Кубаныч Баркалбасов, ырчы, тамада:“СЕНДЕН АРТИСТ ЖЕ МАЛЧЫ ГАНА ЧЫГАТ ДЕШЧҮ”

– Кубаныч мырза, кандайсыз? Нурайым Акылбекова менен ырдаган “Жүрөктү ээлеген сулуу кыз” ырыңыздар популярдуу болуп жатат...

– Жакшы, рахмат. Ооба, бул ырды популярдуу болот деп ойлоп жатканбыз. Бирок мынчалык болот деп күткөн эмеспиз. Тиктокто 40 миңден ашык адам ушул ырды колдонуп видео тартып жүктөптүр. Ырды жаздырганыбызга бир айдай болуп калды. Мен буга чейин Нурайкага дуэт ырдайлы деп сунуш кылгам, ал макул болуп, бир ай мурун жооп жазып калды. “Ырдайлы, ага. Ушул ырды ырдайлы” деп сунуштады. Бул ырдын обону индия элиники. Аны кыргызча обондорго ылайыкташтырып стилин өзгөртүп койдук. Сөзүн төкмө акын Нурсултан Малдыбаев жазып берди. Жаздыргандан кийин үзүндүсүн Тиктокко жүктөп койсок, ал жакта тренд болуп кетти. Жакында клибин тарттырдык.

– Клиптин да үзүндүлөрүн жүктөп жатасыздар. Бир топ сындар айтылууда...

– Чыгармачыл адам болгондон кийин кандай сын айтылса да көтөрө билишибиз керек. “Нурайым экөөңөр жуп эмессиңер” дейт. Албетте, жуп эмеспиз. Нурайка кичинекей кыз. Менин келинчегим, бир балам бар. Чыгармачылыкта туугандар деле сүйүү тууралуу дуэт ырдаган учурлар болот да. Бирөө менен дуэт ырдасаң эле анын сүйүктүүсү болушу керек деп кабыл алгандар бар. Кээде ошентип комментарий жазгандарды көрүп таң каласың, капа болуп да кетесиң. Нурайым эми 18ге чыккан жаш кыз. Ошол жаш кызга 60-70тен ашып калган апалар жаман комментарий жазып отурушат.

– Сиздин “Бир тууган” ырыңыз дагы эл арасында жакшы кабыл алынды...

– Ооба, бул ырым да Тиктоктон тарап кетти, ийгилик жараткан ырлардын бири болду. Тойлордо да бир туугандарды сөзгө чыгарганда ушул ырды коюшат. Ушул ырым үчүн мени тойго чакыргандар да бар. Биз 2 бир тууганбыз, бир эле иним бар. Бул ырды иниме арнагам.

– Маекке чакырганымда “бир эле күнгө бошмун” деп калдыңыз...

– Кудайга шүгүр, акыркы 2 жылда ар бир күнүм ишке толо. Тойлорго тамада катары буюртмалар көп түшүп жатат.

– Талашка түшүп калган учурлар болот экен...

– Мактанып жатат деп ойлоп калбагыла, чынында андай болгон. Менин убактыма карап той күнүн жылдыргандар бар. Бир окуяны айтып берейин. Бир байке менин бош күнүмдү эки ай күтүп жүрүп, мен бошогондо той берген, бул мага абдан жагымдуу болгон. Албетте, бардык тойду берилүү менен алып барам деңизчи. Бирок ошол байкени уят кылып койбоюн, көңүлү калып калбасын деп тоюн өзгөчө берилүү менен, чуркап, тердеп-кургап алып баргам.

– Өзгөчө тойлорго күбө болдуңузбу?

– Мен үчүн ар бир той өзгөчө. Бир жолу материалдык жактан абалы жакшы адамдардын тоюн алып баргам. Жасалгалоого эле 10 миң доллардай коротушуп, кафенин ичин такыр башкача кылып салышкан. Концерттик программа менен өткөн тойлор болот. Андай тойлор көбүнчө жабык болот. Мурун өзүмө окшогон карапайым адамдардын тойлорун көп алып барсам, акыркы учурларда колунда барлардын тоюн көбүрөөк алып бара баштадым.

– Шоу-бизнеске келгенге чейинки жолуңуз кандай болду?

– Шоу-бизнеске келгенге чейин айылда жүрдүм. Карапайым дыйкан, малчынын баласымын. Уй, бээ саап жүрчүмүн. Ошондо эле артист болгум келчү. Кийин өз айылыма турист болуп келем деп кыялданчумун. Мен Ысык-Көл районунун Кашат айылынан болом, Григорий капчыгайынын жанында жашайбыз. Казакстан менен чектешкен жер. Казакстандан ашып түшкөн туристтер унаалары менен көп өтүшчү биз жактан. Аларды көрүп, мен да кычыраган унаа айдап келип ушул жолдон өтсөм дечүмүн. Өткөндө унаам менен ошол жерден өтүп баратып ошол кыялымды эстедим. Алыста мал кайтарып жүргөндөрдү көрүп өзүмдүн мектеп курагымды эстедим. Кыялыма жетип жатам деп кубанып койдум.

– Мектепте активдүү окуучу белеңиз?

– Ооба, ырдап маданий иш-чараларга көп катышчумун. Тентектик кылганга да, сынактарга катышып мектептин атын чыгарууга да жетишчүмүн. 9-класстан кийин агайлар “сенден кыйын деле адам чыкпайт, чыкса артист чыгат. Бар, ошонун окуусун оку. Артист чыкпаса, анда малчы эле чыгат” дешти. Анан Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы студияда актёрлук кесип боюнча билим алдым. Негизи Бишкекке ырчы болом деп келгем. Ырчылыкка өтпөй калып, айылга кайра кетпеш үчүн актёрлукка тапшыргам. Кинолорго да тартылайын деген оюм бар. Мени эч ким тартпаса, өзүм кино тартам. Жакында бир кинодо эпизоддук роль жараттым, элге көрсөтүлө элек.

– Бир маегиңизде студент кезде даараткана жууп иштегем деп айткан экенсиз...

– Ооба, ишетегем. 2-курс кезимде кафеде идиш, даараткана жууп иштегем.

– Бийиктикти эңсеген айрымдар андай иштен арданышат го, сизде андай болгон эмес беле?

– Кайсы арыма, эмне кылып койгонума арданам? Эки жумуш кылганым үчүн көп акча тапчумун. Акчаны жакшы көрөм. Акча болсо бардык маселе чечилет.

– Үй-бүлөңүздө жаңылыктар барбы?

– Балам 1 жаштан ашты. Буюрса, экинчисин күтүп жатабыз. Көп балалуу болгум келет. Кичине кезде “ким болосуң?” дешсе, “10 балалуу болом” дечүмүн. Кудай кааласа, ал да болот.

– Социалдык тармакта ар кандай сөздөр жазылып жатат деп калбадыңызбы, келинчегиңиз кызганабы?

– Келинчегим алтыным да, Кудай берип койгон да. Кызганбайт алтышкам, баарын түшүнөт. Кызганса да билдирбейт.

– Сиздин кайсы сапатыңызды өзгөрткүсү келет?

– Мен идеалдуумун да. Идеалдуу адам, идеалдуу жолдош, ата, бала, идеалдуу тамада, ырчымын.

Эмне кылмаксыз?

– Президенттин тою менен бир тууганыңыздын тою бир күндө болуп калса...

– Бир тууганымдын тоюна бармакмын. Президент 5 жылда алмашат да.

– Ырыңыз эң көп көрүү топтоп рекорд койгон болсо...

– Атаңгөрү, дүркүрөтүп той бермекмин.

– Маданият министри болсоңуз...

– Баркалбасовго Эл артисти наамын бермекмин.

– Бир күнү таңда Мирбек Атабеков болуп ойгонуп калсаңыз...

– Ох ата, ошол күнү тойлорго барып аябай иштеп алмакмын. Анан АКШга барып келмекмин. Мирбек байке АКШга Токмокко барып келгендей эле барып келет го.

– Кан досуңуз сатып кетсе...

– Кайра аны сатып коймокмун.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1077, 28-июль-3-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан