Талант Анарбаев, куудул: «САХНАДАН АЛЫСТАП КЕТКЕНИМЕ СҮЙҮНӨМ»

Белгилүү куудул, породист, азыркы юрист, айтылуу “Бешиликтин” бир илиги Талант Анарбаев бизде конокто. Куудул мырза сахнадан алыстаган себебин, саясатка аттануу пландарын, элге айтчу сөздөрү бир концерттик болуп топтолуп калганын айтып берди. Кызыктуу маек сизди кайдыгер калтырбайт деп ишенебиз.

– Арыбаңыз, Талант ага? Көптөн бери маектеше элекпиз, чыгармачылыктан алыстап кеттиңиз окшойт?..

– Ооба, сахнадан алыстап кеттим. Акыркы жолу 2016-жылы концерт бердим. Жашоого көз караш өзгөрдү. Андан тышкары АКШга 2-3 жолу барып келдим. Авиакасса ачкам, ишкерлик менен алектенип жатам. Былтыр үй-бүлөм менен Бишкекке көчүп келгем. Убакыт өтө берет экен, кечээ эле шуулдаган бала элек, бүгүн 45ке чыгып калдык. 6 баланын атасымын, 3 уул, 3 кызым бар. Сахнаны сагындым, бирок эми сахнага чыксам мурункудай эптеп эле элди күлдүрүш үчүн эмес, бийик ой-максат менен элди негативден позитивге бурайын, айткан сөзүм көп жылдарга жашасын деген максатта чыгам. Буюрса, кийинки жылдары концерт берсем деп пландап жатам.

– Ошондо мурун сатираларыңыздын башкы максаты эптеп эле элди күлдүрүш гана болгонбу?

– Ооба. Чындыкты айтсаң эле эл күлө берет. Кыргызстанда токчулук. Баарыбыз интернет, тамак-аш анан ажаткана, ушул үчөө менен эле убарабыз. Социалдык желеде комментарийлерди окуп калам, бүт негатив. Жашоо жакшы, бирок жаңылыктар жаман. АКШда жашоо оор, бирок жаңылыктары жакшы, элде дух бар. Европада баары жылмайып сүйлөшөт. Бизде кимди караба, баары айбат көрсөтүп турушат. Баарынын эле кабагы бүркөө, кыжалат, чет өлкөдө жүрүп Кыргызстанга келсең, кадимкидей билинет. Мен АКШга барып келгенде кадимкидей ыйлагам. “Ош базарга” барсам, ишенесиңби, адамдар мага ууруга окшоп көрүнгөн. Келгенде 3-4 ай көнө албай кыйналып жүрдүм.

– “Бешиликтеги” сахналаштарыңыз менен байланыштасызбы?

– Эми баарыбыз бала-чакалуу, чоң киши болуп калдык. Ар ким өзүнүн тиричилиги менен убара, көрүшкөн жерде учурашып, сурашып турабыз. Көптөн бери эч кимисине жолуга элекмин. Рысбекке жолукканыма көп болду, Санжар менен сүйлөшкөнүмө деле 3-4 ай болуп калды.

– Акыркы жолу ким менен, эмне тууралуу сүйлөштүңүз?

– Эки күн мурун бирөөдөн “жаңы Ак үйдүн курулушунда коррупция болуп жатат” дегенди угуп Ютубга чыгарып койдум эле. Анан саясатта жүргөн достор чалыптыр. “Сен укканыңды анализдеп чыктыңбы, сотко беребиз деп жатышат, далилиң барбы?” деп. “Далилим жок, бирөөдөн уктум” десем, “бирөөдөн уксаң кечирим сурап кой” деди. Президентке көз карашым түз да, саясатын колдоп келгем, дагы деле колдойм. Ошо, бирөөдөн укканды айта бербеш керек экен.

– Саясатка активдүү аралашуу планыңыз барбы?

– Саясатка барсаң болот, үй-бүлө, бала-чаканы унутуш керек. Убакыт көрсөтөт, балким, кийинкиде депутаттыкка коюп калармын. Жогорку билимдүүмүн, 2 дипломдун ээсимин. Бирок эл аң-сезимине куудул деп сиңирип алыптыр, олуттуу сүйлөсөң деле “эми сен куудулсуң да” дей берет.

– Президенттин командасындагы Каныбек Туманбаевди сындап жатасыз. Ал кишиге таарынычыңыз күч окшойт?

– Андай деле чоң таарынычым жок, кичине жаш балага мамиле кылгандай ыңгыранып сүйлөп, вотсаптан жазсаң жооп бербей, көңүлкош мамиле кылганынан ачуум келди. Мен андан 3 жашка улуумун, ини катары көрөм. Бир маселе боюнча кайрылсам 7-8 айдан бери тиги-бу дей бергенине капа болдум. Анан ал тууралуу жазып чыктым. Жогору жактан абам өзү айттырыптыр “Талант дайыны жок эле сүйлөй бербесин, уят болот, жакшы көргөн иним” деп. Чечишип алдык.

– Абам дегениңиз президентпи?

– Ооба, Садыр Жапаровду айтып жатам. Ысык-Көлдө абам деп коюшат го.

– Төрөтканада өтө корс мамилеге туш болдум деп айтып чыктыңыз, окуя качан, кайсы жерде болду?

– Кичүү кызым 1 жаш 5 ай болуп калды. Ошол кызым төрөлөрдө мени өнөктөштүк төрөткө киргизбей коюшту. Ар бир балам төрөлгөндө кирчүмүн, жок дегенде жубайыңдын белин укалап турасың да. Ошондо врачтар кызымдын башын кайчы менен кесип алышыптыр. Азыр кадимкидей тырыгы бар, аны врачтар моюнуна албай коюшту. “Жок, бул мурда эненин ичинде болгон” деп кутулушту.

– Азыр кызыңыз жакшыбы?

– Азыр жакшы, буюрса.

– Эл алдында кооз сүйлөп, бирок сөзү менен иши дал келбегендер көп. Сиздин сөзүңүз менен ишиңиз канча пайыз дал келет?

– Мен бир нерсени убада кылсам жасайм, өжөрлүгүм жашымдан бар. Оозумдан чыккан сөздү дайым аткарам, пайыз менен алсак, 90 пайыз дал келет.

– Борбордон алыс болуп көп ийгиликке жетише албай жүрөм деген экенсиз бир жолу, Бишкекке көчүп келгениңизден кийин жашооңузда эмне өзгөрүү болду?

– Курулуш иштери бүтпөйт экен да. Үйдүн ичи-сырты толук бүтө элек, ошол иштер менен убарамын. Чыгармачылыкта идеялар топтолуп калды, абдан көп. Концерт коюп жүрөгүмдөгү көп сөздү күлкү аркылуу элге жеткирем, буюрса. Сахнадан алыстап кеткениме сүйүнөм, убаракерчилик тартып эле жүрө берген экенмин. Жаш кезде сахнаны токтотсом эле тиричилигим токтоп кала тургандай сезилчү. 2016-жылы сахнадан кеттим деп чечим кабыл алдым, ошондо үстүмдөн 20 тонна жүктү түшүргөндөй болдум.

– Учурда юристмин деп жатасыз. Юридикалык билим алдыңызбы?

– Кыргыз-өзбек университетинен юриспруденция факультетин бүтүрдүм. Юрист бардык жерде иштей берет, мисалы, маданият тармагында деле. Мүмкүн, депутат болом, же бир жерге аким же губернатор болуп каламбы деген ойдо юристтикке тапшыргам. Бирок ой өзгөрөт экен. Мүмкүн, эртең чоң бизнес баштайм, мүмкүн, юрист деген дипломум такыр колдонулбай калат.

– Кесиптештериңиздин концерттерине барып турасызбы?

– Куудул Ильяз Иманалиевдин жеке концертине бардым. Эми жалкоолук да, көңүлүмө туура келбеди. Азыр юмор толтура, бирок изденүү азыраак болууда. Учурда Союзбек Сейитказиев деген иним жакшы чыгып жатат, ал эми менин шакирттерим болсо анекдоттор менен эле убара.

– Акыркы суроо: Ушул маектешүүдөн кийин каякка барасыз?

– Мындан чыгыппы? Өтө жакшы суроо экен, сен өзү кичине олуя окшойсуң (күлүп). Өткөндө бирөө “уулумду бирөөлөр сабап, жаагы төрт жеринен сынып кетип операция жасалды. Жакында соту болот, катышып бериңиз” деп калды. Сот жыйынына 1 саат калганда айтты өзү да, шашып такси менен бардым. Чөнтөгүмдө 500 сом акчам бар эле, түшүп калыптыр. Таксини токтотуп коюп чуркап барсам милиция кызматкери мени түртүп эшикти жаап койду. “Ач” деп алакан менен эшикти 2 жолу урдум. Тиги мени чакырган аялды да чыгарбай коюшту. Жарым сааттан кийин чыгышты, ошентип сот жыйынын видеого тартпай калдым. Анан 2-3 күндөн кийин милициядан чалып “өткөндө сотто тополоң кылдыңыз эле, тил кат жазып бериңиз” деди. “Как будто” мен бандиттик кылыпмын ал жерде. Ошого бүгүн сот отуруму болот деп чакырыптыр, айып пул төлөйсүз дейт. Мен төлөбөйм дедим, бирөөнүн аброюна шек келтирген жокмун, бирөөнү тепкилеп урган жокмун дедим. Айтор, ошол сот жыйынына барам азыр.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1077, 28-июль-3-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан