Мезгил үнү
Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы кандуу окуяларда президент Роза Отунбаеванын күнөөсү барбы? Учурда ушул суроо көңүл чордонунда. Ош коогалаңын иликтеген Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев: «Референдумда эл президент деп тандап алган Роза Отунбаеваны Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн трагедияга күнөөлүү деп айтууга тилим барбайт»,- дейт.
ОТТУ ЖАККАНДАР КӨП, ӨЧҮРҮҮГӨ КЕЛГЕНДЕ...
Өлкөбүздүн тарых барактарында кара тамгалар менен жазылып калчу Ош окуясы кайрадан коомдун көңүл чордонундагы маселеге айланды. Арадан сегиз ай өтүп, эски жылда калса дагы, канчалаган үй-бүлөлөрдүн жарааты айыга элек. Кашыктап чогулткан мал-мүлкү бир түндө чачылып, баш калкалаган үй-турагы заматта өрттөлүп, канчалаган мекендешибиз жакындарынан айрылды.
– Биз депутаттардан кандуу окуяда күч структураларын жетектеп турган аткаминерлерди жоопкерчиликке тартуу боюнча токтом кабыл алууну сурайбыз. Абдыганы Эркебаев.
Абдыганы Эркебаев жетектеген Улуттук комиссия өз жыйынтыгын жарыялаганын жазып чыкканбыз. Бул кишини угуп отурсаң, өзүнөн башкасынын баары күнөөлүү. «Ош окуясы үчүн күнөөлүү» деген тизме Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн баштап, экс-президент Курманбек Бакиевдин жакындары, өзбек лидерлери, аягы Эркебаев мырза өзү көзү менен көрбөгөн, керек болсо тааныбаган үчүнчү күчтөр менен бүткөн.
Улуттук комиссия өз миссиясын ийгиликтүү аяктадыбы же жокпу, кыскасы, «айыбы бар» деп бир нече адамдын ысымын жарыялады. «Күнөөлүүлөрдүн колоннасы» тийиштүү деңгээлде жооп тартабы, азырынча бүдөмүк.
– Түштүк окуяларынын себептерин изилдөө боюнча Улуттук комиссиянын көрсөткөн жыйынтыгы – бир тараптуу жана карандай калп. Депутат Исмаил Исаков.
ТҮШТӨН КИЙИН АЙТУУГА ТИЛ БАРБАЙБЫ?
Абдыганы Эркебаевдин билдирүүсү боюнча, өзбек лидерлери кандуу кагылыш чыгарууга даярданып жатышканы тууралуу маалыматты чекисттер Отунбаевага 9 ирет айтышкан экен. Ошого карабай президент Роза Отунбаеваны күнөөлүү деп айтууга тил барбай турат. Кечээ, парламенттик шайлоо өткөнгө чейин Ош окуясы үчүн кимди күнөөлүү деп жатышты эле? Болгон жана болбогон күнөөнүн баарын «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевдин моюнуна илип жатышпады беле? Жергиликтүү жана орусиялык ММКлар туш тараптан тепкилеп, аны «кандуу июнь окуясынын келип чыгышына түрткү болгондордун бири» деп жатышты. Ал эле эмес, «азыр кыргыз элинин душманына айланган Кадыржан Батыров менен жолуккан» деген кептер элдин арасында уу-дуу болду. Улуттук комиссиянын маалыматы боюнча, Текебаев өзбек лидери менен телефон аркылуу гана байланышкан.
– Атайын кызмат Роза Отунбаевага өзбек лидерлеринин коогалаң уюштурууга даярданып жатканы жөнүндөгү катты июнь окуясына чейин 9 жолу киргизген.
Абдыганы Эркебаев.
Ошол эле учурда Алмазбек Атамбаев жана Роза Отунбаева Кадыржан Батыров менен бетме-бет сүйлөшүшкөнүн айтып жатышпайбы. Баса белгилеп коюучу жагдай, 7-апрелге чейин бир команда болуп келгендер «баары бирөө үчүн, бирөө баары үчүн» деген эрежени эстен чыгарышты. Анткени Өмүрбек Текебаевди күнөөлүү деп жаалап жатышканда, Роза Отунбаева баш болгон УӨнүн негизги лидерлери пикирлешин коргоп бир ооз кеп айтууга жарашкан жок. Баары өз көмөчүнө күл тартуу менен убара болушту. Эрксизден ойго дагы бир нерсе келет. Парламенттик шайлоого чейин саясий айдыңда «Ата Мекендин» лидер экендиги баарына белгилүү болчу. Балким, кимдир бирөөлөргө шайлоо алдында Өмүрбек Текебаевге карата башталган кара пиар ыңгайлуу болгон чыгар. Анткени 7-апрелден кийин бийликке келген жана парламенттик шайлоого аттанган «Ата Мекен», КСДП, «Ак шумкар» жана «БЭКтин» ичинен Текебаев жана Атамбаев жетектеген партиялар гана күчтүү атаандаштар эле. Алар колдоруна бекем тие элек бийликти ич ара бөлүшө албай жатканда башка саясий күчтөр ойгонуп, партиялык иштерин алга жылдырып алууга жетишишти. Жыйынтыгында парламентке кимдер келип калганын баарыбыз көрбөдүкпү...
– Кадыржан Батыровдун дачасына УӨнүн беш мүчөсү жана Роза Отунбаева барып жолукканы тартылган компакт диск бир генералда бар экен. Андай материал
УКМКнын колунда да болушу мүмкүн. Депутат Жылдыз Жолдошева.– Июнь окуялары жөнүндө чындыкка дал келбеген маалыматтарды жарыялаган орусиялык «Фергана.ру» сайтын жабуу керек. Депутат Дастан Бекешев.
КАН АЛЫС УЗАТПАЙТ
7-апрель окуясында «Ала-Тоо» аянтында курман болгондордун соту ортодон үзгүлтүккө учурап, ушул убакытка чейин уланбай отурат. «Оштун оту менен ойнобогула» деп какшап жүрүп эле, улуттар аралык жаңжалды башыбыздан өткөрдүк. Июнь окуясында расмий 400дөн ашуун, эл арасында айтылганы боюнча, 2 миңден ашуун көз жумгандарга ким жооп берет? Азыр, болгону, саясий баа берүү башталды. Бирок мунун артында дагы кандай саясий оюндар старт алып кетери белгисиз. Ош окуясынын күнөөкөрлөрүн кайра-кайра жар салуу менен кээ бир саясатчыларды оюндан чыгаруу операциясы башталганы да айтылууда. Чыныгы күнөөкөрлөр да өз жазасын алышар. Анткени кан алыс узатпайт.
Эльвира Караева
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
ИНТЕРНЕТ БУЛАКТАРЫНА «ОШ ОКУЯСЫНА ТАЯП «АТА ЖУРТ»
ПАРТИЯСЫ ПРЕЗИДЕНТКЕ ИМПИЧМЕНТ ЖАРЫЯЛАЙТ»
ДЕГЕН МААЛЫМАТТАР ЧЫГУУДА. БОЛУШУ МҮМКҮНБҮ?
Эдил Байсалов,
“Айкөл эл” партиясынын лидери:
– Андай маалымат уга элек экенмин. Президент өзү толук кандуу президент болбогондуктан, “Ата Журт” ага импичмент жарыялоо менен упай деле топтой албайт. Ал эми Улуттук комиссиянын “күч структураларынын күнөөсү бар” дегенине толук кошулам. Президенттин күнөөсү болсо, моралдык гана күнөөсү болгондур.
Темир Сариев,
“Ак шумкар” партиясынын лидери:
– Бул кандайдыр бир күчтөрдүн атайын чыгарып жаткан ушагы. Президентке импичмент жарыялоо – татаал процесс. Аны көтөрүп чыгып, коюлган күнөөнү далилдеп, парламентке добуш берүүгө коюп, ишке ашыруу үчүн 3 ай убакыт кетет. Президенттик шайлоо өзү күзүндө болот да. Акыркы мезгилде мыйзам жагын карабай эле, болбогон бир кептер айтылып жатат.
Жылдыз Жолдошева,
депутат:
– Бул жалаа. "Ата Журттун" атын жамынып, биздин партия жөнүндө терс пикир жаратабыз дегендерге жол бербейбиз. Р.Отунбаева ошол оор күндөрү өзү жалгыз элдин жүгүн көтөрдү. Ош коогалаңы – талашсыз улуттук трагедия. Кимдер күнөөлүү экенин Улуттук комиссия ачык айтып чыкты. Өзбек диаспорасынын айрым сепаратисттик мүнөздөгү жетекчилеринин аттары аталды: К.Батыров, И.Абдрасулов, Ж.Салахитдинов, К.Абдуллаева.
Аликбек Жекшенкулов,
“Акыйкат” партиясынын лидери:
– Түштүктөгү кандуу окуялар ачык-айкын иликтенип, чыккан себеби аныкталышы керек. Ага бир эле президент күнөөлүү эмес, ошондогу Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да күнөөлүү. “Ата Журттун” болсо “президентти кетиребиз” деген максаты жок. Бул жөн гана пиар деп эсептейм. Болбосо, алар эмне үчүн КСДП менен бирикти? Эгер коалицияны таратабыз дешсе, арыз жазып эле чыгып кетишсе болот.
Кубанычбек Идинов,
экс-депутат:
– Ош окуясын иликтеген Улуттук комиссия кагылыш өзбек диаспорасынын жетекчилери тарабынан даярдалганын айтып чыкпадыбы. Ага президент менен Убактылуу өкмөттүн эмне тиешеси бар? “Ата Журт” партиясы мындай кылса президентке эмес, өзүнө көр казат. Анда “Мекен шейиттеринен” баштап эл көтөрүлөт. Амбициянын да чеги болуш керек да.
Табылды Акеров,
саясат таануучу:
– Убактылуу өкмөттүн курамына кирбей калган партиялар Улуттук комиссия чыгарган жыйынтыкты пайдаланып, президент жана Убактылуу өкмөттү каралап, эл алдында аброюн түшүрүүгө аракет жасап жатат. Мындайча айтканда, президенттик шайлоонун алдынан партиялар арасында кызуу күрөш жүрүп жатат. Анткени бир катар партиялардын лидерлери президенттикке ат салышат.
Адахан Мадумаров,
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери:
– А бизде президент барбы? Президент деген бүткүл эл тарабынан шайланат. Учурда бизде эл шайлаган президент жок. Жеке мен үчүн Роза Отунбаева президент эмес. Импичмент боюнча айтсам, ар бир партия өз көз карашына жараша иш жүргүзөт. “Ата Журт” партиясынын андайга укугу бар.
Базарбек Абдураимов