Аптанын жаңылыгы
Ош облусунда жайгашкан Кара-Суу районуна караштуу Барак айылынын тургундары жардам сурап АКШнын президенти Барак Обаманын өзүнө кат менен кайрылып, ал көмөгүн берүүгө макул болуптур. Бул тууралуу маалыматтын чын-төгүнүн билүү үчүн Ош облустук мамлекеттик администрациясынын басма сөз катчысы Канболот Тутуевге байланыштык. “Ооба, аталган айылдын жашоочулары президент Барак Обамага кат менен кайрылышкан. Бирок анын мазмунунан кабарым жок. Айта кетүүчү жагдай, бул маселени учурунда Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков да карап чыгып, эки ирет Барак айылына барып келген”,- деди. Анын айтымында, бул айыл Өзбекстанда анклав болуп калып кетип, июнь окуясынан кийин Кыргызстандын бийлигинен башка жер бөлүп берүүсүн суранышкан. Сооронбай Жээнбеков айылдын жашоочуларына бул маселени өкмөт менен Жогорку Кеңеш гана чечип бере аларын айткан. Жакын арада жер бөлүп берүү маселеси Жогорку Кеңешке жөнөтүлөрүн катчы кабарлады.