ЖҮРӨЛҮЧҮ ЖҮРӨК ООРУТПАЙ...

Жан дүйнө жаңырыгы

Көз карашың ичиркентет өлөмүн,
Кантем, бирок мүнөзүңө көнөмүн.
Миң душмандан жаман
болуп турсаң да,
Неге сени жандан артык көрөмүн?
Бул ыр саптар курч акындын калеминен чыкканын, анын берейин деген оюн жакшы түшүнөм. Себеби бир сулуунун мүнөзү катуу болгонуна карабай сүйдүм, артынан чуркап күйдүм. Чын, күйгөндө да кандай дебейсиздерби, башынан айтып берсем кантет?

Окуучу кезде эле өрт жигит элем. Бой тартып, чачты артка тарап сыланганды да элден эрте баштагам. Балким, табиятымдан, балким, атамды тарткамбы деп калам кээде ойлонуп. Себеп дегенде атам азыр алтымышка чыкса да чыкыйып, мурутун чыйрап басып жүрөт. Бирок мен атамдын эл караган бетин жер каратып салбадымбы... “Кан-жаныбыздан бүткөн балабыз, чекилик кылыптыр. Атасы, кечирип кой балаңды” деген апамдын күйпөлөктөгөнүнө да карабады атакем. “Кечтим” деген сөздү көмөкөйдөн чыгарганын чыгарып алып түтпөдү окшойт, терс бурулуп басып кетти. Ошол боюнча атамдын жүзүн тик карай албай келем. Баарына бир кыз үчүн бардым, бир туугандар да сыртын салышты, апам гана мен тарапта “ичтен чыккан ийри жылансың да, кагылайын” деп.
Башта айткандай, өрт жигит окууну бүтүп, студент болгон кез. Мактанбайын, бирок түзүк ырдачумун. Кече-отуруштарда бала ырдап калат, мейли аккордеон тартып, мейли комуз чертип. Болбосо кашык-вилканы деле кылдыратып, азил-чыны аралаш соктурам ырды. Ошондой шаңдуу күндөрдүн биринде Назирага жолуктум. Мурчуйуп, аны айтышса деле, муну айтышса деле көнбөй отурат мисирейген бир сулуу. “Мына, Артурдун торуна түштүң. Эми чыгам деп ойлобо. Жок, чыкпайм деп уйгактай жабышпасаң мага кел” деп айттым ичимден. Балдар тийишсе аларды көз менен атып койдум эле, токтоп калышты. Бир “шустрая” дос кызыбыз мени жактырчу, билет да бала мамилесинен. Тим эле жанымдан чыкпай “аны ырдай албайт, баягы ырды ырдасаң” деп коёт. Башкалар кыз-жигит экен деген ойдо калсын дегенсип мактана. Эмне дейт элем, балдар калып сеники өттү го, Самара. Жаныңдагы муздак сулуу досуңду иле албай отурганда сен жабышып... Бул ойдон кайра эле баягы Самара алып чыгып кетти. “Артур, “Назираны” ырдабайсыңбы? Менин өзүмдөй сонун Назира курбума арнап” дебеспи. Ээ, Кудай мындай бербеспи, сени өзүмдөн алыстатканым менен, жакшы кызсың да, Самарочка, ушундайда жардамга келген.
Балдар кубаттап, ырда деп ышкырык салышат. Күлүп-жылмайымыш болуп гитаранын кылдарын терип калдым. «Сен тартынбай мага карачы, колуң сунуп колум кармачы… Оо, менин сүйгөнүм, Назира, жүрөгүмдө жалгыз сен гана…» Ой-бой, эки бөлмөлүү квартирабыздын ичи “Назира-аа” деп жаңырып, хор ырдалып кетти го жөн эле. Мына, өңү куудай болуп отурган Назирабыздын жүзүн кызыл аралай баштады…
Таалай Бектургановго “Назираны” жазып койгон үчүн рахмат дечүмүн, Назиранын колун кармап. Ашкан ажарлуу деле болбойт экен, сүйбөй эле койгулачы, балдар. Кызганычтан өрттөнүп кетчүмүн. Ансайын мүнөзү катуу селки токсон тогуз кыялын көрсөттү, көтөрдүм. Оголе болбой баратканда жаакка чаап жиберген күндөр болду. Өксүгөн боюнча, “сволочь” деп сөгүп кетет. Томсоруп кала берем.
Музыкалык окуу жайда окучумун, махабат деп жүрүп сабактан 3-курска келгенде айныдым. “Үнүңө ишенбе, жигит, билим да керек, өзүңө кел. Же эмне, кафеде кабачник болуп көөп кеттиңби?” деди агайыбыз. Агайга “окуп жатам, болбосо акча бар, акча, агай” дедим каткырып. Башын чайкап ары жылары менен машинамды миндим да, жылт койдум. Көөп кеттим ошондо, агай туура айтат. Атамдын акчасы, бир тууган агамдын көмөгү мени ого бетер чектен ашырды. Каалаганымды кылам, ичем, тамеки тартам. Көпөлөктөн көпөлөккө коном. Бирок Назира менен жүрөм. Ал берген белектерге кызыктыбы, байлыккабы же келбетимеби, менден калбай жүрөт телефонумду текшерип, анан териштирип. Мен деле телефонун кармап койсом не болот? “Өзүм алып берген телефон да, карачы, “корозун” тапкам да” деп колума алдым бир жолукканыбызда. Өңү бузулуп, баягы кыялын карматып “бер деп жатам мен сага!” деп кыйкырат. Ого бетер көгөрүп, окуп чыктым СМСтерин. Түшүндүм, мен го эркекмин, а буга кыз башы менен ким коюптур ар кимдин башын айлантканды?! Башымды тырмап “досторуң көп, билем, кел, урушпайлы” дедим ээгин көтөрүп. Ысык эриндер биздин урушту унуткарды деп ойлоду окшойт, кудуңдаган боюнча үйүнө кирип кетти.
Мына сага. Байсал, Байсалы ким эле? Таптым, жеке ишкер, эки баласы бар. Сениби… Ошол күндөн баштап Назиранын артынан аңдытып койдум. Байсалы калып, анын агасы Майсал менен да көрүнгөн жерге барат экен. Кыз аттуу түгөнүп калыптырбы деп басып кетейин дейм, досторум билип калышыптыр, тымызын сынай карашат... Жок, Артур качан жеңилчү эле, мына көрөсүңөр.
Айтпадымбы, ырга жакын дүйнөм, баары түгөл болсо да кафеде ырдайм. Бир ресторанды айтып “корпоративдик кечеге чакырып жатышат, баралы” деди ырчы досум. Ээ, зал толгон элден биринчи эле көзүмө урунду кучакташып отурган экөө. Мени көрүп ичинен кандай ойдо калды билбейм, сыртынан өмүрү тааныш эместей көзгө илип койбойт Назира. “Алкымыңдан мен, ай, жыттасам” дегенди башка бирөө ырдабай эле, искеп турат го. Байсалдын сыртка чыгышын аңдып отуруп, артынан чыктым. Кыжыңдашып, биздин уруш былчылдашканга чейин барды. Көкүрөккө катуу тепкен экен, чыдай албадым. Өгүздөй неменин тепкенинен да, сөзү жаныма батып кетти. Ачуум келип, чөнтөктөн макини алып чыгып уруп калдым. Буйтады эле болбоду окшойт, ийининенби, колунанбы, кан кетти. “Сойду эле, сойду” деп өкүрдү. Караңгыда эч ким жок эле, мындайда кызыл шапкечен да пайда болду заматта. Колум артка кайрылды.
Агам, атам адвокат жалдашып, 3 күндө чыктым “караңгыдан”. Байсалга эч нерсе деле болбоптур, сол жак ийинин тилип кеткени гана болбосо, бирок Кудай сактады. Ошондон кийин айылга ар кандай сөз тарады. Билесиңер да, “Сооронбайдын баласы киши өлтүрүптүр кыз талашып”. Кыскасы, мен бир мокочо эле болуп калдым. Атам экөөбүз уруштук... Назира болсо турмушка чыгыптыр. Мен ырды таштап салгам. Сырттан окуп койгон элем, кереги тийип иштеп жүрөм. Жаңылбайлы, туугандар, жалаң гана жакшылыктарды жазалы, жашайлы. Жүрөлүчү жүрөк оорутпай... Баса, мен баркын билбеген Самара Германияда окуп жатат, азамат… Аны менен интернет аркылуу байланышам, мурункумду бетке салбайт. “Атаңдан кантип кечирим алууну айтайынбы?” деген кат келди бүгүн…

Артур

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
aminali
2011-01-31 18:11:43
Ozu menen iwi jok,kopolokton kopolokko konup jurdum dep koet.
0
Eliza
2011-01-31 23:17:41
да вот поэтому нельзя играть с чувствами
0
Takeshbek
2011-02-01 16:51:23
Бироого суйгонунду оптургончо,
бакача жер кучактап олгон жакшы.
0
milli
2011-02-02 00:05:25
Soop bolot chala ele boldu rmattu Artur!
0
izabel
2011-02-02 13:29:11
табаа эмес тобоо дегиле достор. шайтан азгырса бат эле. жанылбас жаак, мудурулбос туяк болбойт эмеспи, мындан аркысын ондоп кетсениз болду.
0
sayd
2011-02-02 16:26:39
Байсалды эмес, Назирадан оч алмакмын.Кайран Артур...
0
bapa
2011-02-02 18:13:35
Эр жигитин башына, эмнелер гана келип кетпейт.
0
cosmopolit
2011-02-03 02:27:34
ну дааа "isabel" туура айтат табаа эмес тобоо...анткени ар бир адам пенде...жанылат жазылат...жашоо ошонусу менен кызык...ойлогондой..зымга тарткандай..туп туз кетсе жашоонун манызы жок болуп калат..ошону учун турмушта ар кандай приключениялар болуп турушу керек...
0
№ 430, 28-январь - 3-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан