Шайырбек Арапов: «АБДАН КАТУУМУН КЕЧИРГЕНДИ БИЛБЕЙМ...»

Адамды сыртынан карап мүнөзүн билбейсиң. Сүйлөшүп отуруп кээ бирлеринин ичи-койнуна кирип кетсең, тескерисинче, айрым маектештер сенин кандай суроо берериңе чейин билип, жооп камдап отурушат. Алпаруучу Шайырбек Арапов ар бир сөзүнө макал кошуп сүйлөгөн жөнөкөй жигит. Кээде калем кармап өзбек ырчысы Юлдузга каршы ыр да жазып коёт.

КААРМАН ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА
Толук аты-жөнү – Арапов Шайырбек Ысакжанович.
Туулган жылы – 1982-жыл, 23-апрель.
Туулган жери – Ош облусу, Ноокат району, Төөлөс айылы.
Бою –182 см.
Салмагы – 76 кг.
Фобиясы – Терең суу.
Жубайындагы баалаган сапаты – Жөнөкөйлүк. «Таанышкан күндөн бери ушул сапаты өзгөргөн жок. Экөөбүз чогуу түтүн булатканыбызга аз эле убакыт болду, ошондуктан мага али терс сапаттары көрүнө элек. Көрүнбөй эле койсун».
Жактырган жаныбары – Жылкы.
Девизи – “Бүгүнкүдөн эртеңки күн маанилүүрөөк!”
Учурда – КТРКнын жаштар студиясынын баяндамачысы. “Браво” жана “Балдардын сынагына сынбайсыңбы?” көрсөтүүлөрүнүн алып баруучусу.

– Шайырбек, алгач бир башыңыз эки болушу менен дейин! Жеңебиз кандай кызмат кылууда?
Рахмат! Келинчегим кызматы менен далай жолу жакшы сөздөрдү угат деп ишенем. Азыр эми экөөбүз эле жашагандыктан, мага кызмат кылып жатат десем жарашпай калат. Мен да, ал да эртеден кечке жумушта, анан кечинде үйгө барганда ысык тамак жасап, чайы менен күлмүңдөп күтүп алат. Бирок бир жакка барса деле отура бербей тура калып, келин экенин унутпай кызматын кылып жатат (айттырбай).
– Жарым жыл мурда биздин “Бойдоктор бурчуна” чыкка­ныңызда бир кыз издеп жүргөн “ушул жигиттин почтасын берип койгулачы” деп, жубайыңыз ошол кыз эмеспи?
Жок, ал кыз эмес. Анткени келинчегимди өзүм таап алдым.
– Кантип?
Аида менен интернеттен таанышып калдым. Почтасын алып достук сунуштасам, кабыл албай көпкө жүрдү, анан кат жазып сүйлөшө баштадык. “Кыз кылыгы менен” дегендей, номерин алыш мен үчүн тозок болду. Таптакыр бергиси келбейт. Акыры жан эргитчү жакшы сөздөрдү айтып отуруп номерин алып, бир күнү жолугушууга чакырдым. Бир көргөндө эле мага жагымдуу сезимдерди калтырды. Насип тагдыр экен, арзуумду билгизип, анын сүйүүсүнө татыдым. Бир күнү күтүлбөгөн жерден колун сурап, баш кошууну сунуштап салдым. Эмне дээрин билбей убакыт сурады. Мен болсо «жообун эки саатта айтасың» деп жанынан кетпей көгөрдүм. Ошентип, эки-үч күн ойлонуп жүрүп, анан макулдугун берип баш коштук.
– Ноокаттын эли жайыл дасторкон кылып 3 күндөп той беришет эле, сиздин той кантти, кайда өттү?
Ноокаттыктар мурун үч күн той берсе, азыр төрт күнгө көбөйүп калыптыр. Мен да төрт күн той берип, кадимки салтты кармап үйлөндүм. Кичи мекенимде, тууган-туушкандардын жанында досторумдун баарын чакырып той кылып, өмүрүмдүн бактылуу күндөрүн өткөрдүм.
– Мындан 2 жыл мурун бизге берген маегиңизде “11-класска чейин мектептин сахнасынан түшкөн жокмун” дегенсиз. Кайсы ырды ырдап, кимди кумир тутчу элеңиз? Жана азыр ырчы болууга эмнеге болбосун?
Билем, күнү бүгүнкүдөй эсимде. Мен бала кезде эле алып баруучу элем да. Орустардын Валдис Пельш деген алып баруучусун кумир тутчумун. Мектептер аралык сынактардын баарында алып баруучу болуп жүрдүм. Мектепте, болгону, 3 ырды ырдачумун. Ибрагим Жунусовдун “Туулган күнүм”, анан “Дайрадай” деген ыр бар болчу, авторун билбейм, ошол ырды ырдачумун. Акыркы окуучулук жылдары Кудайберген Кутуевдин “Сүйүү балын” ырдап жүргөм. Азыр кээде шеринелерде ырдап калам. “Жакшы ырдайсың” дешет, бирок “ар бир адам өз ишин кылганы жакшы” деп күлөм. Мени күйөрмандар алып баруучу катары кабылдайт. Ырдап чыгууну ойлонбопмун.
– Бирөө айткан экен, “ар жерге башымды тыгып көрдүм, деги мен иштебеген иш калбады” деп...
Мен кесибим боюнча юристмин. 2004-жылы КМЮАны аяктагам. Өз ишим боюнча иштеп деле көрдүм, жан дүйнөмө жакын келбеди. Чыгармачылык тартып туруп алды. Окууну улантып, юридикалык терминдер баары орус тилинде, ошону кыргыз тилине которуп чыксам деген ой менде көптөн бери жүрөт, качан ишке ашат билбейм. Ар жакка башымды тыга бергим келбейт. “Дарак бир жерден көгөрөт” деген сөздү жакшы көрөм.
Сиз алпарган кайсы берүү көрөрмандын жүрөгүндө, эсинде көпкө чейин калды деп ойлойсуз?
Мен баса белгилеп, тигил же бул деп айтпайм, анткени баары менин эмгегимдин үзүрүнөн жаралган. Ар бир программа өзүнүн аудиториясына ээ. Бирок азыркы күнгө чейин “Унуталбаймды” кайрадан чыгарсаңар жакшы болмок” деп айтышат.
– Эфирде отуруп кашыңызды серпе бересиз, сизде арыла албай жүргөн дагы кандай адат бар?
Мм-м, бул адат менде калбайт окшойт. Ооба, билем, кашымды серпип сүйлөйм, бирок арылууга аракет кылып көрбөпмүн. Дагы бир адатым, экранды карап көзүмдү бир дагы ирмебей сүйлөчүмүн, азыр ушул нерседен араң арылдым.
– Артык, Сапардын “Атага кат” ырынын клибинде тентек баланын ролун укмуш аткаргансыз. Негизи, Шайырбек үйдө кандай уул? Анан да бапестеген ата-эненин түйшүгү, боор тартчу бир туугандар, алардын жакындыгы тууралуу сурагым келет?..
“Атага кат” ырынын клибиндеги образга карама-каршымын. Жашоодо кээде катуумун, ошол эле учурда жумшакмын дагы. Мүнөзүм оор болгон учурлар көп болот. Тилекке каршы, атам өтө жаш кезинде дүйнө салды. Бул мен үчүн, дегеле биздин үй-бүлө үчүн өтө оор жоготуу жана катуу сокку болду. Үйдүн эң улуусу болгондуктан, апакемдин жана бир туугандарымдын ишенгени мен экенимди ар дайым жүрөгүмө бек сактайм. Апамдын сөзүн эки кыла албайм, ал киши үчүн баарын жасаганга даярмын. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз, эки карындашым жана иним бар. Бир карындашым турмуш куруп, сүйүктүү жар. Иним, дагы бир карындашым апам менен бирге айылда. Жумуш деп жүрүп көп убакыт алар менен көрүшпөй калам. Телефондон эмне болсо баарын мага айтышат, мага ишенишет, ошого кубанам. Эч кимисине катуу сүйлөбөйм, анткени аларды кубантуу жана аларды карап туруу менин негизги милдетим.
– Мен мындай сөз уккам да “Бравону” алпарган баланын буту өтө эле узун экен, же диваны кыскабы?” деген. Өзүңүзгө карата сынды ким биринчи айтты эле жана кандай кабыл алгансыз?
Сын-пикирди туура кабыл алам, эч качан чычалабайм. “Диван кыска” деп айтпайм, болгону, менин боюм узун, анан албетте, буттун узундугу ошого жараша болот да. Мага эң биринчи сынды ким айтканы эсимде жок. “Ыр майрамда” көзүмдү бир да жолу ирмебей сүйлөгөнүм тууралуу сын уккам. Режиссёр “кээде көзүңдү ирмеп кой, бакырайып эле карап тура берген болбойт” деген. Сын-пикир болгону жакшы, бирок кээ бир сынчылар аша чаап кетишет. Андайда моюнга албай четке кагып туруп алам.
– Бизге билинбегени менен, жаңылып сүйлөп алуу, кадр артындагы кызыктар көп болсо керек...
Кээде жаңылып калып, аны оңдоп кеткенге аракет кылам. 2007-жылы 31-августка карата концерттик программа жасап жатканбыз, ошондо алып баруучунун сөзүн өзүнчө жазып алабыз деп калтырып койгон элек. Эртеси өзүм жаздырып жатып 31-августту 21-август деп кайра-кайра айтыптырмын, аны байкабайм, кийин көрүп алып, кайра башынан оңдоп айткам.
– Ноокатта ичкилик, 30 уул деген уруулар бар эмеспи, сиз кайсынысына киресиз?
Мен бөлүнбөйм таптакыр. Бирок ичкилик болом.
– Сизди “биздин алпаруучу бала” деп тергешсе керек жеңелериңиз. Анан да күйөрмандар бар. Таанып калып кол тамга алган убак болобу же Шайырбек жөпжөнөкөй жигитпи?
Салтты бекем кармайм. Ошондуктан сен деген жеңелерим жок, баары сиз деп тергешет. Экрандан сырткары кадимки эле жөнөкөй адаммын. Көчөдө көбү таанышат, кол тамга сурагандарга жазып берем. Кээде колу менен көрсөтүп калышканда мен да алардан көзүмдү албай тиктеп жеңип кетем.
– Нааразы болуп, көңүл чөккөн убакта эмне кыласыз?
Көңүл чөксө, жалгыз калып ойлоном. Таарынчаак эмесмин.
– Катуу жиниңизге тийип, өмүр бою кек сактоочу учур болгонбу? Дегеле Шайырбек кандай адам?
Кек сактабайм деп айталбайм. Менин көөнүмө жакпаган иш кылып койдубу, демек болду, ал адам мен үчүн жок деп эсептейм. Бул менин кемчилигим, кечиримдүү болуш керек. Бирок мен абдан катуумун, кечиргенди билбейм. Чогуу окуган бир группалашым биринчи курста абдан жаман сөз айткан, аны менен азыркыга чейин сүйлөшпөйм, сүйлөшкүм да келбейт.
– “Досум, дос элек коон үзгөндө, тетири карап калыптырсың бозо сүзгөндө” дейт. Шоу дүйнөдө ким менен өтө ынаксыз? Кимдин ырын көп угуп, кыңылдап кайсы ыр сиз менен кошо жаңырат?
Достукту сыйлайм, досторум көп, айылда жана шаарда. Алар менен мен Шайырбек Арапов деген ат жасай элегимде дос болгонмун, ошол боюнча калгам, түбөлүккө достугумду үзбөйм. Шоу дүйнөсүндө ынак болуп деле дос болуп көрбөгөм. Биздин шоу-бизнесте достук жок, болгону, кызыкчылык гана бар. Ошого карабай мен сыйлап мамиле курган чыгармачыл инсандар арбын. Мен эски ырларды жакшы көрөм. Мени менен кошо эски ырлар жаңырат.
– Ильяз Абдыразаковго казактар мындай суроо беришкен экен, “Tойота Ленд Крузериңиз барбы, жок болсо биз алып берелиби?” деп. Сизге берилген суроолордун ичинен кайсы суроо таң калтырып, азыркыга чейин эстейсиз?
Эң эле эсимде калганы “Атага кат” клиби жарыкка чыгып, элдин баары билип бүтүп эки жыл өткөн соң бир журналист мага “клипке тартылгыңыз келеби?” деген суроо узаткан. “Мен “Атага катка” тартылгам” десем, “ошол сиз белеңиз?” деп журналист оозумду Ошту караткан.
– Айрымдар атын чыгарыш үчүн ар кандай амал ойлоп табышат, сизчи?
Гезиттерге көп чыга бербейм. Аны баары эле билишсе керек. Эгер туура пиар болсо жакшы нерсе, бирок жасап көрө элекмин.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Fred
2011-01-22 10:48:40
jua Сага окшогон адамдар бар учун ушундай болунуулор болуп жатат.Абайласаң ичкилик аркалык айрымасы эмнеде кыргызбызго баарыбыз.Абайланыз мен мисалы аркалык болсом да баарын бирдей кором.Шайырбек Араповду жакшы алып баруучу катары сыйлайм.Анан калса келгилечи болунбойлучу суранам.
0
abbas
2011-01-22 10:52:02
Fred Туура айтасын JUA га окшогон панкуштар бар экен кыргыздар онолбойбуз.Шайырбек ийгилик бактылуу бол алганын менен.Азаматсын негизи сени менен менин досум жакын тааныш экен.сени ар дайым жонокойлугунду айтат ошонундан жазба.Мен лично сен ичкилик болгонуна карабастан сенин суйлогонунду алып барганынды сыйлайм.Мен сени ичкилик деп ойлобоптурмун эмнеге таптакыр ичкиликтерге окшоп суйлобойсун?Таза суйлосунго же шаарда осконсунбу?
0
Samira-banu
2011-01-22 10:54:41
Менин эн жакшы коргон алып баруучум.Сага ийгиликтерди каалайм.Былтыр колго келгениде коргом.Быйыл келсен мага айтып койчу суранам.мен сени менен жон гана таанышкым келет.Азаматсын.Мен бөлүнбөйм таптакыр. Бирок ичкилик болом.эч качан болунбо биз сени мененбиз.
0
jua
2011-01-22 11:56:22
Fred жана abbas сиздер биринчи Баткен обл.барып иштеп келиниздер анан мага рахмат айтасыздар мен дагы башта биз баарыбыз кыргызбыз болунбош керек деп ойлочумун Баткенге иштеп барганда алар антип ойлошпойт экен сен аркалыксын дагы дебейт алар аркалык дегенди КОКУЙЛАР дешет экен беттине эле сиз кокуйлардан болосузбу деп жайлашат мен негизи болгум да болунгум дагы келбейт так что abbas жазып жатканда созунузго жооп берип анан суйлонуз хорошо
0
tahababy
2011-01-22 12:09:59
Менин оюмча эң мыкты алып баруучу бирок өзүн өтө эле бийик коюп алат
0
honey
2011-01-22 18:22:47
Мага жагат. Жакшы алып барат. Браво!!! Бактылуу болгула! Келинчеги жонокой экен.
0
Arstan
2011-01-22 23:35:33
Ар бир областта жакшы жаман адамдар бар да,беш кол сен эмес го,болунбойлу достор.Мага лично баары бирдей.
0
info
2011-01-23 14:27:51
Жер-жерликке болунгон билдируулор дагы жазылса, эскертуусуз банга!
0
lira
2011-01-24 03:36:23
Syrottory jok go deim?
Je 4et jerdegilerge korynboy jataby?
0
cosmopolit
2011-01-24 03:42:25
да мага да суроттору корунбой жатат....
0
arlekino
2011-01-24 11:26:04
Ушул жигит менен бир суйлошуулор болуп ото жонокой ж/а элпек экенин байкагам...азамат бар бол!
0
Nazulya
2011-01-25 12:36:40
Аялын катуу кармайт окшойт.
0
zama0202
2011-01-25 14:23:51
Шайырбек азамат,бактылуу бол!!корсотуулорду ар дайым маанилуу,жонокой алып барат.болунуулор туурасында,ар жерде ар кандай адамдар болот,кыргызэлитасынын баштоочусу Исхак Раззаков деле ичкиликко.Бишкектен эмес Оштон да коп кордум,ичкиликтерди болуп айтышат.
0
Nurjanka
2011-01-27 13:38:08
Бактылуу болунуз жубайыныз м-н узак омур сурунуз,иштеринизге ийгилик!
0
Gul88
2011-01-29 20:11:05
Азаматсыз Шайыр!Сизге уй булолук бакыт жана ишинизге ийгилик каалайм.
0
№ 429, 21-27-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан