ЛЮБОВЬ АКСЁНОВА

Сулууну сулуу деш керек. Любовь Аксёнова – чынында эле сулуу айым. Орус кинолоруна сулуулугу менен да, таланты менен да көрк кошуп келе жатат. Сүйүү чакырган аты да жагымдуу. Бул актрисаны көп эле тасмалардан көрсөңүз керек. Эми анын өмүр баянын гезиттен окуп коюңуз.

Аты-жөнү: Аксёнова Любовь Павловна

Туулган жери: Орусия, Москва

Туулган жылы: 1990-жыл, 15-март

Жылдыз белгиси: балык

Бою: 175 сантиметр

Тартылган белгилүү сериалдары: “Закрытая школа”, “Мажор”, “Бывшие”, “Содержанки”, “Жить жизнь” жана башка

Билими

Мектепти аяктагандан кийин Орусиянын театралдык искусство институту – ГИТИСке тапшырган. Эгер театралдык окуу жайга өтпөй калсам, анда юрист болом деген кошумча планы бар болчу. Бирок көптөгөн каалоочулардын арасынан сынактын бардык талаптарына жооп берген Любовь окуу жайга кабыл алынып, билим алган.

Дебют

Актрисалык жолу да шыр болду. Диплом колго тиери менен “Наши соседи” сериалынан роль алган. Көп өтпөй популярдуу “Закрытая школа” сериалына тартылып калды. Тасманын элге жайылышы андагы актёрдук курамдын таанылуусуна да түрткү болгон.

Үй-бүлөсү

Любовь Аксёнова Орусиянын борбор калаасында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлө мүчөлөрү ар тармакта иштеген адамдар. Атасы аскер кызматкери, апасы фармацевт, күйөөсү продюсер, өзү актриса. Жолдошу Павел Аксёнов менен 2013-жылы таанышып, үч айдан кийин үйлөнүп алышкан. Өзүнүн Новикова фамилиясын жолдошунукуна которуп алганына өкүнбөйт. Түгөйлөр азырынча балалуу болууга эрте, кызуусу келип турган учурда иштеп алыш керек деген пикирде.

Актриса

2013-жылдан баштап Любовь Аксёнова тасмаларга мурдагыдай экинчи пландагы же эпизоддук ролдорго эмес, башкы каарман катары чакырыла баштаган. “Грешник”, “Инквизитор”, “Любит не любит”, “Выжить после” сыяктуу тасмаларда образ жаратты. Любовь “Выжить после” сериалынан кийин гана өзүмдү актриса катары сезе баштадым окшойт. Актёрдук курам жаңы, тоону томкором деп турган жаштардан түзүлгөн болчу. Баарыбызга бирдей мамиле болду, кагылып-согулдук. Буга чейин 2-3 секунддун ичинде ыйлаш керек болгондо ыйлай албай кыйнала берчүмүн. Сериалдан кийин режиссёрдун бир кол шилтеми менен ыйлаганды үйрөндүм” дейт.

Популярдуулук

2016-жылы буга чейин орус тилдүү мамлекеттерде жакшы кабыл алынган “Мажор” сериалынын экинчи бөлүгү чыккан эле. Любовь Аксёнова сериалга жаңы дем берген каарман болду. Мажор жигиттин ролундагы актёр Павел Прилучный менен буга чейин “Закрытая школа” сериалында чогуу иштешкен. Ушул эле жылы дагы бир ийгиликтүү долбоор экранга чыкты, “Бывшие” деген. Анда Любовь Аксёнованын өнөктөшү – актёр Денис Шведов. “Мажордун” да, “Бывшие” сериалынын да кийинки бөлүктөрү тартылган. Анын баарында сулуу актрисабыз башкы ролдо боюнча калды. Дал ушул сериалдар Аксёнованы КМШ өлкөлөрүнө жакшы таанытты. Жакында эле чыккан “Жить жизнь” сериалы да актуалдуулугу менен Аксёнованын популярдуулугун бекемдеди окшойт.

Профессионал

33 жаштагы актриса карьерасында 70тен ашык тасма-сериалдарда роль жаратып койду. Алдыда дагы канчасы турат ким билсин. Комедия жанрынан баштап, фантастика, криминал, боевик, романтика, драма жанрында да ойноп келет. Актриса бир маегинде чет өлкөдөгү кино агенттер менен иштешип жатканын, мүмкүнчүлүк болсо Голливуд тасмаларына тартылганга аракети күч экенин айтып өткөн. Буюрса, келечекте режиссёр Жеймс Кэмерондун тасмаларынан Аксёнованы көрүп калсаңыз, таң калбаңыз.

Сексуалдуу айым

2019-жылы айтылуу «Maxim» журналы жыл жыйынтыгын чыгарып, “Орусиянын эң сексуалдуу айымы” номинациясында Любовь Аксёновага 2-орунду берген. Кийинки жылы ушул эле журналда, ушул эле номинацияда актриса 1-орунга татыктуу болду.

Кызганыч

Актёрлук кесипте көптөгөн адамдар менен иштешкенге туура келет, өзгөчө романтикалык жаатта. Аксёновага да “тасмадагы ачык сценаларды көргөндө жолдошуңуз кызганбайбы?” деген суроону көп беришет. “Жолдошумдай мени, менин кесибимди түшүнгөн адам жок болсо керек. Павел актёр эмес, камера сыртындагы продюсер. Менин ишиме таптакыр башкача көз караш менен карайт. Анын жумушуна мен да кызыгуу менен карайм. Ал мага жаңы нерселерди үйрөтөт. Башкача айтканда, кинонун камера аркасындагы жашоосу жолдошумдун колунда”,- дейт актриса.

Музыка

Ушундай сулуу, таланттуу айымдын мукам үнү да бар. Любовь кичинесинен эле жакшы ырдайт, актрисалыкка чейин ырчы болом деген максаты бар болчу. “ID” аттуу музыкалык топтун курамына кирип, топ музыкалык альбом чыгарганга да үлгүргөн. Бирок ырчы болуу максатын кино дүйнөсү жеңип кетти. Ал эми мукам үнү жакындары арасында гана жаңырып турат.

Индия

Саякаттаганды, жаңы эл-жер көрүп, алардын тарыхын, маданиятын изилдегенди жакшы көрөт. Буга чейин кыдырган өлкөлөрүнүн арасынан актрисага Индия мамлекети өзгөчө таасир калтырган. Эгер Аксёновага “жактырган өлкөңүз?” деген суроо берсеңиз, албетте, “Индия” деген жооп аласыз.

Вегетариан

Вегетариандыкка өткөнүнө көп деле убакыт болгон жок. “Мажор” сериалына тартылып жүргөн учурда эттүү тамактарды жегенден кийин иштегенге каалоосу жоголорун, бир нерсеге көңүл топтой албай каларын байкаган. Ошондон кийин эт жегенди токтоткон.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1076, 21-27-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан