АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Ажар психологдун кабинетинен чыккандан кийин терең дем алды. Көзүн жумду. Эки саат отурган экен, ошонун бир саатын ыйлап өткөрүптүр. Жылдар бою ыйлаганды да унутуп калган эле. Кадимкидей көңүлү ачылып калды. Ар дайым жүрөгү түпөйүл тартып кыжалат боло берчү. Ошонусу бир аз басаңдай түшкөндөй, оор болбогондой сезилди. Көзүн жумуп ушул бейпилдикте тура беришин каалады. Эмир аны машинеде күтүп турган. Бир аз убакыттан кийин апасынын жанына барды.

– Апоу...

– Оов.

Дагы деле көзүн ачпай туруп үн салды апасы.

– Сизге жаккан окшойт, ээ?

Ажар көзүн ачып уулун карады. Унчукпай эле бирин-бири карап түшүнүштү.

– Дагы келесизби?

– Ооба.

– Сизди өзүм жеткирип турам.

ххх

Айдайдын соту болду. Бактыга жараша, Эмил өлтүрүлгөн убакта Айдай башка жерде болгону далилденди, бирок тергөө кайра уланмай болуп Айдай үй камагына чыгарылды. Илим менен адвокаты тер төгүп эмгектенип жатып ушул натыйжага жетишишти. Бул дагы Айдай үчүн чоң жеңиш болчу. Камерадагылар менен коштошуп чыгып баратып Гүлүмдүн кулагына акырын шыбырады. “Мен сенин бул жерден чыгышың үчүн колумдан келгендин баарын кылам, мага ишен” деди. Гүлүм жооп катары анын колун кысып койду. Айдай үй камагына чыгарылары менен Эмирге жолугам деген оюн таш капты. Ал чет өлкөгө чыгып кеткен экен, Айдай бул нерсени угары менен өңү бозоро түштү. Илим аны кучактай калды.

– Эй, сен эми эки жансың. Өзүңдү ойлобосоң да ичиңдеги баланы ойлонушуң керек. Баары жакшы болот.

– А балким, ушуну менен аны өмүр бою көрбөй калсамчы? – деди коркуу сезими көздөрүнө толгон Айдай.

– Канчанчы кылымда жашап жатасың? Азыр бир адамды таппай калыш мүмкүнбү? Мен турам го жаныңда.

– Мен аны ушунчалык издедим, Илим. Жараткан аны менин алдымдан чыгаргыча, ушунчалык издедим. Түшүмдөн кетпеди. Мен аны тапканча жашадымбы, аны деле билбейм. Эми таап, уулум менен чогуу болом деп ойлогон сайын арабыз алыстагандан алыстап баратат. Мен кандай кылсам да ага жетпечүдөй абалдамын. Бул ушунчалык жаман абал, куду сени бирөө абасыз бир бөлмөгө салып коюп кыйналганыңды карап тургандай бир оор сезим. Мен мындан ары чыдай албайм. Мен ага баарын айтам. Жетет! Жек көрсө жек көрсүн, түшүнбөсө түшүнбөсүн. Бирок ал менин уулум экенин айтам. Мындан ары чыдай албайм... – деп ыйлап жатты Айдай. Илим аны кучактап сооротуп жатты.

– Кайда менин сабырдуу сүйгөнүм? Айдай, сен баарын эмоция менен эмес, акыл менен чечкен адамсың. Сен ушунчалык күчтүү аялсың. Күчтүү экениңди дагы бир жолу далилдедиң. Бир аз калды. Азыр Эмирге чындыкты айтуу менен эч нерсени жеңе албайбыз. Ал ачуу үстүндө пресс-конференция өткөрүп жибериши мүмкүн. Анан сенин айланаңдагы чуу кайра башталат. Бул сот процессине да терс таасирин тийгизет. Бир аз чыда. Аз калды, мен сага убада берем. Сот бүткөндөн кийин чындыкты айтканыңда дал ушундай жаныңда болом. Болгону сен абайла, азыр эмес.

– Мен аны сагындым. Ишенесиңби, ал түшүмө кирбеген күн жок. Жытын сагындым, көздөрүн сагындым. Ушул убакта мен ага ушунчалык жакын болуп алыптырмын, ансыз дем жетпечүдөй болуп жатам.

– Түшүнүп жатам, бирок азыр сен ичиңдеги баланы да ойлошуң керек. Сен ыйлаган сайын ага оор. Ал бечаранын күнөөсү жок да. Ал менин кызым! Сен Эмирди ойлосоң, мен ичиңдеги кызыбызды ойлонушум керек.

Айдай жаш аралаш күлүп алды.

– Балким, уулдур?

– Жок, кыз! Периштелер кулагыма кыз деп шыбырап жатышат. Сага окшош сулуу, мага окшош акылдуу бир кызыбыз болот.

– Акылдуум менин!

Айдай жылмайып Илимди кучактап алды. Бул адамдын кучагы ушунчалык жайлуу, ысык, анын кучагында тургандагыдай жайлуу жер жоктур.

– Кызымдын атасы, менин колумду качан сурайсың?

Илим жаагын кашылай берди. Аялы эсине түштү. Анын ажырашпайм деп ызы-чуу салып жүргөнүнө көп болду. Күрөшүү үчүн балдарын колдонуудан да артка кайтпайт. Ал эми Айдайдын боюнда бар, курсагы чоңойгон сайын эл “кимдин баласы?” дешет. Ар түрдүү сөздөрдү айтышат. Жаңылыктарга жазышат. Мунун баарына кантип чыдоо керек? Айдай да Илимдин жаралуу жерине тийип алганын сезип унчукпай калды.

– Акылдуумун деп коём, ушуга чейин кызымдын апасынын колун сурай элек экенмин. Колуңду сурайм, жаным, болгондо да бардык шаан-шөкөтү менен сурайм. Апаңдын алдына барып ал кишинин ыраазычылыгын алып, анан ошол жерден колуңду сурайм деген пландарым бар. Бир аз убакыт бер. Мыйзамдуу түрдө ажырашайын.

– Аялың ажырашууну каалабайм деген. Эсиңде болсо...

– Мен чечем баарын... Мага ишен, макулбу? Сен эч нерсени ойлонбо, ден соолугуңду кара, кичинекей экөөңдү жакшы бир врачка алып барайын. Калганын чечебиз акырындап...

Айдай менен Илим бири-бирин жубата карап алышты. Жылдар бою алар сөз менен эмес, көз менен түшүнүшкөндү үйрөнүштү.

ххх

Ажар Берметтин кабинетинде отурду. Бермет аны тиктеп туруп өткөнкүдөй түнт тартпай, бир аз көңүлү ачылып калганын байкады.

– Кандай уктап калдыңыз? Уйкусуздук үчүн алган дарыларды ичип жатасызбы?

– Рахмат, уйкум жакшы боло баштады. Мурункудай көзүмө бир нерселер көрүнбөй да калды. Ошол үчүн Эмирдин Түркияга барып келишине уруксат бердим. Жакшы болуп калбасам ал кетмек эмес. Мени таштап кетпейт эле ал...

– Уулуңуз менен өтө жакын көрүнөсүз? Башка да балдарыңыз барбы?

– Жок, Эмир эле, андан кийин төрөй алган жокмун.

Ажар жер карады. “Эмнеге бул аялда оор күнөө бардай утуру жерди карай берет болду экен?..” деп ойлоп турду Бермет. Алдында отурган аял элге белгилүү ишкердин аялы деп айтканга окшобой турду. Эмнегедир дайыма жерди карайт, көзгө тике караганы чанда гана, кокус көзгө көз тиктеше түшсө көздөрүн шашып ала качмайы да бар экен. Эмнеден улам өзүн күнөөлүү сезет болду экен?..

– Бүгүн жолдошуңуз тууралуу сүйлөшсөк деп ойлоп жатам. Анткени ал атаңызга аябай окшош, мээримсиз экенин айттыңыз. Эмнеге бул адамды тандадыңыз?

– Мен тандаган жокмун, ал мени тандады, – деди Ажар өкүнүчтүү.

– Сиз анын аялы болгонуңузга өкүнөсүзбү?

– Мен Эмилди аябай сүйдүм. Биз катуу сүйүшүп баш коштук. Биздин баш кошконубузга ата-энем каршы чыгышты. Бирок баары бир ага качып кеттим.

– Эмнеге каршы чыгышты?

– Өткөндө атамдын мамлекеттик чоң кызматкер болуп иштегенин айткам. Анын атынан аталган көчө да бар борбордо. Атам авторитеттүү, кыйын адам эле да. Эмил болсо ал кезде колунда жок, бир бечара студент болчу. Атасы эрте каза болуп калган экен, өгөй атанын колунда өсүптүр. Кийин өгөй атасы сабап жатып апасы каза болуп калган экен. Кыскасы, ал убактарда Эмилдин эч нерсеси жок болчу. Биз бири-бирибизди бир көргөндө сүйүшүп калдык. Ошол боюнча эмне болсо да мен андан ажыраган жокмун.

– Атаңыздыкы го түшүнүктүү, апаңыз эмнеге каршы чыкты?

– Апам “көздөрү мээрим көрбөгөндөй ачка экен, кызым, бул азыр сага күчүктөй кызмат кылган менен, кийин башыңдан таяк кетпей калбасын. Абайлачы” деп чырылдады. Мен укпадым...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1076, 21-27-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан