ПУЭРТО-РИКО – АКШнын ЭҢ ЖАКЫР АЙМАГЫ

Пуэрто-Рико дегенде алгач оюңузга эмне келет? Толкундары жээкке уруп турган көрктүү деңизби? Антлантика океаныбы же атактуу “Despacito” ырыбы? Балким, сулуу кыздар... АКШнын бир аймагы деп эсептелген, ошол эле учурда өз алдынча башкаруусу бар Пуэрто-Рикого саякаттайлы.

Борбору: Сан-Хуан

Аянты: 9,104 чарчы чакырым

Калкынын саны: 3,264 миллион (2021-жыл)

Расмий тили: испан, англис

Акча бирдиги: АКШ доллары

Эли АКШнын жарандыгына ээ, бирок шайлоого катыша алышпайт

Пуэрто-Рико шериктештиги АКШга карайт, ошол эле учурда өз алдынча башкаруусу бар. Дегенибиз, АКШнын Конституциясына баш ийет, бирок өзүнүн Конституциясына да ээ. Кадимкидей мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги иштейт. Эли АКШнын жарандыгына ээ, бирок шайлоолорго катыша алышпайт. 1947-жылы АКШ бийлиги пуэрто-риколуктарга өз губернаторлорун өздөрү шайлоо укугун берген. 6 жолу референдум өтүп, дээрлик баарында пуэрто-риколуктар АКШга 51-штат болуп кошулууну колдоп добуш беришкен. Акыркы чечимди АКШ Конгресси кабыл алышы керек. 2023-жылдын 5-ноябрында бул аймактын саясий статусун аныктоо үчүн плебисцит өткөрүлөт. Жашоочуларынын көбү европалыктар, мындан тышкары, африкалыктар жана башкалар байырлайт.

Пуэрто-Рико испан тилинен кыргызчага “бай порт” деп которулат. Аймак бир чоң арал жана бир канча кичи аралдардан турат, Доминикан республикасы жана Виргин аралдары менен коңшулаш жайгашкан. Түндүгүнөн Антлантика океаны, түштүгүнөн Кариб деңизи менен курчалган.

Жогоруда айтылгандай, пуэрто-риколуктар АКШга кошулууну жана АКШда жашоону каалашат. 1947-жылдын башында Нью-Йоркто 30 миң пуэрто-риколук болсо, учурда алардын саны 700 миңдей. Бул аймакта айлык акы аз, АКШнын эң жакыр аймагы болуп саналат. Аймактын өзгөчөлүгү: фармацевтикалык компаниялар көп, медициналык тейлөө бекер жана киреше салыгы жок.

Тарыхы толук изилдене элек

Пуэрто-Рикону 1493-жылы айтылуу саякатчы-изилдөөчү Христофор Колумб ачкан. Аймактын тарыхы азыркыга чейин толук изилдене элек. Археологиялык казуулардан жана алгачкы испан саякатчыларынын оозеки айтып берүүсү боюнча гана алынган маалыматтар айтылып жүрөт.

Пуэрто-Рико көп жылдар Испаниянын карамагында турган. Испан-Америка согушунун жыйынтыгында 1898-жылы Испаниянын карамагынан чыкса, 20-кылымда АКШнын аскерий көзөмөлү астына кирген. Биринчи дүйнөлүк согуштан тарта пуэрто-риколуктар АКШ армиясында кызмат өтөй башташкан.

Табияты, эстеликтери, деңизи кызыктырат

Табияты кооз, тарыхый эстеликтерге бай, анан да деңизи менен кызыктырган Пуэрто-Рикого агылган туристтердин саны арбын. Туристтер деңиз жээгинде эс алуудан тышкары, тарыхый имараттарды көрүп чыгышса болот. Бул аймакка ээлик кылууну каалагандар арасында көптөгөн согуштар болгон. Ошондуктан борбору Сан-Хуанда чептер, порттор көп жайгашкан. Эль-Морро, Сан-Кристобаль сепилдери туристтердин кызыгуусун жаратат. Эль-Морро сепили 18 кылымда испандыктар тарабынан аралды басып алууну каалаган башка Европа өлкөлөрүнөн коргонуу үчүн курулган. 1983-жылы Юнесконун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Аймакта чиркөөлөр көп.

Рио-Камай улуттук паркы сюрреалисттик акиташ түзүлүшү менен белгилүү жана спелеотуризм (спелогия -үңкүрлөрдү изилдөөчү илим) үчүн дүйнөдөгү эң мыкты жерлердин катарына кирет. Бул аймактан 200дөн ашык үңкүр табылган. Камай дарыясы дүйнөдөгү эң чоң жер алдындагы дарыя болуп саналат.

Пуэрто-Рикодо коки деп таанылган бакалар жашайт. Ал бакалар аралдын сүйүктүү жандыктары, аларды үнүнөн гана билсе болот. Туристтерден көргөндөр аз. Анткени эң чоң кокинин денесинин узундугу 5 сантиметрден ашпайт. Кичинекей болгону менен абдан катуу үн чыгара алышат. Аз эле сандагы кокинин үнүнөн кулак тунуп калышы мүмкүн. Эль-Юнке паркы аталган бакалар байырлаган негизги жер. Папоротниктердин чыныгы падышалыгы десек болот. Бул токойдо жашаган коки жана пуэрто-риколук амазон аталышындагы тоту куш түрүнүн жоголуп баратканы айтылып келе жатат. Флоранын көп түрдүүлүгүнөн аталган парк БУУнун көзөмөлү астында биосфералык корук статусун алган.

Атлантика океанынан келген катуу бороондор Пуэрто-Рикону талкалап салган учурлар кездешет. Акыркы жолу 2017-жылы 20-сентябрда саатына 240 чакырым ылдамдыктагы бороон болуп, аймакты толугу менен тыптыйпыл кылган. Бул 80 жылдын ичиндеги эң катуу бороон деп сыпатталат. Кырсыктан бир жарым миңге жакын адам каза тапкан делет.

Пина колада коктейлинин мекени

Пина коладаны жакшы көрсөңүз, Пуэрто-Рикого барыңыз. Коктейлдер бул аймактын гастрономиялык тарыхында башкы ролду ойнойт. Пина колада Пуэрто-Рикодо ойлоп табылып, 1978-жылы ал Пуэрто-Риконун расмий суусундугу деп жарыяланган. Жыл сайын 10-июлда улуттук майрам катары пина-коладанын күнү белгиленет. Мындан тышкары, Пуэрто-Рико ром чыгарган алагачкы өлкөлөрдүн катарында. Бул аймактын рому салттуу алкоголдук суусундук деп эсептелип, аймак ичинде да, дүйнө рыногунда да популярдуу. Аймакта спирттик ичимдиктин түрү көп жана баасы арзан делет. АКШнын калган аймактарында 21 жаштан ашкан жаранга гана алкоголдук ичимдик ичүүгө уруксат берилсе, бул аймкта 18 жашка толгон жаран иче берсе болот.

Кызыктуу фактылар

  • Аймакта короз уруштуруу улуттук спорт түрүнө кирет. Кумар чакырган оюндардын бири.
  • Пуэрто-риколук музыкант Луис Фонсинин “Despacito” ыры 5 миллиарддан ашык көрүү топтогондон кийин Youtube’дун тарыхында эң популярдуу видео катары “Гиннестин рекорддор китебине” киргизилген.
  • Пуэрто-Риконун атынан катышкан кыздар 5 жолу “Аалам сулуусу” сынагынан жеңип алышкан.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1076, 21-27-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан