Сыймык Бейшекеев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «АТАМ ДЕН СООЛУГУНА БАЙЛАНЫШТУУ БИР ДА КОНЦЕРТИМЕ КАТЫША АЛГАН ЖОК»

Кыргыздын мыкты уулу, белгилүү ырчы, обончу Сыймык Бейшекеев агабыз атасын эскерип берди. Атасы кандай киши болгон? Балдарын кантип тарбиялады, кандай кеп-кеңеш айтчу? Ырчылыкка көз карашы кандай эле? Ушул сыяктуу суроолорго жооп табасыз, окурман.

«Бала кезден дүнүйөгө жулунбаганды үйрөттү»

– Атам мага турмушта өзүмө идеал, кумир туткан адам болду. Биз бала кезде ооруп калып, жумушка жараксыз катары 34-35 жашында эле пенсияга чыкканга туура келди. Чоң энем “баланын тилегин берет, атам айыгып кетсин деп сурангыла” дечү. Башында антип сурануу чоң энемдин көңүлүн кыя албастыктан айтылып жүрсө, кийин чын ниеттен айтылган тилекке айланды. Менин атама болгон сүйүүм анын ден соолугун тилеп жүрүп ойгонду. Атам 2-топтогу майып болуп калса да эч качан кейип, мүңкүрөгөн жок.

Эсимде, айылда 9-май – Жеңиш күнүнө карата футбол өтө турган. Анда лотерея ойнотулуп, Москвич, мотоцикл сыяктуу баалуу белектер коюлчу. Атам ар бирибизге экиден билет алып берип, “кокус бирөөңөр белек утуп калсаңар, эч нерсе көрө электей болуп айгай салып кыйкырбагыла. Акырын колуңарды көтөрүп, салабаттуу басып баргыла” дечү. Бир жолу көчөдөн 3 сом таап алдым. Ал убакта бул чоң акча эле, ага инилериме оюнчуктарды сатып алдым, классташтарды майрамдаттым. Үйгө келсем, атам “ал да бирөөнүн эмгеги. Кыйкырып “кимдики” деп сурадыңбы? Балким, ал бирөөнүн акыркы акчасыдыр” деп тилдегени эсимде. Бул атамдын бала кезден дүнүйөгө жулунбаганды үйрөткөнү экен.

Бир жолу чыптаманы алып барып бер деп чоң энеме жөнөттү. Жолдо баратып анын сыдырмасын сыдырып ойноп жатып, чыгарып алдым. Аны тагам деп жатып сындырып алдым. Анан агамдын кызына “чоң энеме берип койчу” деп карматсам жерге түшүп кетип, сынган сыдырмасы жерге түштү. Ошол жерден агамдын кызын “сен сындырдың” деп чыктым. Ошондо атам “балам, сени сындырганың үчүн эмес, бирөөгө жалаа жапканың үчүн тартипке чакырышка туура келет” деп какыс-кукус кылганы эсимде. Ошондой тарбиясы менен атам бизге турмушка жакшы жол чаап бериптир. Кудайга шүгүр, атамдын балдары – бир туугандарым арамга жолошкон жок. Атам биздин көзүбүзчө тамеки тартып, арак ичкен жок. Апам экөө бир дагы жолу биздин көзүбүзчө урушуп, бири-бирине болгон таарынычтарын көрсөтүшкөн жок. Атам өзүнүн жүрүм-туруму, акылгөйлүгү, иш билгилиги, калыстыгы менен бизге үлгү болду.

«Ыр чыгарып эле жаткансыйт, бирок азырынча көңүлүмө жакканы жок дептир»

– Ден соолугуна байланыштуу атам менин бир да концертиме катыша алган жок. Атама үйдөн концерт коюп берчүбүз. Концертке келбесе да ой-пикир, сунуштарын айтып турчу. “Күзгү нөшөр”, “Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел” деген ырларым чыкканда кичине ыраазы болгону эсимде. “Бул сонун экен, жакшы болуптур” деп ачык айтчу эмес. Көз карашынан туйчу элем. Мага дайым сын айтып жүрдү. Мен 30га чыкканда ыраматылык Нуралы Турапов деген агай мен тууралуу атайын көрсөтүү даярдады. Ошондо атамдан “кайсы ырын жакшы көрөсүз?” деп сураса, “ыр чыгарып эле жаткансыйт, бирок менин көңүлүмдөгү ырды али жаза элек” дептир. Бул да болсо менин чыгармачылыгыма карата атамдын жоопкерчилиги. Себеби атанын мактоосун укканда бала кичине эрдемсий түшөт эмеспи. Атам мактагандан оолак эле. Ырдын маани-маңызын карап, аны кандай аткарганда элге жагымдуу, жугумдуу болорун сезип турчу.

«Депутаттын атасы дегенден көрө, ырчынын атасы деген жакшы дечү»

– Дайым калыс болду атам. Сөзмөр, куудул адам эле. Кошуналарыбыз “ой, Токо, укмуш келиштирип айтасың да” деп калышчу. Башында мени бизнесмен кылууга көп аракет кылды. Шаарга дарыланганы көп келчү да, Жигулисине инкубатордон чыккан жөжөлөрдү сала келип, аларды мен сатчумун. Классташтарым көрүп калбаса экен деп уялам. Бир жолу да жөжө сатып отурсам кардар көбөйүп кетти, “мынчага эле берчи” дей башташты, эки жагымды карасам атам жанымда жок. Атам да тартынат окшойт, анан ары жактан басып келип “ай, бул аябай бышык бала турбайбы, ал баага бербейт го” деп коёт, мен да “жок, бербейм” дейм (күлүп). Ошондон кийин “балам, сенден соодагер чыкпайт окшойт. Карасам, алаңдап эле эки жакты карап, акчаны чөнтөккө бүктөп эле салып жатасың” деп күлгөнү эсимде.

Кыраакы адам эле. Мага депутаттыкка сунуштар көп түштү. Андайда караманча-каршы болгондордун бири атам болду. “Паланча деген депутаттын атасы дегенден көрө, ырчы Сыймык Бейшекеевдин атасы деген сөз жакшы” дечү. Акыркы шайлоодо да мени талапкер кылууга катуу аракет кылышты. Ага чейин “сен чыкканда телевизорду өбөбүз деген апалар бар” деп айтып калчумун да. Ошондо атам “телевизорду өбөбүз деген байбичелер телевизорго түкүрүп отурушун каалайсыңбы, ырдын өтөсүнө чыга элексиң, сенде али иш көп” деген эле.

«Мен АКШдан келгиче балам өкүрүп түшпөсө экен деп аябай тилениптир»

– Жоготуу бар экенин билет адам, бирок ага эч качан даяр болбойт. Атам көп жолу ажалдын оозунан кайткан. Мында деле ошондой болот деп ойлодум. Былтыр август айында АКШга бир айга барышым керек болду. Кетерде атама айтсам, “балам, алыска кетпей эле койбойсуңбу” деп кыйылып жатып макул болду. 31-августта кайтып келип таңга маал Бишкекке кондум. Эртең менен “келдим” деп чалсам, “Кудайга шүгүр” деп бир жеңил үшкүрүп алды. Мен АКШдан келгиче “балам өкүрүп түшпөсө экен” деп аябай Кудайдан тилениптир. Айылга барсам “2-3 күндөн бери тамак жебей, суу эле ичип жатат” дешти. Түлөө өткөрдүк. Ошондо шорпо ичип, көңүлү кадимкидей ачылып калды. Көрсө, бой түзөптүр да. Эртеси мага мамлекеттик наам тапшырыла турган болуп, Бишкекке келдим. Наам алып жатканымды атам түз эфирден көрүп аябай кубаныптыр. Эртеси кайра айылга кетмекмин, ал күнү негедир таң эрте туруп алдым. 7 жарымдарда чалсам апам “атаң кыйналып жатат” деди. Дароо жолго чыктым. Апам “боз үй тиккиле деп жатат” деп дагы бир чалды. Андан кийин телефонду өчүрүп койдум, жаман кабар уккум келген жок окшойт. Билесиң ошол нерсе болорун, бирок дагы жашай турса, биздин сый-урматты дагы көрсө дейт экенсиң да. Менин АКШдан жетишип келип калганым бир сүйүнүч болсо, Эл артисти наамын алганым экинчи чоң сүйүнүч болду атам үчүн. Кээде ушинтип алаксытам өзүмдү.

«Көзү өткөндө менин кыйналарымды билчү окшойт»

– Атам көзү өткөндө менин кыйналарымды билчү окшойт. “Балам, жаш кетип жаткан жокмун. 50гө чыксам эле жетет, балдарым жаш калбасын дечүмүн. Сенин элден алган батаң менен мага Кудай дагы 25 жыл өмүр кошуп берди. Бекем бол, сен элдин уулусуң” дечү. Канча даярдансаң деле адам бул нерсеге эч качан даяр боло албайт экен. Аябай кыйналдым. 6 айдан соң апамдан уруксат алып “Атама ант” деген ыр жазып, театралдаштырып, атамдын туулган күнүндө концерт бердим. Ошол 2 күндүк концерт мен үчүн абдан чоң сыноо болду. 100 пайыз жандуу үн менен ырдадым, дене табым 39га көтөрүлүп жатты. Бир жагынан көз жашым токтобойт. Ошондон кийин жеңилдедим. Атам кеткенден кийин 9 күн оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаттым. Ата-эненин көзү тирүүсүндө жанында болуп, колдон келишинче бала күндөгүдөй эркелеп, мээримге тойгонго аракет кылыш керек экен. Кийин бул орду толгус нерсе болот экен.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1076, 21-27-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан