КОНДИЦИОНЕР ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

1. Кондиционерди алгач башка максатта колдонушкан. 19-кылымдын башында Бруклиндеги бир басмакананын кызматкерлери кагаздагы сыя бөлмөнүн температурасына жараша бат же жай кургай турганын байкашкан. "Бат кургата турган жабдык жасап көр" деп ал кезде анча таанымал эмес ойлоп табуучу Уиллис Кэрриеруга буюртма беришет. Уиллис мырзанын жабдыгы ошентип басмаканаларда колдонулуп келген. 13 жылдан кийин гана ойлоп табуучу жеке компаниясын ачып кондиционерлерди өндүрө баштаган.

2. Кондиционерлер колдонулган экинчи жай кинотеатрлар болду. Маркетологдор жайкысын адамдар ысыктан качып имараттардын ичине баш калкалай турганын, эгер имараттын ичи салкын болсо келген адамдардын да саны көп болорун байкашат. Анан бөлмөдөгү температураны муздак абалда кармап турган кондиционерлерди орнотушкан. Кондиционер ошол мезгилде киноиндустриянын өнүгүшүнө салым кошкон дешет маркетологдор.

3. Азыркы учурда дүйнөдө 1 миллиарддан ашык кондиционер бар.

4. Кондиционер үйдү көк басып кетүүдөн сактайт.

5. Бул жабдык чаң кенелеринин көбөйүшүнө шарт түзөт. Андыктан кондиционердин чыпкасын (фильтр) бат-баттан тазалап туруу керек.

6. Муздак эле эмес, ысык аба менен камсыз кылган кондиционерди 1958-жылы биринчи жылуулук насосун ойлоп тапкан япониялык “Daikin” компаниясы жараткан.

7. Ал эми автоунааларга алгачкы жолу кондиционерди орноткон “Packard” компаниясы болгон. Ал убакта АКШда бир унаанын орточо баасы 700 долларды түзсө, бир унаага кондиционер орнотуу 250 долларга чейин жеткен (автоунаанын наркынын үчтөн бирине жакыны).

8. Дүйнөдөгү эң чоң жана эң кичине кондиционерлер АКШда чыгарылган. Эң чоңу күнөсканаларда колдонулса, эң кичинеси түрмөлөрдөгү VIP камераларга орнотулган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Afrodita1993
2023-07-24 19:40:00
Оң жана терс жактары жөнүндө да маалымат берсенер сонун болмок
0
№ 1076, 21-27-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан