Элмира Тагаева, актриса:"БЕТКЕ ЧАБАР МҮНӨЗҮМДҮН АЙЫНАН ТУРМУШТАН КӨП МУШ ЖЕДИМ"

Актриса Элмира Тагаеваны “эпизоддук ролдордун ханышасы” десек жарашчудай. Аны “Айыл өкмөтү” фильминде койчунун аялынын, “Президент жана БОМЖ” тасмасында Айшакандын, “Кандуу сүйүүдө” Зайнанын ролунан тааныйсыз. Жолдошу белгилүү актёр Чыңгыз Мамаев экөө театрда табышып, баш кошуп 25 жылдан бери бирге түтүн булатып келишет. Актриса бир кездеги ызасы, сүйүнүчү, таарынычы, турмуш сабактары тууралуу айтып отурду.

Актриса тууралуу

Туулган жылы, күнү – 1978-жыл, 15-май

Туулган жери – Жумгал району, Кызарт айылы

Кесиби – актриса, 2000-жылдан бери театрда иштейт

Бою – 170 сантиметр

Сыйлыктары – Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты

Кыялы – тирүүлүктө баары менен сыйлашып өтүү

“Кичинемден эле оор сыноолорду баштан өткөрдүм”

– Кичинемден ыр-бийге жакынмын, мектепте театралдык, музыкалык ийримдерди калтырбай катышкан активист элем. Үйдө жалгыз кызмын, агам жана иним бар, жаш айырмачылыгыбыз 7 жаштан. Каалаганымды кылган эрке кыз болуп чоңойдум. Апам, жакындарым “Эмка, Эмка” деп эле көзүмдү карап турушчу. Мектепти артыкчылык менен бүтүп, мени үйдөгүлөр бээсин сатып Бишкекке окууга жиберишмек. Өзүбүз орто жашасак да ата-энем килтейген бээсин сатып мени окутканы жиберип жатканын карабайсыңбы. Болбосо ал 1995-96-жылдар катаал убак эле, эл өтүккө же ырыстуу тамакка жетпей жүргөн.

Азыр ойлосом, Кудай мага кичинемден эле оор сыноолорду берип баштаптыр. “Менин жолум татаал” десем көптөр “антип көп айта бербе” деп урушуп калышат. Бирок ошондо “окуйм” деп дегдеп жүргөн убакта кокусунан атам каза болуп калды. Кыялдарымдын баары талкаланды. Менин окуума сатабыз деген бээни атамдын тажиясына сойдук. Аза кайгыбыз эми басаңдаганда “тигинин кызы окууга өтүптүр”, “мунун кызы да окууга өтүптүр” деп туш тараптан кабар угуп жаттым. Күндө жатып алып ыйлайм “эмнеге мен окубай калдым, кайсы жазам үчүн” деп. Антип жер тепкилеп ыза болгонумдун себеби бар болчу, анткени мектепте чынында жакшы окудум, мурдун тарта албай жүргөн эле кыздар окууга өтүп жатса ыза болот экенсиң. Ошентип 1996-жылы Бишкекке келип, бирок окуганга шартым жок эжелеримдин колунда соода-сатыкка жардамдашып калгам. Азыр “ошол боюнча соодада эле калсам, балким, бай жашамак белем” деп калам. “Щепкин окуу жайына өтпөй калганда дагы шагым сынды”

– Эжемдер менен соодада жүрүп жакшы эле бутума турдум. Иштеген адамдын колунда дайыма акча болот эмеспи. Бир күнү гезиттен Москвада Щепкин атындагы театралдык окуу жайга абитуриенттерди кабыл алуу жүрүп жатат деген жарыяны окуп калдым. Ошондо жүрөгүм тез-тез согуп, ошол сынакка катышпасам куру калчудай сезим болуп жатты. Бутума шиш такалуу туфлимди, кыска юбкамды кийип, чачымды жайып кычырап алып бардым. Боюм болсо 170 сантиметр, баары мени карашат. Болбосо айылдан келгениме 2 жыл боло элек жатып шаардык болуп алгам деп кой (күлүп). Сынактын 3 турунан өттүм, эжелерим үйдөгүлөргө сүйүнчүлөп койгон “кызыңар Москвага окууга өткөнү калды, жол киреге акчаңарды камдай бергиле” деп. Чечүүчү турда мен эмес, такыр эле сынакка катышпаган кыз өтүп кетпедиби. Көрсө, алдын ала эле кимдин таанышы, тууганы өтөрүн чечип коюшат экен да. Щепкинге өткөн студенттер ырдап, жыргап, кубанып жатышат. Мен болсо жамгырда көчөдө шолоктоп ыйлап баратам. Ошол күндү аябай жаман көрөм, азыр эстесем да денем зыркырап кетет. Үмүт да, дагы сурап көрөйүнчү деп калыстар отурган бөлмөгө кирип баратсам биздин театралдык окуу жайдын ошол кездеги жетекчиси Галина Ибраева “өтпөй калгандар эшикти сагалабай, кеткиле” деп кыйкырып төшүмдөн түртүп салды. Мен да тың кыз элем, аны жөөлөп туруп ичкери кирип кеткем. Анан калыстарга “мен дагы аткарып берейин байкап көргүлөчү, же акча берейинби” десем баары күлүп жиберишкен.

“Эмне эле каадаланат бул, чукчуңдап дечү экен”

– Үйдө эрке өсүп тарсылдаган кыз болуп чоңойдум. Бетке чабар мүнөзүм бар эле, жакпаса “жакпайт” деп эле ачык айтып салчумун. Бирок ушул мүнөзүмдүн айынан турмуштан көп муш жедим. Намыскөй, бой көтөргөн, кичине бир нерсе туура эмес болуп калса жерди ныгыра басып кыялымды көрсөткөн кыз элем да. Мага эч ким сүйлөй алчу эмес, “а” десем, тиги “б” дегиче бетке чабат элем. Турмуш мени жакшы эле ийлеп ийкемдүү кылды. Балалуу болгондо да жумшара түшөт экенсиң. Чыңгыз экөөбүз курсташпыз, окуп жүргөндө аябай көп урушат элек. Мен өзүмдөн 2 жаш кичүү студенттер менен окуп калдым да, аларды теңиме албайт элем. Башкалар бири-бирин өөп учурашышса, мен “кандайсыңар” деп эле өтүп кетчүмүн. Ошондо Чыңгыз мени “эмне эле каадаланат бул чукчуңдап” деп жаман көрчү экен. 2-курстан тарта тайпалаштар менен жакын болуп кеттим. Чыңгыз окуудан сырткары иштечү, табышкер, эмгекчил эле. Кыздарга азык-түлүк көтөрүп келип салат, тамак жасаттырчу. Курсташтардын, айрыкча директор Галина Ибраеванын сүймөнчүгү эле. Мамаев деп аябай жакшы көрчү аны. Кийин биздин кыз-жигит экенибизди угуп жактырбаптыр, “Чыңгыз, бул кыз менен кийин кыйналып каласың” деп кеңеш да бериптир. Азыр баары жакшы, 2 уул, 1 кызыбыз бар, 25 жылдан бери биргебиз. Жаман жубай болгон жокмун деп ойлойм.

“Атасы камалгандан тарта кызымдын көз жашы тыйылган жок”

– Билесиздер, былтыр үй-бүлөбүздү чоң сыноо тооруду. Чыңгыз абакка түшүп, эмне кыларымды билбей калдым. Абакка отурбасам да, абалым абакта отургандагыдан эки эсе оор болду. Балдарым ооруйт, өзүм ооруйм, сот иштерине чуркайм... Чыңгыз эч бир адамга зыяны жок киши, эки адамды чабыштырып какшаткан бирөө болсо да “ошону көрмөк” демексиң, муну баары жакшы көрүшөт. Кантип мындай сыноо башына түшүп калды таңмын. Кызым атасына жакын, атасы камалгандан тартып эркиндикке чыккыча көз жашы тыйылган жок. Балдардын саламаттыгы үчүн да аябай кооптондум. Кудайдан “ээ Кудай, менин душмандарымды жок кылып берчи” деп сурандым. Десем эле эртеси досторумдун баары жок болуп кетсе болобу. Башыңа иш түшкөндө кимдин ким экени билинет тура. Жолдошумдун сот иши дагы деле бүтө элек. Жабырлануучумун деген аял чет өлкөгө чыгып кеткен, бирок качып кеткен адамдын укугун коргойм деп баягы эле биздин кыргыздар жүрүшөт.

“Айыл өкмөтүндөгү” образым өзүмө жакпайт”

– Театрда жакшы ролдорду аткардым, бирок кинодо көкүрөк кагып мактанчу деле ролум жок. Мени эпизоддук ролдордон жакшы таанышат, “Айыл өкмөтүндө” келиндин ролун аткаргам. Өзүмө жакпайт. Ал тасмага тартылганыма азыр деле өкүнөм. “Президент жана БОМЖ” тасмасында Айшакандын ролунан таанышат, анан көбү “сизди “Кандуу сүйүүдөн” тааныйбыз"- дешет. Чынында “Кандуу сүйүүнү” ышкыбоздордун камерасы менен, эч кандай даярдыгы жок эле тартканбыз. Мен аны укмуш кино деп эсептебейм, бирок элдин эсинде экен. Учурда коммерциялык тасмаларга тартылып жүрөм. Талапты катуу койгонум көбүнө жакпайт, мунун айынан “Кыргызфильмдин” кара тизмесине кирип калыптырмын. Тааныштар “сиз кара тизмедесиз” десе таң калдым. “Кыргызфильм” мени кара тизмеге киргизип коюп, мейли эми жакшы тасмаларды тарта берсин” деп күлдүм.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1077, 28-июль-3-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан