(Башы өткөн сандарда)
Илим эки оттун ортосунда калгандай абалда эле. Бир жагынан Айдайдын курсагы чоңоюп келе жаткан, бир аз убакыт өткөндө эл анын кош бойлуу экенин билип калат. Айдай деген жылдыз да. Аркасында ээрчиген күйөрмандары, баскан-турганын карап турган эл бар. Кыргыздын эң таанымал ырчысы, көп ырчылардын устаты. Эгерде анын кош бойлуу экени билинип кала турган болсо, пресса жөн койбойт. Бул соттун жүрүшүнө түздөн-түз таасир берет. Ошондуктан элге экөөнүн мамилесин ачыктап, эртерээк "баланын атасы менмин" деши керек. Бирок бул дагы опурталдуу нерсе. Аялы! Мындай бейжай аялды ким көргөн? Аны эч ким токтото албай турганын да билет. Анын Айдайдын карьерасына, Илимдин жашоосуна баш оорутуп отурчу түрү жок. Эгерде ал каалагандай болбосо, анык будуң-чаңды ошол салат. Ага ажырашалы деп айтыш мина катылган жерге бут коюу менен барабар эле. Айдай муну билбей коймок беле? Жердин түбүндө жылан кыбыраганын сезген кыраакы аял. Ошол үчүн да Илимге эч нерсе дебей күтүп жатат. Күтүп жатат азырынча... Бирок ал дагы "бир чечимге кел" дей турган күн алыс эмес. Баары бир убакка топтолуп калганын...
Оор ойлорго берилип кеткен Илим чайды автоматтык түрдө ичип жатты. Маңдайында турган аялы аны карап койду.
– Эй, сага эмне болгон?
– Эмне болуптур?
– Мурун эле араң иштеген башың бар эле, бул аптап такыр эле акылыңды алып койгон окшойт. Бир чайнек чай ичтиң. Ой баскан бойдон эле ууртап жатасың. Маңдайыңда ким чай куюп берип жатканы менен деле ишиң жок. Башыңдын баарын аягы жок ойлор ээлеп алыптыр. Кудай урбадыбы, өзүңө келсең боло...
– Чайды көп ичсем, демек, суусадым да,- деп бурк этти Илим.
– Суусадым дечи,- деди аялы мыскылдай жылмая.
– Ооба, чарчадым. Чайыңа рахмат, кой, бөлмөмө кеттим.
– Коё тур, бөлмөң жок мындан ары...
– Ии? Кандайча?
– Көк жыттанып кетиптир, баарын алып чыгып бөлмөңдүн шыбагын сыйрытып салдым. Эртеңдеп баштап оңдоп-түзөгөнгө усталар келет.
Илим ишенбей бөлмөсүнө бет алды. Чын экен, баарын чыгырып салыптыр. Жаны кашайып кетти.
– Сен бир ооз сурап койсоң болобу?! Кайда менин иш кагаздарым?! Мага керектүү нерсенин баарын баш аламан чачыпсың. Менин бөлмөмө тийишпе деп канча жылдан бери айтып келем. Каргыш алгырдыкы, бул килейген үйдү мен салдым эле, азыр бир кенедей бурчуна ээ эмесмин. Эмне деген жашоо бул?
– Баары менин бөлмөмдө...- деди аялы мыскылдуу.
– Эмне-е?
– Эл көзүнө биз аял-күйөө эмеспизби, менин бөлмөмө киргизип койдум. Эмне болуптур эми?.. Баарын жыйнадым, эч нерсең жоголгон жок. Анчалык жинденбе.
Илим шалак этип отуруп калды. Бул аялды эмне кылса болот? Канчалаган жылдар бою алар бир чатырдын алдында жашаганы менен, эрди-катын болбой калганын өзү сонун билет. Эми эмнеге мындай трюктарды көргөзүп жатат?
– Эмне керек сага?
– Сени жеп албайм, жата бер жанымда...- деди аялы бурк эте.
– Мен жаныңда жатмак тургай, ал бөлмөгө баш бакпай турганымды жакшы билесиң. Эң жакын досум менен көзүмө чөп салган күндөн тартып сен мага аял эмессиң дегем. Мен балдарым үчүн гана ушунча жылдан бери бир чатырдын алдында жашап жатам.
– Ооба, сен периштесиң!- деди аялы анын көзүн карабай.
– Жок, периште эмесмин мен. Балким, сеникинен да көп күнөөм бардыр. Ошол үчүн жайыма койчу мени, ажырашалы деп канчадан бери айтып келе жатам?..
– Ха, эч качан ажырашпайм мен! Ушул жашта кайдагы ажырашуу?
– Алтымыш жашта деле ажырашып жатышат, биз дегеле аял-күйөө эмеспиз. Тынч эле эки жакка кетели. Мен сени күнөөлөбөйм. Болгону мага тынч ажырашуу керек. Суранам сенден, ажырашалы!
– Тигиниңди соттон куткарып алып, эми үйлөнөлү деп жатасыңар анан...
– Эми эмне деп айтып түшүндүрөм сага?- деп күйүп кетти Илим.
– Мага эч нерсе дебей эле кой. Акмак эмесмин мен, түшүнөм баарын... Жаздык, төшөгүңдү алып уулуңдун бөлмөсүнө жата бер. Ал Ысык-Көлгө кетти. Келбейт экен бир жума...
Илим аргасыздан жаздыктарын көтөрүп уулунун бөлмөсүнө кетти. Аял шак эте стулга отура калды. Ыйлагысы келди, бирок көз жашы деле калбагандай. Жүрөк байкуш деле кургап калгандай. Жашоодогу бир катасы үчүн өмүр бою жазаланды. Мындан көрө ажырышып, эки жакка кетип калышса жакшы болмок беле... Бирок ал Илимди сүйөт да. Куду биринчи көргөн күндөгүдөй сүйөт. Көзүнө чөп салганы – ага өчөшкөндүктөн, Илим мени мындан да катуу сүйсүн, кызгансын деген сокур кыялдан улам эле да. Аны жоготуп аларын кайдан билди. Анын үстүнө ал жылдар кандай жылдар эле. Оор жылдар болчу. Ал дагы кимдир бирөө үчүн сүйүктүү болгусу келген. Азыр аны айтып не, айтпады не. Канча жылдан бери жазасын тартып келе жатат. Бирок Илимди коё бербейт. Мейли, ушундай муздак мамиле кылып жашай берсин. Жок дегенде күндө, болбоду дегенде бир жумада бир көрөт. Эгерде ажырашып кетишсе, аны таптакыр көрбөй калары ырас. Анда кантип жашайт? Ошол учурда эшиктен кызы кирип калды. Ал атасы менен апасынын сөзүн угуп турган эле.
– Балким, аны коё бериш керектир, апа?- деди акырын гана.
– Ия?
– Атамды дейм, коё бериштин убагы келди окшойт.
– Жок!
– Өзүңдү кыйнап жатасың, апа, жөн эле. Көк беттене бергенде эмне? Биз чоңойдук, жашоону түшүнүп калдык. Мен турмушка чыктым, балалуу болдум. Азыр баарын түшүнөм. Атам аябай жакшы адам, ал бактылуу болсун. Уулуңар да чоңойду, эми экөөңдүн тең өз жашооңор менен жашашыңарга кезек келди. Мен сени кандай жакшы көрсөм, атамды да ошондой жакшы көрөм. Бирок билип турам, экөөң тең бактысызсыңар. Менимче, аны коё берген туура.
– Сен эмнени билесиң?
– Мен сенин атамды кандай сүйөрүңдү билем. Бирок сүйгөн учурда да коё бергенди билиш керек, апа. Сен өзүңдү түрмөгө камап алып эле чыкпай жаткандайсың. Өзүңдү коё бер...
Аял кызын кучактап калды. Мына, кечээ эле булар кичине эле. Азыр акыл айтканга жарап калды. Өмүр өтө берет тура.
– Сен ыйлап жатасыңбы?
– Жок, кызым. Сенин кандай акылдуу аял болгонуңду көрүп сүйүнүп жатам. Сендей курагымда менин кымындай да акылым жок эле...
ххх
Айдай ичин сылай берди. Азырынча боюндагы баланын жынысын биле элек. Бирок кыз экенин сезип жатат. Бактылуу жылмайып алды. Көп жылдан кийин ага кайрадан эне болуу бактысы туш келди. Демек, Жараткан аны кечирди. Уулун тапты. Илимди жолуктурду, эми кызын күтүп алат. Жаман окуялар да болду, сыноолор болду. Ошентсе да...
Аны таттуу ойлордон алаксыткан сахналашы болду.
– Айдай, сен кандайсың? Такыр эле көрүнбөй кеттиң го. Карачы, арыктап кеткениңди. Сен ойлонбо эми, өткөн өттү. Ал киши өзү эле ошондой чырдуу неме тура. Экинчи аялынан да уулдары бар экен деп уктум.
Булар ушундай, акырын талуу жерлерди мээлеп урганды жакшы билишет. Айдай аларга жем болуп калчулардан эмес. Айдай жадырай жылмая берди...
(Уландысы кийинки санда)