Рустам Сагыналиев, ырчы: “ДОНОР ТАБЫЛБАЙ ЖАТАТ”

Мындан жарым жыл мурда белгилүү ырчы Рустам Сагыналиев боорун алмаштырууга муктаж экенин жазганбыз. Ырчы элден колдоо сурап, ал эми анын кесиптештери кайрымдуулук концертин уюштурушкан. Учурда Рустам мырзанын абалы кандай? Колдоо акциясы кандай жыйынтык берди?

– Кош келипсиз, Рустам мырза? Абалыңыз кандай?

– Баарыңыздарга салам! Ушул күн, ушул убакыт, ушул мүнөт буюрганына Кудайга миң мертебе шүгүр. Ооруга чалдыкканымды билип, күрөшүп, дарыланып баштаганыма 6-7 ай болуп калды. Учурда абалым жакшы, жаман дебейм. 2 жолу Индияга барып келдим. Кийинкисинде барганда мурдагыдан жакшыраак жыйынтык чыкты. Түркиядагы врачтардан консультация алдык, Москвага барып дарыланып келдим. Москвадан боордун жабыркаган бөлүгүн мурдагылардан азыраак пайыз көрсөттү. Айыгууга жылыш бар деп кубанып жатабыз. Азыр аракет кылып жатам. Тоодон бээнин сүтүн ичип келдим, дарыларды ичип жатам. Дары дегени – боорду ажыратпай кармап турган каражат, мындайча айтканда клей. Бир туура эмес кыймыл жасап ажырап кетсе, бүттү экен.

– Донор таптык деп жаттыңыздар эле, операция жасала элекпи?

– Айылдаштардан, жакындардан, бир туугандардан донор болобуз дегендер чыкты. Кандын тобу гана туура келбестен, 10 чакты анализ да тапшырыш керек экен, ал кишинин да ден соолугу жакшы болушу шарт. Донордун боорунун 60-70 пайызын кесип мага салышат да. Ал боор жуурулушуп, организмге эт менен эт, чел менен чел болуп кетиши керек экен. Бир тууган бөлөм донор болууга макул болгон, анализдеринин баары туура келген. Бирок “мына, аттанабыз” деп документ толтурарда баш тартып койду. Аны деле туура түшүнүш керек, ал деле өз ден соолугу үчүн кооптонду окшойт. Ага таарынбайм. Таарынып, кек сактабаш керек экен. Көпчүлүк коркот экен да. Бир тууган байкемдики да туура келген, бирок анын өзүнүн ден соолугу начар болуп калды. Жээним, эжемдин студент кызыныкы туура келди. Кенедей болуп алып жүрөгү тоодой экен, донор болом деп биз менен чогуу Индияга чейин барды. Бирок ал жактагы врачтар “бул кыз өзү кыйналып калат” деп болбой коюшту. Жээнимдин донор боло албай турганын угуп капа болгонун көрүп көзүмдөн жаш акты. Аябай ыраазы болдум. Азыр деле донор табылышынан үмүтүмдү үзө элекмин. Донор керектелбей, боорум да кесилбей, дарыланып айыгып кетсем андан да жакшы болмок.

– Орусиядагы врачтар эмне дешти?

– Орусияда кыйын деген 4-5 гепатологго көрүндүм. Бирөөсү “донордун боору менен 5 күн жашаганың жакшыбы же өзүңдүн бооруң менен 15 күн жашаган жакшыбы? Бир тууганыңдан чыкса гана алмаштырсаң жакшы болот” деди. Боор өтө назик экен. Өсүп, этке эт болуп бүтүп кетиши кыйын тура. Ал жактагы врачтар “биринчи ойлоруңду оңдо. Болбосо мындан арыла албайсың. Өзүңдү карап, өзүң үчүн жаша” деп кеңеш беришти.

– Операцияга 30 миң доллар керек экени айтылган. Жетиштүү каражат чогулду беле?

– Кыргызстанда кыргыз болуп төрөлүп калганыма ыраазымын. Ушул сөздү айтуудан тажабайм, элиме ыраазычылыгым чексиз. Пенсионерлер, өздөрү кыйналып жатса да 5-10 сомдон болсо да бергендер бар. Таластын Кара-Буура районундагы Бакайыр деген айылда төрөлүп, өскөм. Классташтарым тикесинен тик туруп түтүнмө-түтүн кыдырып акча чогултушуптур. Аны ойлосом, азыр да көзүмө жаш тегеренет. Чыгармачылыктагылар, Улуттук филармонияда иштеген кесиптештерим да чуркап, колунан келишинче көмөктөрүн аяшкан жок. Чөнтөктө тыйының болбосо жашаш оор экен. Жүрөгүнөн чыгарып акча берген адамдардын баарына чексиз ыраазычылык билдирем. Ооба, мерчемделген сумма чогулган. Ал акча менин дарылануума кетип жатат. Индияга 2 жолу барып келгенге эле бир топ акча кетти. Документ иштерине да көп акча кетет экен, таң калдым. Балким, элдин батасы менен эле жакшы болуп кетермин.

– Жакындарыңызга дагы оор тийди да бул абал, сыртынан билдиришпесе да...

– Апам он жылга картайып кетти. Мени карап күлүп, ары карап ыйлайт. Башында эч кимге билдирбейин, Кудай канча өмүр берсе, ошону жашайын дегем. Бирок Индияга кетип баратканда аэропорттон узатып жаткан балдарымдын көзүнөн аккан жашы эсимде калды. Аны көрүп “жашашым керек” дедим. Көзүмө балдарым эле көрүнүп калды. “Ата, мындай кылбайлыбы” дешет да, кайра “ооруп жатпайсызбы, акчаны жөн эле корото бербейли” деп калышат. Экөө тең билип калышты. Балдарымдын улуусу 5-классты, кичүүсү 3-классты бүттү. Ошолорду көрүп жашагым келет.

Жубайым аябай кабатырланды. “Сен жок жашоону элестете албайбыз. Сенин карааның эле бизге чоң күч” деп жатат.

Ушул 6-7 ай мен үчүн 6-7 кылымдай өттү. Сыртымдан күлгөнүм менен, ичимде эмне болуп жатканын эч ким билбейт. Билдирбей, күлүп жүргөнгө аракет кылам. Кээде эч ким жок жерде ыйлап бугумду чыгарып алам. Бул ооруну кыбыр эткен жанга, душманыма да каалабайм.

– Учурда гепатиттин ар кандай түрү менен ооругандар көп. Жарандарга кандай кеңеш айтат элеңиз?

– Негизи химиялык кошулмалары бар тамак-аш жебеш керек экен. Индиядан “идиш жууган каражатты (ред.: идиштин майын кетирүүчү гель жана башка) колдонбосоңор, азаят” дешти. Тамак-ашка жакшы көңүл бургула. Колдон келсе, үйдөн тамактануу жакшы. Жумасына жок дегенде бир күн орозо кармаш керек экен, органдар эс алат. Оорунун баары стресстен козголот, сабырдуу болууга аракет кылгыла.

– Өзүңүзгө көп күч келтирбеш керек экенин билчү экенсиз. Күч келтирбей, өзүңүздү аячу белеңиз?

– Мен спортко жакынмын. Футбол, көк бөрү ойноп, чуркачумун. Муну ден соолугум үчүн кылып жатам деп ойлочумун, бирок мага болбойт экен. Кээде кыйналганда дарыланып жакшы болуп калчумун. Акыркы кезде көк бөрүдө ат чапканда денем тырышып калчу болгон. Досторум “тим эле койчу” деп ат бербей коюшса жиним келчү. Кумар да, болбой эле оюнга бир кирип чыгайын деп кирип кетчүмүн.

Улактан эле эмес, башка учурда да колу-бутум тырыша баштаган. Оору күчөп келаткан учур экен, көрсө.

Жакшылыктан үмүт үзүлбөйт. Кудай буюрса, элге аралашып Кудай берген талантым менен кызматымды кылып 80-90 жашка жетейин деген үмүтүм бар.

– Үмүтүңүз орундалсын, сизге ден соолук каалайбыз.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1077, 28-июль-3-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан