Кыргыз маданиятында ташка тамга баскандай ысымдар бар. Алардын бири – Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде, кийин Чоро Кожомжаров жетектеген алгачкы кыргыз эстрада ансамблинде солист болгон, үнүнүн диапазону кенен, элдик, лирикалык жана дүйнөлүк классикалык ырларды ийине жеткире аткарган ырчы Анарбек Ибраев.
«Мектептегилер мага «Алмашым» деп ат коюп алышкан»
– Бала чагым Ысык-Көлдүн Тепке деген айылында өттү. Койдун кезүүсүнө барганга аябай куштар элем, анткени кой жайып жүрүп ырдачумун. Эч ким жолтоо болбойт, жардын үстүнө чыгып алып ырдасаң даяр сахна, көрүүчүлөр койлор (күлүп). Башка жерде тартынып ырдай алчу эмесмин. Бир жолу адатымча ырдап жатсам, аркы беттен бир киши атайын бастырып келип угуп туруптур. Ал киши “абдан жакшы ырдайт экенсиң” деп мактап, мага канат байлап кетти. 9-10-классты Каракол шаарындагы орто мектептен уланттым. Музыкага болгон ышкым ошол жерден ойгонду. Ошол учурда Рыспай Абдыкадыровдун аябай атагы чыгып турган. Радиону аңдып отуруп жаңы ырлардын обонун жаттачумун. Мелис деген классташым бат жазчу, ал текстин жазып келет. Ошентип дем алыш күндөрү жаңы ыр жаттайбыз, дүйшөмбү күнү кыздар “кана, жаңы ырдын премьерасы болобу?” деп сурашат. Ошондой күндөрү “Алмашым” чыкты, азыркы тил менен айтканда, хит болуп, элдин баары “Алмашым” деп калды. Бир иш-чарада “Алмашымды” ырдадым, анан эле мектептегилердин баары мага “Алмашым” деп ат коюп алышты. Мага жакчу эмес, адегенде аябай ызаланып жүрдүм.
«Бир куплет ырдап эле окууга өтүп кеттим»
– Университетте журналистикага тапшырмакчы болдум, бирок тилегим ишке ашпады. Анан шерик балдарга кошулуп филармониянын алдындагы 2 жылдык студияга бардым. Негизи Политехке тапшырганы жаткам. Ошол жерден Рыспай акени көрдүм да, көңүлүмдүн баары бузулду. Ал кишинин артынан бир күн кечке ээрчип жүрдүм, билгизбей. Дүкөнгө кирсе кошо кирем, жиндидей эле артынан ээрчип жүрөм. Эртеси күнү дагы филармонияга бардым. Рыспай ага студенттерди кабыл алып жаткан экен, “кайсыны ырдайсың?” деди, “Алмашымды” десем күлдү. Ал кезде аны куду өзүндөй кылып туурап ырдачумун. Аккордеондун клавишасынан фа нотасын көрсөтүп, “фа” экенин деле билбейм да, “мына бул жерден ырдайм” десем аябай каткырды. Анан ырдап баштасам эле кызыктай боло түштү да, бир куплет ырдагандан кийин шак колумдан жетелеп директорго алып барып, “бул бала бизде окушу керек, сөзсүз” деди. Ошентип бир куплет ырдап эле окууга өтүп кеттим. Ал киши бир жылдан кийин Ошко которулуп кетти. А мени бир жылдан кийин айтылуу Асанхан Жумахматов оркестрге солист кылып алып, эртеси эле ырдадым. Залда эл толтура. Жумахматов “сен токтобой ырдай бер, оркестр сага жетип алат” деди. Ийгиликтүү болду, ал кезде антракт жарым саат болчу. Антракт убагында дагы бир ырды даярдай коюшту. Ошентип ырдап калдым.
“Тумарым” деген ыр аябай популярдуу болуп турганда эл сахнадан кетирбей жер тепкилеген учур болду. Алып баруучу кийинки ырды айтайын десе эле жер тепкилешип айттырышпайт. Ушинтип башталды менин чыгармачылыгым.
«Ыбырай Тумановдун батасын алдым»
– Мен 4-класска чейин тайларым тарапта өстүм. Негизи Ыбырай Туманов бизге таяке болот. Чоң атамдын аты да Ыбырай. Ошол маалда Ыбырай Тумановдун пенсияга чыгып калган кези экен. Соорусу килейген семиз ат минип келчү, анан бир заматта эл чогулуп калат. Андайда мен өрүк бакка чыгып көрчүмүн. Чоң чепкенинин ичинен кичинекей комузун алып чыгып чертип баштачу. Эл муюп угат. Манжалары жоон, анан ийри-буйру болчу. Кантип комуз кылын так басып жатат деп карачумун, жадакалса дүрбү менен да карап көргөм (күлүп).
Бир жолу чоң аш болуп, килейген жылкынын учасын Ыбыкеме тартышыптыр. Ал мени чакыртып, учаны мага берип “композитор бол” деп батасын берди. Кошуналардын баары “ой, Ыбыкем буга батасын берди” деп кеп кылышканы эсимде. Балким, касиеттүү кишинин батасы тийгендир деп калам. Композитор болбосом да, музыкага жакын киши болдум, искусствого аралаштым. Кийин радиодон ырларым жаңыра баштаганда чоң атам кичинекей радиосун кулагына такап отуруп күтчү экен. Бир жолу каникулда барсам “уктум, менин атымды айтпадыбы, айланып кетейин” деп тим эле жашып, кучактап алып өпкүлөп бүлкүлдөгөнү эсимде.
«Ушул жолду тандаганыма өкүнбөйм»
– Мен бул жолду тандаганыма эч качан өкүнбөйм. Гениалдуу кишилер менен аралашып, искусстводо өзүмдүн ордумду таап калганыма ыраазымын. Көп учурда сонун таланттар ордун таппай калышат. Артисттин турмушу өтө кыйын, жоопкерчилик, элге таанылып калганда “жылдыз оорусу” деген бар. Мен антип ооруган жокмун, тарбиям ага жол берген жок. Рыспай акеден да үлгү алдым. Ошко барганда эртең менен улуу башы менен “Анаш, тур чай ичебиз” деп келет эле. Анан ээрчишип алып жөнөйбүз, жолдо Рыспай акелеп биягынан да, тиягынан да чыгышат. Эч бой көтөрбөйт, баары менен сылык учурашат. Анын жөнөкөйлүгү мени таң калтырчу. Бир да жолу “кайсы жерденсиз?” деп сурабаптырмын. Биз негизи кара-кулжалыкпыз, уруубуз теңизбай. Рыспай аке да ушул уруудан. Биздин чоң аталарыбыз Назар деген киши, Кара-Кулжадан эр өлтүрүп, карындашы экөөнү качырып жиберишкен экен. Карындашы Кара-Балтанын тегерегине турмушка чыгып, а чоң атабыз ушул жактарда тентип жүрүп мал айдап Караколго барып калыптыр. Бир тойдон Белек атабыз көрүп калып баласына кошуп бала кылып, атын Теңизбай коюп, үйлөнтүп-жайлантып, Тепкеге жайгаштырган экен. Чоң атам “биздин ошол жакта туугандарыбыз бар” деп калчу, деле кулагыма кирчү эмес. Чоо-жайын кийин билип жатпаймынбы.
«Өнөрдүн өтөсүнө чыктым деп ойлойм»
– Сахна адамга белгилүү бир убакытка эле берилет. Колдонсоң колдондуң, болбосо өтүп кетет. Андан кийин догурунуп отуруп алгандын кереги жок. Мен эмне үчүн педагогикалык ишмердүүлүккө кеттим? Алган тажрыйбаңды, билимиңди башкаларга беришиң керек. Мына, 6 студентимди филармонияга солист кылып алышты. Бул мен үчүн чоң сыймык.
Консерваторияда окуп жатканда туура эмес мугалимге туш келип кыйналганым эсимде. Мугалим мактай эле берчү, анан арияларга келгенде эле эч нерсе жок. Анан башка агайдын колуна түштүм. Ал киши эшиктен киргенде эле столду муштап “затяни ремень, чё ты как баба стоишь?!” деп арыма тийчү. Атайын айтчу экен. Бир күнү үйүнө алып барып “кечинде келебиз, “Ария Ленскийди” даяр кыл” деди. Кечке даярданып, кечинде келгенде ырдадым. Ишенесиңби, аягында ыйлап жибере жаздадым. Көрсө, жанга күч келгенде жатталып калыптыр. Ариозосун да, ариясын да ырдап бердим. Аябай кубанды.
Обон жаздым, бирок кеңири аудиторияга чыгарган жокмун. Обон жазганга жараша жакшы жазыш керек. Мен ушунча көп обонду өзүмдөн өткөрдүм, жарашканын деле, жарашпаганын деле ырдай бериптирмин. Өнөрдүн өтөсүнө чыктым деп ойлойм. Сахнадан кетиштин өзүнүн учуру болот. Жүрө бербеш керек. Азыр менин миссиям – жакшы, билимдүү жаштарды тарбиялап чыгаруу.
Гулийпа Маметосмон кызы