Ооба, мен байдын кызымын. Мына 30га чыгайын деп калдым, ушул жашка келип гана байдын кызы болуу жаман эмес экенин түшүнүп отурам. Эсимде, мектепте мен байдын кызы болгондугум, башкалардыкынан кымбатыраак көйнөгүм, кооз сумкам болгону үчүн дайым кер какшык угуп турчумун. Көптөр “хм, акчаңар көп да” деген кептерди какшыктап, чымчып айтышчу. Айылда менин ата-энемди бай болгону үчүн эле жаман көргөндөр көп эле. Көпчүлүк адам эмгек кылса анан үзүрүн көрөрүн аңдай албайт тура. Ата-энем эмгекчил адамдар, ата-энеси бөлүп берген төрт малдын башын сегиз кылып, айылга дүкөн ачып, апам Орусияга бир нече жолу барып иштеп да келген. Атам өкмөттүн ишинде иштечү, салык чогултчу. Күнүгө жумушка кошуна айылга барып келип иштеди. Андан башка убакта мал карап, дыйканчылык кылып, эч бир жаны тынчу эмес. Качан караба сарайда таңкылдатып бир нерсе жасап отурчу. Бир кабат үйүбүздү бузуп эки кабат кылып салды, үйдөгү эмеректерди өз колу менен жасап чыкты. Машине алды. Үйдө бузулган, сынган нерселерди да өзү эле сонун кылып оңдоп коё турган. Азыр деле ошондой. Мунун баарына атам менен апам маңдай тери менен жетишти. Бирок адамдар аны жакшы түшүнбөйт экен да. Салык чогултууга келгенде дайым атамдын маанайы жок болор эле. Эч бир адам кубанып акча бергенин көргөн эмесмин, кээде урушуп, карызга акча берип жаткансып жаман көрүп таштап кетишчү. Ансыз деле атам документ толтуруп жатканда алардын дүнүйөсүнүн санын азайтып, кичирейтип жазчу. Кээ бир көп балалуу, кийизи жукалардын салыгын өзү эле төлөп койчу. Гуманитардык жардам келгенде биздин үйдөн таратылчу. Унун ундай, азыгын азыктай, кийимин кийимдей талап кетишчү. Эсимде, жадакалса апам биздин батпай калган кийимдерди жууп, кээде жаңысын деле кошо таратып жиберчү.
– Бир болсо бул мамлекеттин акчасын жеп жатат окшойт.
– Кайдан? Элдин акчасын жеп жатат да.
– Дүкөнүндө товардын баасына көп сумма кошуп байып жатат, – деген сөздөрдү айтышчу атамдын артынан. Мени баласынтып, түшүнбөйт дегенсип көп эле жолу кеп кылышканын уктум. Мектептен, үйдөн башка жактан дайыма байлар жаман деген түшүнүктү байкачумун. Алар эч нерсенин кадырын билбейт дешчү. Ушундай түшүнүктөрдөн басынып чоңойдум. Байдын кызы болгонум үчүн өзүмдү, бай болгону үчүн ата-энемди да жаман көрүпмүн. Жадакалса студент болгондо бай эмес курбуларды издедим, жигиттердин да колунда жогун тандадым. Бирок турмушка чыкканда да бул көйгөйдөн арылган жокмун. Күйөөм ата-энемдин үйүнө баргандан уялат, базардан кымбатыраак көйнөктү кармасам “байдын кызысың да, мен бай эмесмин” деп какшыктап өтөт. Өзү бир мекемеде күзөтчү болуп иштейт. Жалкоо. Качан караба “ата-энеңдин акчасы...” дегени деген. Бир бөлмөлүү батирде турабыз. Иштейин десем “ии, эмне жетишпей жатат сага?” деп баштайт. Чарчадым. Көрсө, байлыкка деле адам акылы менен, эмгеги менен жетет тура. Миллионердин баласы болсо деле колунан бир иш келбесе, акылы жетпесе бир күндө итке минип отуруп калат экен... Болду, жетет! Мындан ары байдын кызы болгонум үчүн сыймыктанып жашайм. Өзүм да бай болгонго аракет кылам...
Элина