашыптыр...
– Эми назик дагы боло алам, катуу дагы боло алам, баатыр дагы боло алам, эне дагы, сиңди дагы боло алам. Мен ар кандай образ жарата берем.
sekrety_krasotyy: – Мунун билимин, өзүн сыйлайм. Бирок ушинтип эле жиндидей боло бербей, токтоо болуп деле иш кылса болот го. Шалактаганы жакпайт...
– Биздин элибиз кутунун ичинде. Түрмө – адамдардын башынын ичинде. Ошол түрмөгө кирип алышкан көптөр. “Ырдабаш керек, зымпыйып жүрүш керек” деген нерсени мээсине сиңирип алгандар бар. Чет өлкөдө адамдар көчөдө бийлеп, ырдап сопсонун эле жүрүшөт. Атүгүл биздин кошуна Өзбекстанда атайын көчөлөр бар, ал жерде адамдар бийлеп, ырдап, өзүнүн чыгармачылыгын көрсөтүшөт. Бул нормалдуу нерсе. А биздин кыргызга жат көрүнүп жатат, анткени өзүбүз жатпыз, туңгуюктан чыкпаган караңгы элбиз. Кыргызда ынтымак, билим жок, күч жок, сабатсыздык, караңгылык, ушунун баары чогулуп отуруп бүгүнкү абалга келдик. Азыр деле биригейин деген оюбуз жок, эгер кыргыз бирикпесе 20-30 жылдан кийин жок болуп кетет.
suuinbekovaumut: – Ай Кудай ай, бул дагы ичип алган турбайбы...
– Жок, такыр ичпейм. Ичкен да эмесмин, ичким да келбейт. Арактын жытын аябай жаман көрөм, тамекинин жытын дагы. Негизи жытка аябай сезимталмын. Жакшынакай жыттанбасам өзүмө-өзүм жаман көрүнүп кетем. Менден жакшы жыт чыгып туруш керек. Башка адамдан жаман жыт чыкса жанында отура албайм.
kairat9336: – Ачылып алыпсың го Гүлзат. Карыздарыңды бер жарнамаларга чыга бербей...
– Байкуштарым, ии-ий, менин карыздарымды санабай эле коюшса, өздөрүнүн карыздарын эптеп алышса (күлүп). Карыздарды берип эле жатам биринин артынан бирин.
kesh.a7965: – Бул элдин акчасын алдап алып камалып жүрбөдү беле. Төлөп бергенби?
– Ал акчалардын баары тең төлөнгөн, баары берилген. Билип-билбей эле байкуштар сүйлөй беришет да. Ооба, элден акчаны алдым, бир долбоорго жумшадым. Анан долбоор иштебей калды, IT адистерим алсыз болуп, карыздап калдым. Биздин мыйзамдарыбыз жыртык-пыртык экен, түшүнбөйсүң, кимиси күнөөлүү, кимиси күнөөлүү эмес. “Тиркеме бар, акчаны ошол тиркемеге салгам” десең тергөөчүлөр “мен аны түшүнбөйм” дешет.
Каныш: – Ии, сен президент болсоң биз жоголобуз го...
– Мен президент болсом, тескерисинче, өсөбүз, номер бир болобуз. Планетаны башкарган эл болобуз.
Aidaina: – Аябай арыктап кетиптир...
– Мен атайын арыктап жатам. Күйөөгө тийиш керек (күлүп). Күйөө кандай болушу керек деп 80 пункт жазгам. Өзүм да жакшынакай болушум керек экен, жакшынакай келбетке ээ болоюн деп спорт залга, сууда сүзүүгө барып жакшынакай болуп жашарып жатам.
Гулийпа Маметосмон кызы